ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Бир тарабын өндүр талашкан ээн талаа мейкининде Кудай унуткан дал өзүндөй безерлер менен жана да Кудайды унуткан дагы өзүндөй макулуктар топтолушкан шири кийгизме жерден улам алыстап, анан эң башкысы жансерек маданияттын темир түрмөсүнө Айданасын азгырып алып кетип, ага жеткирбей койгон карадил шаарды бир эмес үч мертебе каргыш алсын деп, андан качкан адамдай куйругун түйүп баратты. Анткен менен шаар аны өзү ойлогондой таптакыр коё берген жок, улам кайра чөнтөк телефон аркылуу кууп жетип, бир нерселерди сурап тынчын ала берди. Мындай учурларда ал жол жээгине токтоп, жайынча шашпай жооп берип жатты. Антпесе болбойт эле, шаардан телефон чалгандардын көпчүлүгү редакциялардан эле, макулдашкан макала-маектер жөнүндө, аларды качан алып келери туурасында болду. Аларды кантмек, кийинкиге жылдыртты, шартына түшүнбөгөн, телеберүүнүн программасын түзүп жаткан өжөр редакторлор күйүп жатышканын айтышып, кыйла кыжың-мужуң болушту. Аларга үч жумага чейин шаарга келбесин айтып, айтор, калаанын капканынан араң бошонду. Чөнтөк телефону аны дагы бир ирет токтотту, антпесе болчудай эмес, мунусу талаш чыгарчудай түрү бар, экинчиден, тикеден-тике өзүнө тиешеси бар экен. Арсен Саманчин басма сөз менен теледе коомдун көйгөйлүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлерине, айтылган сындарга карата өз көз карашын, далилдүү аргументтерин билдирип келчү, талаш-тартыш болчу. Азыр да ошондой кырдаал түзүлдү. Жеринен болгондо иш башка эле, эми минтип сапар үстүндө, телефон аркылуу пикир алмашууга туура келди. Арга жок, машинасын жол четине токтотту да, «Новый путь» гезитинин башкы редактору Кумаш Байсалов экен, ачык сүйлөштү. Кумаш өз киши, өз дегени ушул, ал экөөнү далайдан бери журналисттик иш байланыштырып келет.
– Эмне мынча шашылыш, Кумаш? – Арсен туталана үн катты. – Мен деген жолдомун, сага айтпадым беле? Кайра келем, ошондо сүйлөшөбүз.
– Арсен, мен сени түшүнүп турам, сени билип кой деп жатам, баягы медиафорумдагы конференцияда сүйлөгөнүң эсиңдеби? Ошол боюнча.
– Эсимде эмей.
– Эсиңде болсо ошондогу сөзүң боюнча биздин дин кызматкерлери ачык кат менен кайрылышыптыр. Мусулманы да, христианы да, баптисти да, айтор, баары бар. Мен сага айтпадым беле, Арсен, – сен дайыма аша чаап, аарынын уюгун козгоп сүйлөйсүң деп. Ошондой болду.
– Аларга эмне жакпай жатыптыр? Башта аларың бирин бири колдомок түгүл кол алышчу эмес эле, эми аларды кайсыл Кудай бир тууган кылып ийиптир?
– Сен да эл алдында Кудайды тандың, Жаратканды да өз «Сөзүңө» көз каранды кылып койдуң. Тигилер ушинтип элге жарыя айтты, Кудайга шек келтирди деп жазышыптыр.
– Бул эмнеси экен? Дөөдүрөшкөн го? Менин сөзүмө көз каранды болуп калса анын эмнеси Жараткан? Келжирешет!
– Жөн эле билмексен боло бересиңби, Арсен. Сен бүт бардыгын билесиң. Алар сени бул менин байкабай жаңылганым эмес, чындыкты атайылап бурмалап бузганым деп гезит аркылуу кечирим сурасын деп жазып жатышат.
– Чындыкты качан бурмалаптырмын?
– Алматыдагы медиафорумда чыгып сүйлөгөн сөзүңчү?!
– Аа, эстеп жатам. Май айында беле?
– Ооба, майдын аягында, 25инен 27сине чейин...
– Анан эмне болду?
– Угуп тур, алардын катынын негизги жерин сага окуп берейин.
– Окусаң оку.
– Азыр. Телефонуң отуруп калбайбы?
– Кам санаба.
– Анда окуймун, жакшылап ук: «Биз, дүйнө элдеринин жергиликтүү диний борборлорунун өкүлдөрү, белгилүү журналист Арсен Саманчиндин көз карашын талкуулап чыгып, бир пикирге келдик жана ал боюнча өзүбүздүн кеңешип чечкен оюбузду билдиребиз. Анын «Евразия» медиафорумунда Кудайга акарат келтирип сүйлөгөнү бизди өтө нааразы кылды. Ал тарыхтын көчмөн мезгилине таандык, маани-маңызы көчмөн элдердики демиш болуп, «Сөздүн» философиясы жөнүндө мисал келтирди. Конференция да мындайга жол берди, мунун өзү атеизмден өткөн коркунучтуу көрүнүш». Угуп жатасыңбы?!
– Ооба, угуп жатам, угуп жатам.
– Мындан кийин сенин текстиңди келтиришет. Билесиңби, Арсен, конференцияда чыгып сүйлөгөндөрдү теледен беришкен. Мен окуп берейин, сен мындай деп айтыптырсың, булар шилтеме кылышыптыр: «Азыркы массалык маалымат каражаттардын жер жүзүндөгү теңдешсиз маанисине өзгөчө мамиле жасоо, аны туура түшүнүү керек. Ошондуктан мен доордун калыптанып келе жаткан маалымат мейкиндигинин бүгүнкү күндүн талабына ылайык маанисин жана жоопкерчилигин гана эске албастан, өткөн замандын көчмөн философторунан мураска калган түшүнүк катары сөздүн ар тараптуу маанисин, түпкү маңызын аңдап сезүү үчүн эзелтен калган элдик метафораларга кайрылгым келет. Ушул өңүттөн караганда, мен дүйнө диндеринин үстөмдүк кылып жаткан жоболорунан алда канча мурда айтылган, көчмөндүк мезгилге чейин эле кыргыз-казак поэзиясынан орун алган бир накыл сөздү келтирейин: «Көк асманда Улуу Сөз бир Кудайды кайтарат да, Сөз Ай-Ааламдын сүтүн саап, ошол сүт менен адамдарды укумдан-тукумга багат. Ошондуктан Сөздөн тышкары, Сөз чегинен сырткары Кудай дагы, Аалам дагы жок, жана да ушул жарык дүйнөдө Сөз күчүнөн ашкан күч да, дагы жалган дүйнөдө Улуу Сөздүн алоо кызыл жалыны менен ашып-ташкан күчүнөн күчтүү жалын да жок». Бул ошо кездеги көчмөн элдин ойчул философтору менен бу дүйнөнү ат жалынан караган төкмө-ырчылардын акылынан жаралган накыл ой.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.