ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Арсен Саманчин экөө ары айылдаш, ары бир уруудан, классташ, айтор, балалыгы бир, ынак достор. Кийин алардын жолу бөлүнүп кетти, Арсендин студенттик жылдары Москва менен Ленинградда өттү, андан ары аны турмуш биротоло шаардык кылып салды. Таштанафгандын тагдыры андай болгон жок, оболу облустун борборундагы айыл чарба техникумунун агрономдук адистигин бүтүп жатканда аскерге чакырылды, жөө аскерлер бөлүгү менен Ооган согушун башынан кечирди, Горбачевдун мезгилиндеги аскерлерди чыгаруу кезинде, кудайга шүгүр эли менен эсендикте көрүштү. Колхоздо иштейин деп жатканда демократиялык реформа дегени жолдон чыгып, жер менчиктештирүүсүн жапырт жүргүзүп ийди. Ошондон бери Таштанафган эл катары өзүнө тийген үлүшүнүн аркасы менен өлбөстүн күнүн байлык көрүп жашоодо.

Арсен Саманчин классташы жөнүндө мурда минтип эстечи эмес, азыр неге ойлоп отуру? Бүт бардыгы эжесинин сөзүнөн чыккан. Инисинин келгенине жетине албай, анын үстүнө айылдагылар бул мертебе аны кандай күтүп жаткандыгын жан-алы калбай сүйүнө айткан:

– Сени жакындардын бардыгы күтүп жатышат, келдиби деген эле киши. Таштанафганды билесиң да, чогуу окубадыңар беле, ошо сени үч жолу келип сурады.

Ушинткен, айтор, аны асмандан түшкөндөй эле күтүп алышты. Бирде тигиниси менен, бирде мунусу менен сүйлөшүп, сурагандарына жооп берип, ал-жай сурашып дегендей жаны тынган жок. Бектур ага менен кошуналардан башка айылдаштары аны баштагыдай эле байке дебей, жаңыча, кызыгың кургур, «шеф» деп калышыптыр. Билбегени жок бизнес дегениң бу жерге да өзүн таанытып, кандай мамиле кылышты үйрөтө баштаптыр. Ооба, бүт дүйнөдө ушундай, ар бир бизнестин өзүнүн шефи болууга тийиш. Ошондо Таштанафган Бектур шефтен кийин учурашканы келген. Айткандарына караганда, булардын көрүшө элегине мына эки жылдын жүзү болуптур, сагыныша кучакташып, акыбал сурашты. Таштанафган шондо мындай деди:

– Шаарда силердин ар бириңердин телефонуңар бар, каалаган кезде сүйлөшө бересиңер. А биз телефон дегенди көрө да элекпиз, анын болоруна да ишенбейбиз. Дагы жакшы, Арсен, айылда электрдин болгону, Совет мезгилинде тартылган, ошол күн көргөзүп жатат. Жанагы чөнтөк телефон дегени шефтин өзүндө гана, анан эки жардамчысында да бар. Сен аларды билесиң, Бөрүбай менен Жанарбекти, мектепке чогуу барчу элек го?

– Билем, аларды кантип билбей калайын, – деди Арсен ага жылмая. – Чөнтөк телефонду болсо, араб ханзадаларын барстарга мергенчиликке алып чыксак, колуңа жакшы эле бирдеме тиер. Шеф Бектур ага экөөбүз бул ишти ийне-жибине чейин сүйлөшкөнбүз. Ошондо а киши барс айдакчыларынын башчысы деп сени айткан. Иш татаал, таштан-ташка секирип, аскаларга чыгыш керек. Барсыңдын башы жарылып, жүрөгү түшкүдөй ач айкырык салуу зарыл. Андай сапат, андай үн сенде бар. Оогандан топтогон тажрыйбаң мына ушу жерге керек. Бектур ага өткөндө сени оозунан түшүргөн жок, демек, маянаңа телефон эле эмес, самолёт сатып алсаң да жетет. Айтор, барстар буктурмага түшүп берсе болгону.

– Аны көрөбүз, – деди Таштанафган ийинин арсар куушуруп. – Кандай болор экен? Сүйлөшөбүз да. Бирок Арсен, кандай болгон күндө да бу мөңгү барстары биздеги өтө сейрек жаныбарлар. Ушулар жөнүндөгү жомокторду угуп чоңойбодукпу. А чөнтөк телефонуң шаарларда капкап болуп турса керек.

Сеники чын. – Арсен ага ичинен ийип макул болду. – Азыр алар бизге жомок эмес, өзүң көрүп жаткандай эл аралык чоң бизнес. Ошон үчүн барстарды араб мергендерге өзүң айдап келгени жатпайсыңбы.

– Чоң бизнеси чоң бизнес дечи.

– Шеф Бектур ага силерди беш адам деген. Аларга сени бригадир өңдүү баш-көз болот, алардын ар биринин алдында аты бар деп айткан. Ат үчүн да төлөнөт.

– Ал туура дечи. Бешөөбүздүн тең аттарыбыз тың. Алар аткарар иштер аз эле, илбирс менен барс жүргөн жерлерге ат жаныбар барчубу. Аскарын ак кар, жапсарын көк муз баскан тоолордо жөө-жалаңдап, өңүттөн-өңүт кубалап, шырп алдырбай, жыт бербей жүрүү керек. Ошентсе да аттар пайдаланылат, алар үчүн жарытпаган эле акы төлөгөнү жатат. Бизнес бизнес болгондон кийин үзөңгү боо үчүн да төлөнүш керек. Мейли эми, эртеге чейин. О'кей!

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.