ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
VI
Арадан эки күн өткөн соң, Арсен Саманчин «Нивасын» айдап жолго чыккан. Анткени ханзадалардын келишине саналуу гана күндөр калган. Ырас, эмираттык Хасан менен кувейттик Мисир ханзадалардын урматтап толук айта турган узун аттарын жаңылбай жаттап, таптак айтуу кыйынга тура турган. Ошондуктан аларды кыргызчасынан ханзада Хасан, ханзада Мисир десе деле жараша бермек. Ошентип чечкен. Мына эми, алыстан келчү ардактуу ханзадаларга кызмат кылуу үчүн ал туулган жерине, Теңир-Тоо тоо кыркаларынын өтөк-өндүрүнөн орун алган Туюк-Жар тоолоруна бараткан.
Ооба, баш-аягы беш саат тынбай жол жүрмөк. Машинаны айдаганды үйрөнүп алгандан бери далай ирет каттаган, бурулушу тургай ташынан бери тааныш. Басар жолдун жарымы асфальтталган, калганы таш жол, тоолордун боору менен тик кыялап өтчү, ошондуктан ал, сөөгү менен кошо кетчү баягы адаты да, ар дайым сапар алганда өзүн өзү сыноого салып барчу. Анын үстүнө «Нивасынын» жүрүшү жакшы болчу, алыска чыккан кезде жолдо кала элек, болгону жанагы чет өлкөнүн кумурскадай жайнаган көз кызарткан машиналарынын арасында өткөн кездин табылгыс таберигиндей көрүнүп турчу.
Ал азыр шаар четиндеги буйтка көчө менен бүтө элек курулуштарды жандай, чыгыш жак менен баратат. Аздан соң бу жол бактарды, кыштактарды, анан мурдагы колхоздор менен совхоздордун талааларын кесип өтөт. Андан ары көк тиреген Тянь-Шань кырка тоолорун көздөй бөксөлөп кеткен ээн талаага келет. Ошо күн төгүлгөн талаадагы аптап тебелеген жол Арсен ойлогондой эл аралык деңгээлдеги аңчылык өтө турган, кабылан-жолборстордун жомоктогудай мекенине айланган, дүйнөнүн бир да жеринен кездешпеген, жалгыз гана Үзөңгүлөш тоолорун байыр кылган мөңгү барстарына, өзүнө жакындатып айтканда, Туюк-Жар айылына алып барат. Айылы аны алыстан эле көрөт да, ошо замат айылы бак-дарагын баскыла деп жетелеп алдынан тосуп чыгат. Дайыма ушундай, бу турмушта не болбойт, бирде үйлөнүү тоюна, бирде үй тоюна, кээде сөөк коюуга, айтор, жакшылык менен жамандыкка ушул «Нивасын» минип келет да, кайра келиш үчүн кетип турат. Ушу барышында ал бир тууган эжесиникине токтогону турат, анын да себеби бар. Жездеси темирге жан киргизген уста эле, азыр узанбай калган, аны менен тапканың талканга да жетпейт, бу турмушуң кабырга санап турганда алар үйүн улаганга кар болуп, көптөн бери кайдан канат-бутак табылар экен деп жүрүшөт, анткени уулу Өскөн үйлөнгөнү жатат, анан Арсен бараткан иш Кудайдын парманы менен оңунан чыгып калса, анда аларга жардам бериш керек. Ошентет, чымчыгын улар кылып, унутулгус иш жасайт. Ошону ойлоп баратыр.
Ырас, анын үстүнө бу мертебе ал өтө өзгөчө, дегеле мурда болбогон иш менен, өзүнүн карачечекей тууганы, эл-журтка кадыры өткөн белгилүү аңчы-бизнесмен Бектур Саманчиндин чакыруусуна тилмеч катары макул болуп, биринчи жолу көз карандысыз, эркин журналист иретинде бара жатат. Ошентсе анын макул болгонун жердештери түз эле кабыл алышат, агасы чакырып жатса эмне экен, асмандан түшө турган додо-додо доллардан ким эле алгысы, жөн эле эмес, мандай тери менен иштеп, өз үлүшүн алгысы келбесин. Мындайдан кай келесоо баш тартмак. Ошону айтсаң, араб мергендеринин чөнтөгүнөн, тагыраак айтканда, кароолго илинген мөңгү барстарынан жайнаган жашыл акча чыгып жатса... Азыр жырткыч дегениң базар казанын кайнатып жатпайбы. Ушу барстар болбосо ханзадалар бул жакка тиги жер түбүнөн эмнеге келмек эле да, төө көтөргүс акчаларын каякка чачмак эле?! Мындайда иш кылган ар бир адам белине түйбөсө да, чөнтөгүнө акча салып кетет. Ооба, ушундай болот.
Эсеби жок акча сайылган кумардай иште кимдин дил-оюнда эмне бар экенин эч кимдин ойлогусу келбейт. Менде гана болсун, башкалардын короосунда коргол дагы болбосун дегендей, ар ким өз арбайын согот. Ошондуктан Арсен Саманчиндин эмне үчүн тилмеч болгонун сүрүштүрүүгө эч кимдин деле иши жок. Бул жагы мына ушундай.
Бурулуш-буйтка жерлерде гана ылдамдыгын азайтпаса ал жакшы эле айдап келатты, жанагыл жүк тарткан машиналарды кытай машиналары деп коюшат, алар бу жолдо ыйлап келишет, ошолордун жанынан өткөн сайын өзүнөн өзү жеңилдеп, кандайдыр бир жүктөн бошонгонсуп терең дем алып алат да, анан ал ушуларды көрүп туруп кандай жашоо керек, эмне кылуу зарыл деп ойлоно берди. Ушул эле болсо жарасы жеңил эле го, эне сүтү менен жаралган адаты алыс жолдо калчубу, көкүрөктө күйгөн, көңүлдү эзген көйгөй ойлор менен алпурушуп баратты. Бу маңдайга жазгандын жообу болорбу деген ой азабына эзилип, ал деги өзү эмне, кайдан чыккан, кайдан бүтөт деп кайгыра берди. Анан ал мээсине мыктай кадалган баягыл өч алуунун өртүнө түшүп, чагарак куйрук чаяндай касын, анан өзүн өзү өлтүрүүнү көгөрө көксөй берди. Чегине турган, жазыла турган түрү жок, кекенгени кек алдырып тынчудай. Анткен менен ал ушуларга бушайман болуп жатып, өзүнөн өзү бошоно албай, кандайча кайкы мээ болуп калганына түшүнө албай, ажырыктын тамырындай бу санаага туткундалганына дилинен кылдай каршылык таба албай, руханий байлыгынын кутун учуруп алганына айран-таң болуп баратты. «Башкалар үчүн жанын да аябаган адам элем. Азырчы? Кудай безери болуп кеттим го? деп түйшөлүп алды. Өчкөн от болгон өч алуу дегенди кайрадан жаратып алдым, базар идеологиясы мени итке ыргытар сөөк кылды... Социалисттик башкаруудан базар үстөмдүгүнө туш келдик, мунун мыйзамына макул болбосоң сурап-тескеп отурбайт, өлтүрөт. Турмуш закону ушундайбы, анда мени өлтүрөт деп отура бербе, андан мурда озунуп өлтүр. Базар жашоосунун суроосуна жалгыз гана жооп ушул. Ал өзүн өзү ушинтип жемелеп, өзүнө өзү акыл, шылдың айтканы менен карайган дилин агартып күнөө-айыбын моюнуна алган жок, суроого жалгыз гана жооп болот, ушул туптуура деди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.