ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Ооба, бардыгы бүттү, Айдана. Бүт баары сен айткандай. А бирок мен ага баш ийип бербейм, ойлобой эле койсун. Жакында сен бир нерсени билесиң, мен ошол үчүн жолдо баратам. Эмне болду? Сен кайда? Кайгырбай эле кой, сенде күнөө жок... Акча Кудайы болуп калган базар мезгили күнөөлүү. Эй, сен кайда? Кайдасың, Айа?..
Айдана кайып болгондой жок. Жанында жанаша отурган, а бул болсо ар нерсени айтып келаткан, а бирок жолдон көзүн алган эмес. Караса эле жок, машинадан секирип кеттиби? Көз ирмемде бар эле да, көз ирмемде жок калды. «Нивасын» токтото коюп, сыртка чыкты да, жолду карады, жан көрүнбөйт. Анан ал ошо замат баятан бери анын элеси менен сүйлөшүп келатканын шак эстеп, алаканы менен чекесин чаап, мыскылдуу жылмайып алды. Ошентип кайрадан жол улады. Өзүнөн өзү эле акылдан ажырап, дал Кемчонтойдун өзү болуп, жок киши менен бар кишидей сүйлөшүп келатканына айран-таң калды. Ооба, дил-оюнда ал өзү эки адамга айланып, дегеле ага мурда болбогондой мамиле жасап, баарлашып жатканы кызык болду. А балким, аны маң кылган махабат дарты менен кекиртегин кесе муунткан ыза-кусалыктын күн көргөзбөс күйүтү күчөй берип, акыл жөөлүтмө оорусуна башын байлап салгандыр. Айтор, ал аягы жок, башы жок, чеги менен чети жок мейкиндикти жара тилген жол үстүндө кете берди. Жанагыл элестетип сүйлөшүүлөр дилинде ойлонгону болсо да акылга сыйбас иш болчу, а бирок аны өзүнөн башка бир да жан билбегендиги Арсендин абийирин сактап калды. Ошонусу жакшы болду. Сөз бекер айтылбастыр, бу дүйнөдө элдешпей кек сактагандар тигил дүйнөдө бирин бири кечиришип, кыйбастардай кучакташып табышат деп жүрүшпөйбү, балким...
Ошентип Арсен Саманчин киндик каны тамган айылына жакындап калган эле. Туюк-Жардын өндүрү өр тартып отуруп тоолорго кетет, а айыл болсо ана, чатырлары шиферленип жабылган тааныш үйлөр, короолордун тосмолорунан бери көз кусасын кандырып, аны тосуп чыккандай ага жабыла жакындап келет. Толкунданып кубанып алды, кубанганда да жана жол бою жанын жанчыган баш тегеретме ойлордон кутулуп, анын баарын бир көргөн түштөй унутуп, көңүлү көгүчкөн канатындай шаттанып, дене-бою агарып аткан таң болуп келе жатты. Анткени ал жарым жылдан бери бул жерге келе элек эле. Колунда Кокон базары болбосо да, аны айыл сыйлайт, ошол үчүн жолдогу кыштактан май куюп, машинасын камбылдап алган.
Жол карап күтүп жатышкан. Ал короого кире бергенде эжеси Кадича менен жездеси Ормон көрө калып, алдынан тосуп чыгышты да, ай-буйга келбей кучакташып, ал-жай сурашып учурашты, уста жездесинен кызытылган темир менен дөөшү жыттанып турду. Эжеси байкуш жетине албай эреркегенден ыйлап да жиберди, анысынан да ит сатат деп ичинен түтөп намыстанган Ардакты, анын бала-чакасынан бери эбедейи эзилип сурап жиберди. Айтор, туугандары аны агынан жарылып тосуп алышты. Араб ханзадалары менен тартынбай сүйлөшө турган тилмеч Арсен экенин бүт баары билип алышыптыр. Мына, баарынан чый-пыйы чыга уйку качыра күткөн Бектур ага арадан беш мүнөт өтүпөтпөй өзү келди, антпесе болорбу, Арсенсиз анын колу чолок, тили жок болмогу турган иш го. Ошол үчүн минген атын ойдолотуп келип туру.
– Ой, Арсен, – деди каргылданган үнү менен, – сени аябай күтүп, эртеден кечке жол карап отурбадымбы, убагында келип калганың жакшы болду. Иш сүйлөшкөн боюнча жүрүп жатат, баары даяр. Меймандардан факс келиптир, мынакей, окуп чыгып которуп бересиң да, бүгүн эс ал, жол басып келдиң. Эртең башка да жумуш толтура.
Эжеси дасторконун белендеп турган экен, чайга отурушту да аны-муну акылдашып сүйлөштү. Ал ортодо кошуналар да учурашканы баш бакты. Балдар болсо жүгүрүп келип, «Ниваны» тегеректеп жүрүшөт. Ушу арада күтпөгөн да иш болду, Таштанафган деген классташы менен ойдо жок жерден көрүшүп, чер жазыша сүйлөштү. Анын чыныгы аты Таштанбек, армияга чакырылып, анан ошондон ары толук үч жыл Ооган согушунда болот, жеңил жараланат да, төшүнө орден тагынып, айылына алты саны аман келген. Ушундан улам айылдаштары аны Таштанафган, а үйүндөгүлөр болсо кыска гана Ташафган – жаны таштан жасалган деп эркелетип атап алышкан. Ооба, тоолук кыргыздардын турмушунда ат коюунун өзүнчө кызык салты бар. Темирбек, Темиркан, Темиркул деген аттар кеңири тараган, анда баланын жаны темирдей бек болсун, оору-сыркоо, жамандыктын алы жетпесин деген түшүнүк бар. Жаңы төрөлгөн балдарга ата-энелери күчтүү, чымыр чоңойсун деп ырымдап, тилек тилеп, ишеним байлап берилген аттар чын эле ошондой болот, алардын тагдыр-турмушуна белги-таасирин берет. Таштанбектин тагдыры да ошондой болду, дени сак, чымыр чоңойду, кийин балтыры каткан боз улан кезинде айылдагы балбандар менен күч сынашып жүрдү, андан Ооганстандын киши баспаган тоолорунда согушту, алтын башы аман келди, эли-журту, тели-теңтушу дегендер анын эсен-соо кайтканына сүйүнүшүп Таштанафган атап алышты, бир чети тагдырга ыраазылык болсо, экинчиден, анын өзүн сыйлап эркелеткендик, жакшы көргөндүк. Мунун тарыхы ушундай.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.