ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Бу да болсо маңдайга жазылган иш, ал ойлордон арылуу ага тозоктун торундай туюлду. А балким, бул да тагдырдыр?.. Ооба, жол жүргөнүнө төрт сааттай болуп калды, тааныш, бала чактан бери канына сиңген, киндик кан тамган жери көз алдына жакындап, анын ой туманы баскан аза бою Туюк-Жар айылынын деминен улам жеңилдей баштады. Бир саат калды, андан соң айылына кирип барат. Ошентсе да ушул азыр, канчалык андан алыстаган сайын, унутула баштаган балалыгына жакындаган сайын эмнегедир улам кайра Айданага жолугууну самап, аны менен баштагыдай эзилише баарлашууну каалап баратты. Анысы аз келгенсип, аны бир-эки күн болсо да Туюк-Жарга өзү менен кошо келсе, сейрек машинага айланып бараткан Арсендин «Нивасына» отуруп алса, ал ага кайда жана эмне үчүн айылына баратканын жол бою божурап айтып берсе деп кыялданды. Эмнеге антти, өзү да биле албады. Анткени ал жолго чыгар алдында ага телефон чалган, анын «алло» деген үнүн уга албасына көзү жетип турса да ошенткен. Жүрөккө жетип бойду алган үндү, бир убакта угуп жатып кайра угууну эңсеген үндү уга албаган. Ошондой болмок, тигиниси азыр супер-тагдырда, супер-шоумендин кареги кадалып бапестелген тагдырда, ал тагдыр, ал турмуш ал экөөнү үн алыштырмак беле! Ошону айтсаң, ал аны менен кыялы менен гана, самандай сапырылган санаасы менен гана сүйлөшө алат. Андан башка ага айтар сөз да, аны көздөй басар жол да жок. Азыр ошентип туру.

...Айдана ийинине ийинин жөлөп, ай нурундай бети тамылжып, бул дүйнөдө ал гана жападан жалгыз бактылуу болуп жанында отурду. Бу дүйнөдө ал гана, Арсен Саманчин да эмес, Арсен Саманчин үчүн ал гана бактылуу болчу. Ал көз кыйыгы менен аны карап келатты, ал чын эле бактылуу да, чын эле сулуу да болчу.

Ооба, бу дүйнөгө аял болуп жаралган соң сулуу жана бактылуу болбой койгондор, күйөөсү күндө мээсин жеп, күйөөсү күндө күйгүзүп тургандар, Жаратканды алдагандар, алар өз сулуулугун, өз бактысын табышы керек. Алардын таалайы маңдайында ыйлап турат. А Айа болсо табиятынан сулуу, бою да, дене түзүлүшү да, айтор, сымбаты сыртына чыккан, карлыгач канат кашына жарашкан карагаттай көзү моймолжуп, ар дайыма жылдыздай жанып турчу. Баарынан да Арсенге анын коюу, далысынан ылдый төгүлгөн чачы жакчу. Канча жолу жыттап, канча жолу сылабады. Көздөрү күлүп, жүзүнө кызгылтым нур толкуй калчу. Ал эми үнүчү! Айта көрбө, таң атар алдындагы кулак кескен жымжырттыкта чыккан жылаажын добуш. Жалгыз гана Айага, ооба, жалгыз дүйнөдө жалгыз гана Айага ушундай үн бергени үчүн Кудайга ыракмат айтуу керек. Туурабы, Айа, туура деп койчу! А бирок мен сага түшүнөм, өзүмдү күнөөлөйм, негедир өзүмчө кемсинем... Неге антеримди да билбейм. Балким, сен... Ооба, сен бирде тигинде, бирде мында коюлчу диск катары пайдаланылып, акча тапкыч шылуундардын, шоумендердин колуна түшүп кеттиң да. А мени болсо... айталбайм, жалдырак деп жалдыратып жолго таштап кеттиң го. Мунун баарын ыңгайы келгенде кийин айтамын.

– Токто! Сен кайда? – Рулдагы Арс чочуп кетти, анткени анын жанында Айа жок болчу.

Тууган-урук деген негизинен ушул айылда, бир тууган эжеси, уста жездеси, жээн-таяке, ини-карындаш, эки ата, үч ата өтүшкөн туугандар, айтор, ошолордун баары, айрыкча кан жолду карап, саат, мүнөтүн санап Бектур аганын өзү күтүп отуру. Убакыт деген ошондой, араб ханзадалары беш күндөн кийин, 17-июлда, саат 17де өздөрүнүн менчик самолёту менен ОлуяАтага келет. Ал маселенин бүт бардыгы, кетерине чейин аэропорт кызматы интернет аркылуу макулдашылган. Самолёт жана анын экипажы ушул жерде, Бектур Саманчин айткан «аирпортто» болот, алар үчүн менчик самолёт деген сенин алдагы «Ниваңдай» эле. Кыскасы, Бектур аганын бизнес-планында кыбыр эткендин бүт бардыгы бар. Ушуларды ойлоп баратып кайрадан Айасы жанында отуруп калды. Кызык, ал ушинтип элестеткенди эмнегедир жакшы көрөт.

– Кайда баратасың, Арс? – деп сурады анысы.

– Ой, кечирип кой, Айа, – деди мунусу рулду тегерете. – Мен сага телефон чалып ала албай койбодумбу. О-хо! Сен баягы көйнөгүңдү кийген турбайсыңбы, эсиңдеби, Хайдельбергдин сейилбагы, сага ушунуң аябай жарашат.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.