ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Билем, ошол үчүн сактап жүрөм да. Атайы сен үчүн кийип чыктым, Арс.
– Кайда дейсиң да, көрбөй жатасыңбы, тигил жакка баратабыз. Келгин, тамашасы жок сүйлөшүп алалы, бир нерсе кылыш керек?! – Арсендин үнү башкача чыкты.
– Сүйлөшсө сүйлөшөлү.
– Анда мындай, эстеп койгунуң, ойлонбосоң иш жаман болуп калышы мүмкүн. Сенин жашооңо тиешеси жок, бирок...
– Эмне бирок? Сага тиешелүүбү?
– Мага эле эмес.
– Анда эмне? Айтпайсыңбы?
– Билесиңби, Айа, сен акылдуу, сулуу, күчтүү аялсың. Кудай сага бүт баарын берген, ырдасын деп эч кимде жок үн берген. А бирок сен Кудайдын бул жакшылыгын актап жатасыңбы?! Жок! Азыр сен Бизнес-Кудайды Кудай кылып алгансың, аныңдын аты Эрташ Курчал! Курчал-Мурчал! Каргыш алсын ошону. Ал жөн эле семирген чанач бай эмес, ал деген шоумендин кементайын кийип алган азезил. Ал өзүнө иштебегендерди жеп ийчүдөй жек көрөт. Муруну менен жер казган чочко.
– Койчу, Арс, жолду кара!
– Кабатыр болбо, бүт баары жайында.
– Машинаны кыйын айдаймын деп сен бир жолу мактандың эле.
– Ошондой болсо ошондой да. Мен оюмду аягына чейин айтайын, сен жакшылап ук. «Байлык менен бийликке кутурган иттей жутунуу» деген макаламдын темасын окуп эле тигил жырткыч менин эмне деп жазганымды тумшугу менен сезиптир. Ал макала Москванын гезитине жарыяланган.
– Мен окуй элекмин. Ал макалада эч кимдин аты аталган эмес деп жүрүшөт го?
– Ооба, мен бирөөнү жаманатты кылайын деген эмесмин. Кептин баары ошо аталбаганында болуп жатпайбы. Сөз негизинен байлыкка ээ болуунун оорусу жана бийликке жетүүнүн кошоматчылыгы жөнүндө болгон. Автордук подтекст ушундай. Бийликти жакшы көргөн адамга баары бир, түз жетүү да, аны сатып алуу да ага бирдей. Бийликке байлык абадай эле керек, ансыз дем алалбай калат, мен ушуну айткам. Азыр адам турмушу ушундай. Бийлик менен байлык бири-бирисиз жашай албайт, ал экөө бирин бири колдойт, бирин бири таяныч кылат, кимдир бирөө анын убайын көрөт, кимдир бирөө каргышын айтып кара жерди жазданат. Байлык аркылуу бийликке кызыл көз болуп кызыккандар, тескерисинче, бийликке жетип байлык деп башын ооруткандардын тилек-мүдөөсү ар кандай жол менен аткарылат. Ал эми тигил, биздин тигил немебиз менин макаламда өзүнүн көралбастыгы, кастык мамилесинин маани-маңызы ачык айтылып жаткандыгын дароо эле сезди. Башы бар көк мээ да.
– Ой, Арс, антпечи, сени дайыма эле лекция окутуп койсо... Андан көрү жолду кара.
– Коркпой эле кой. Сен жакында байлык менен бийликтин жаралганда эле жаны бир, бири-бирисиз жашай албаган эгиздер экенин көрүп көзүң ачылат.
– Сен эмне, дагы эле социализм деп жатасыңбы? Аны да көрбөдүк беле?
– Кеп ал жөнүндө эмес.
– Анан эмне жөнүндө?
– Сен экөөбүз базар Кудайына сыйынып, анын курмандыгы болуп калдык. Туурабы?
– Ооба, бүт баарын сен гана билесиң! Кыйнаба мени...
– Эмне унчукпай калдың? Капа болуп жатасыңбы?
– Ооба! Токтот машинаны! Болбосо секирип кетем. Болду! Мени тим эле жабышып калды деп ойлойсуңбу?! Сен бүт баарын билесиң. Менин жандүйнөмө канжар сайганыңды токтоткун. Айлам жок ушуга барганымды түшүнөсүң, карыган ата-энем жадегенде пенсия алышпайт. Жалгыз кызымды алар багып жатышат. Муну да жакшы билесиң. Кызымды башкаларга бергим келбейт, өзүмдүн болсо убактым жок, керээлден-кечке жиндилерче тытынып эстрадада жүрөм. Сен мага боор ооруп жатканыңды да билем. Кызкайып үчүн дагы эле күйүп, дагы эле кайгырып жүргөнүңдү түшүнөм. А бирок сен бу дүйнөдө жалгыз калган идеячыл болсоң мен эмне кылайын?! Жок, бизде эч нерсе жок!..
– Эмне жок. Сен эмнени айтып жатасың?
– Мындан ары көрүшпөйбүз, мен ошону айтып жатамын.
– Эмне үчүн көрүшпөйбүз?
– Сенин оюңча мен ошондой туругу жок болоюн, аны сага түшүндүрүп беремин. Сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка болгон турмуш деп өзүң деле күйүп-бышып жүрөсүң го. Ооба, ошондой. Сен жалгызсың, а тигинин бизнес-гареми бар, мен аерде жалгыз эмесмин, мендейлер толуп жатат, жүгүрүп жетпей жүргөндөр канча, акча, акча жүгүртүп, акча жүгүнтүп жатат. Эстрадалар менен «Лимузиндердин» ээси сага жакпайт, көрө да албайсың. Андан эмне чыкты? Аны мурда эч ким билчү эмес, азырчы! Азыр баары тааныйт, бүт бардыгы колунда. Ооматы ооп турат, түшүндүңбү. Бүттү анда!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.