ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кудай кошкон кудалар түгүл тоо кубанган ал тойдо эки жашка касын тигип, каргаша ташын канжар кылып каткандар чыкты. Күйөө бала күн алдында теңдеши жок мерген экен, өзүнчө түтүн булатса журт башы болмоюн эли чечип коюптур, анысы ал болгондо иш бүтмөйү каяктан, Жаратканы жарашыктуу өң берип, келбетсынын келиштирип коюптур. Жек көргөндөр ушинтишти, жең ичинен сүйлөшүп, кылмергенге кыямат жайды көргөзүп, кара көзүн кашайтмакка кара түндү калыс кармап касам ичишти.
Дилкаралар касамын агадилдер билсечи да, актык менен каралыктын калысы жалгыз өлүм болсун деп эл үчүн жана жер үчүн, андан калса кызыкчылык керекпи, кызыгы кыздай кылыктуу бийлик үчүн, жоругу жолдо жоголгур жоолашкан кара ниеттер, эң кур дегенде жандүйнөнүн курмандыгы үчүн жандарын кыя ачыкка чыга кармашса боло. Адамзаттын арамдыгынын түгөнөр чеги бул дүйнөдө болобу?..
Кастык иш карында жатып жетилет да, касташканга канжар болуп сайылат. Эки жашка бак айтылып, ак тилектер ай нурундай төгүлүп жаткан ак тойдо арамдык менен кас саноо аксанатай адамдарга жашынып, тигилерге айтылар ажал огу болуп жатканын ким билиптир, Кудай ай! «Адамдардын ошол ишин күн билсе, чыдай албай өчүп калмак асмандан». – Муну акындар кийин шунтип ырдамак. «Булут билсе адамдардын ал ишин, ушул тойду өткөртүү үчүн башка, таза талаага, көз ачырбай нөшөр төкмөк токтобой». Дагы акындар кийин шунтип ырдамак. Жана да алар арылбас арман кылгандай бу дүйнөдө адам болуш эң кыйын да, бу жалганда айбан болуш эң оңой! Кандай гана улуу сөз!
– Укмуш айтылыптыр, Арсен!
– Ак тилектер ыр болуп, ант бергендер сыр болуп турган саатта «дайра билсе адамдардын ал ишин, тоону көздөй күр-шар түшүп агат эле тескери». – Кайра да кайран акындар зар какшап шунтип ырдамак. Анткени мындай уюшма кара кастыкка табигат каршы тик турмак.
Ооба, бул ушундай болгон иш экен. Кудай кошкон кудаларды кубанычка бөлөгөн кыз кайындамай үлпөтү ошентип үч кылым бою айтылар шаан-шөкөт менен өтөт, ата арбагы ыраазы болсун, эки жашты ар убак колдосун дешип бүбү-бакшы, көзү ачык олуялардын өзгөчө каадасына да жол беришет. Айтор, бүт бардыгы кыз-жигиттин көңүлү, ак никеден аскар тоо болор бактысы үчүн жасалат. Андан кийин салтанат өзүнүн саатын өзү алат да, кызык оюн кыз куумайы башталат. Ошо кезде дүйнө түгөл кыз тоюна келет; көктөгү күн сулуу кыздай жылмайып, мээримин төгүп мемиреп тиет, түркүн гүл жытын аңкыткан, түркүн чөп бүрүн тазарткан жамгыр аларга жаабай, алардын айлана-тегерегине себелеп сезим сергитип кетет, тулаңын бассаң тура калып буттарыңдан кучактап, туугандашкан эки элдин көңүлүн көккө көтөрүп турат.
Кыз-күйөөгө ат мыктысы тандалат. Ат туягы аларга ат жалынан бакыт берет, же бербейт. Кыз куумайдын абалтан берки салты ошол. Жебедей сызган күлүктөгү сулууга аткан ок болуп жетип, ат үстүнөн кучактай калып өбөр иш кыз кууган жигит милдети. Айтор, бул тамаша менен жарп жазар оюн эмес, ат жалындагы тагдыр менен бакыт.
Ана, күткөн элдин алдына күндү уялткан кыз чыкты, андан кийин кабылан сүрдүү куш мүчө, сырттан келбет кылмерген жигит чыгат. Кыз келбети кеп билбейт, атка отурганы да, өзүн кармай алганы да, өңгөдө жок өң-түсү да жарашат, жылдыз менен булуттун бир түнүнөн бүткөндөй экен. Көргөндөр кирпик кага албай, өздөрүн өзү таба албай кадоодой катты. «Жан аябай жакшы чап! Жеткирчү болсоң көрөсүң! Жеткирбегин, эркектер биздин ким экенибизди билишсин!» – Кыздын курбулары жабалактап жатышты. Мындайда эркектер тынчып калчубу: «Узатпай жет! Жетпей калсаң шылдың гана болосуң!» – дешти демитип. А думана менен бакшылар оюнга түшүп, алка-шалка кетишип, ач добулбас кагышып, жарданган элди жандантып, тулпарларды ооздук чайнап элиртти.
Карыялар жапырт бата берген соң кыз куумайы башталды. Кыз бир топ алдыда, көз жеткис жашыл түздүктү ак жарык болуп как жарып барат. Артынан аскага көктөн бой урган бүркүттөй сызып жигити барат. Кыз куумайдын жетер марасы өзөндөгү кечмелик. Караң калгыр кечмелик ордунда турбай ок болуп буларга келет жакындап! Артынан түшкөн ак жарыкка жетер бекен, ат үстүнөн ал экөө бир денеге айланып кетер бекен?.. Жетпей калса жигитке кыз кайрылып марадан алдынан тосуп чыгат да, жеңүүчү катары тигинин көңүлүн алып бетинен өбөт. Оюндун шарты ушундай, а бирок ар дайыма кыз куугандар марага чейин жетишет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.