ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Сүйлөй бер, анан унчугам.
– Анда мен эми бизде кандай курал бар экенин айтайын. Азыркы иште эң керектүүсү аткыч курал. Ошого басым жасадык. Мыктынын мыктысын камдадык. Жолборсту билесиң да, ага эч ким куралсыз барбайт, а мөңгү барсы деген андан да жаман. Ар кандай жырткычтар цирктерге үйрөтүлүп, ойноп жүрөт. А барс андайга багынбайт. Жердин бийик, таза жерин жайлашат, ошол үчүн териси баа, дүйнөнү кызыл көз кылган бизнеске айланып калды. Кудай аларды бизге бергенине ыракмат, ушундайбы? Эмнеге унчукпайсың? Мейли, унчукпай тура бер, мени келжиреп жатат деп ойлоп турасың да.Мындай кезде мүдүрүлбөш керек, кумурска мүдүрүлгөн, пил качып кеткен учурлар болот. Күлкүң келген жокпу, Арсен?
– Азырынча жок.
– Эми жанагы чириген байларды кайсыл жерден, кантип жана качан кармоо керектигин түшүндүрөйүн. Аңчылыкка керек деп Кувейттен үн күчөткүчтөрдү жиберишиптир. Телефон жетпейт, анан ошолор менен тоодон тоого сүйлөшүп турабыз. Ошону дагы кандай дечү эле, жанагыл демонстрацияларда сүйлөп жатышпайбы?
– Рупор.
– Жок, дагы башкача.
– Мегафон.
– Ии, ошол. Сага бирди беришет. Биздин ар бирибизде бар. Ат чаап баратып мегафон менен кыйкырабыз, аны тигилерге, тигилердикин бизге которуп айтып турасың. Барстар эч жерге жашына албай калат, кулактары тунуп, шайлары оойт. Муну эмне үчүн айтып жатам, жанагыл үчүн. Душманды кекиртектен алып жарга такаганда мындай-мындай кылбасаң көргүлүктү көрөсүң дегендей айтышчу эле го... Ошону келиштире айт, бардыгы сенин айтканыңа жараша болот. Кандай эле ошол сөз? – Арсен Саманчин ультиматум деген сөздү таздын башынан бит издеп таппай жатканын түшүндү, бирок айткысы келбей жатып айтты:
– Ультиматумбу?
– Ии, ультиматум. Унутуп калганымды карачы, тилимдин эле учунда турган. Биздин бир жаш ырчыбыз минтип ырдачу: «Минген атым Ультиматум, Алтын туяк султан атым. Баары мага таазим кылсын, Жаман менин курган ачуум», – деп уланта берчү. Жамак да, бирок мага «минген атым Ультиматум» дегени жагып калган. Муну жанагы ультиматум деген сөздөн улам айтып калдым. Эми тигилерди үңкүргө айдап кирип куралсыздандырабыз, анан аларды жылаңачтайбыз, кыйын болсо аска-таштардан чуркап көрсүн, акыл-эсин тандыра ультиматумду ошондо дароо коёбуз. Бүттү, же өзүбүздүн жыйырма миллионду кагып алабыз, болбосо мен пехотага каршы коюлган минаны жардырып жиберем. Ал даяр, ошол жерге коюлган.
– Минаны сен койдуң беле? – Арсен таң кала сурады.
– Ооба, мен бул ишти Ооганда жасап жүргөм. Ультиматумум ушу. Жыйырма миллионду колго салсаң – чыгасың, антпесең жарыласың, сөөгүң сөпөт. – Арсенди тиктей калды. Эмне карайсың, акыл-эсим жайында. Бул бир келген шыбага, мындан ары эч болбойт, анткени барстар ашууну ашып кетет. Дагы да сага айтканым, сен биздин суу тилмечсиң, бүт баарыбыз сен аркылуу сүйлөшөбүз. Мергенчиликте эки ханзада гана болот, жанында өзүң. Айдакчылар ар кайсы тарапта болобуз. Ал эми калгандары тейлөөдө, алар артта болушат. Сенин шеф Бектур агаң берериңди бере көр деп жакасын кармап Кудайга сыйынат. Сыйына берсин, ал сыйынып жатканда менин буйругум менен ханзадаларды желкесинен жетелеп үңкүргө киргизебиз да, куралдарын колунан жулуп, барымтага алабыз, талабыбыз жыйырма төрт сааттын ичинде нак акча түрүндө колубузга тийиш керек. Ультиматумду аткарууга бир күн, бир түн гана берилет. Мөөнөт узартылбайт, буйрук деген буйрук, ал аткарылышы керек, кыскасы, накталай акча болсун, болбосо баштары кетет. Ушуну дароо түшүндүрүп, ачык айтып коюш керек. Сени сезип турам, Арсен, мунун баары сага жакпай жатат, дилиң ооруп атат, кантип ушундай болсун дейсиң. Туура, бирок мунун баары эсептелген, айтып берейин, жакынкы чыгыш банктарында кыштыр-жайдыр күнү-түн алардын сейфтеринде миллиарддаган акчалары жатат, бизге бере турганы жыйырма эле миллион, бир түкүрүп койгону. Акчаны алтымыш, сексен беш сантиметр өлчөмүндөгү төрт кагаз кутуга беш миллиондон салышат, ошондо ар бир кутунун салмагы жыйырма килодон болот, бардыгы сексен, кеп эмес. Муну кантип алып келиш керек? Самолёт тогуз саат учат. Буйрук болсо аны букаралары буйдалбай аткарышат. Тоо арасындагы үңкүрдөн кантип кабарлашат дейсиңби? Проблема жок, алардын өзүң айткан спутник телефону бар, чалат да, айтат, айтканда да мен айтканды айтат. Жанынан карыш жылбайсың, ашыкча сөз айттырбайсың. Сен бул арты Чубактын кунундай чуулгандуу, кулак угуп, көз көрбөгөн кылмыш ишке аралашкың келбей, ошол үчүн унчукпай жатасың. Андай эмес, бүт баарын эсептеп, тактап, ойлонуштуруп койдум. Аны сен деле көрүп турасың, үлүш колдо, аны алып калууга жанымды сайып да болсо тырышам. Кандай ойлосоң ошондой ойло, билемин, сенин ааламдаштырууң бир башка да, меники бир башка, кайнаса каны, байласа башы бирикпейт, ошентсе да бул жолу менин буйруктарымды кыңк этпей аткарууга туура келет. Башка жол жок, бар болсо да ага бара албайсың. Ала турган энчиң алдыңда турат. Дагы сага эмне керек? Тоонун арасынан кайсыл атаң тутамдап доллар карматты эле? Жок, акчаңарды ала албайм, булганыч экен десең биз сага ыракмат айтып алып коёбуз. Андай күндү күтө берип, күйүп-күйүп күл болгонбуз. Ал өзүңдүн ишиң дечи, баары бир сен унчукпайсың, жүрөгүңдө бир нерсе бар. Эмне, тигилерди үңкүргө кантип желкеден алып киргизебиз деп бушайман болуп жатасыңбы? Башың оорубасын, баатыр, анын баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган. Эсиңе кыт куйгандай куяйын. Меймандар алгач Коломтого үргүйт, ошондо алар капчыгайдагы зынданга түшө турган жерге жакын, айлана-тегеректи алаканга салгандай көрө турган жерде көңүл ачып жайгашат. Ошондо биз алар көрө тургандай жакын жерге сыртынан акмалап карап жүргөн барсты айдайбыз. Биз аны «укурук куйрук, казан баш» деп коёбуз. Көрөр замат жүрөгүң түшөт, тулкусунан күч-кубаты туйлаган, ыңгырана караса сүрүнөн дароо жан чыккан, чубалган узун куйругун чыкчырылта баш жагын көздөй серпкенде чулук кулак, жалмойнуна жеткен, уютулган коргошундай казанбак баш кабыландын бир тукумун көптөн бери балдар карап-багып жүрүшөт, ал жай бою Үзөңгүлөш ашуусунун этегин энчиге бөлүп алгансып жалгыз жүрөт. Айдакка көнөт, мына ошону Кудай деп, Баабединдин жолуна деп биринчи айдап келебиз, көздөрү кызарып күйүп чок болсун, анын жолун табабыз, тигилер даана көрсүн үчүн анча-мынча жеңил жарадар да кылып салабыз. Бүт бардыгы ханзадалар үчүн болуп жаткандай уюштурулат, а чынында аларды мергенчилик кумар менен азыткыдай азгырып, үңкүргө айдап киребиз. Үңкүр даяр, жайлоого баратканда же келатканда койчулар түнөп өтүүчү үңкүр. Мына, Арсен, сени өз киши санап, бүт баарын айтып бердим, эми кандай десең өзүң бил, эң жооптуу милдет сеники, ошону тигилер менен бетме-бет туруп аткарышың зарыл. Анан эң негизгиси ультиматумду так, даана, түшүнүктүү кылып айтасың. Биз үңкүрдүн оозун тегеректеп, колубузга автомат алып кайтарып турабыз, кароолдо балдар болот. Алар өз иштерин жакшы билет, бүт үйрөттүм. Ханзадалардын ар бири үчүн жыйырма төрт сааттын ичинде он миллиондон келиши керек, ошондо аман калышат. Ушуну бетме-бет туруп ачык айт. Ошо замат үңкүрдөн чыгасың да рупордон үнүңдүн жетишинче айлана-тегерекке англис жана кыргыз тилинде араб ханзадалары барымтага алынгандыгын, ар биринин башын куткаруунун жолун, ошондон улам бул аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланганын, башка жактан келгендер да, жергиликтүүлөр да орундарынан жылбоо керектигин, эч жакка басууга уруксат жок экендигин, үңкүрдү көздөй кадам койгондорго же башка аракет жасагандарга эскертүүсүз ок атыларын айтасың. Эсиңден чыгарба, ханзадалардын баштарына канча акча сайылганын эч жарыя айтпайсың, бейчеки сүйлөп жибербе. Эгерде жыйырма төрт сааттын ичинде коюлган талап аткарылбаса, анда бир мүнөт да күтмөй жок...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.