ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Арсен жооп берген жок, кара жерге баш салып, терезеден кетпеди.
– Дөңгөчтөй болбой, адамча ук! Сен биздин адам болгонуң, бардыгыбыз бир айылдан экенибиз жакшы болду. Каныбызды сатпайбыз. Араб ханзадаларынын спутник телефону болгону да жакшы, үңкүрдө калчылдап, өз жерине акча деп ыйлап айтышат. Анда да сен жанында болосуң, эмне дегенин бизге айтып турасың, ашыкча сөз сүйлөтпөйсүң. Бардык иш, бардык үмүт жалгыз сенде, Арсен, сен угуп жатасыңбы?! Сенсиз биз эч нерсе жасай албайбыз. Сен түшүнүп жатасыңбы, сага жетип жатабы? Сен эмнеге унчукпайсың, Арсен?
– Айта турган сөзүм жок. – Так кесе жооп берди. Анан экөө тең унчукпай калышты.
«Дүйнө ордундабы?» Эс тарткандан бери ушул айылдаштарынан эчен ирет уккан бул сөз акыры анын өзүнө ушинтип жетип отуру. Ооба, жан жалдырап дил кыйноого түшкөн кезде бу Ташафгандын табакташтары мектеп короосун менчигиндей кайтарып турган, ошондон улам бул тегеректеги дүйнө да өз ордунда болчу. Теребел деген теребел, ар качандан бир качан калыбынан өзгөрбөй кала берет, а адам баласы, анын ички дүйнөсү кубулат экен, кээде таш тийген күзгүдөй талкаланып калышы да этимал экен. Ошондуктан адамдар: «Дүйнө ордундабы?» дешет тура. Ийе, дүйнө дегениң ар дайыма ордунан жылбай турары белгилүү го, ошентсе да адамдар биринен бири: «Дүйнө ордундабы?» деп, сурап турушат. Турмуш ушундай, тагдыр ушундай.
Акылга мүшкүл түшүргөн мындай коркунуч туулган кырдаалда деле ойго күтүлбөгөн нерселер келе берет экен. Ал эзелтен бери тоо-талаа кезип жүргөн Кызкайып азыр кайда жүрдү экен, ордунда турган бул дүйнө ордунда эмес экенин ушу саам билип калды бекен, а Айданачы, билеби, тынчсызданабы деп тынчсызданды. Жок, жок шоу-бизнестин «Лимузиндеринде» зуулдап куунаган ал мындай кыямат менен иши жок. Беймарал жашаган тоо жаныбарлары гана дүйнө ордунда эместигин жакында билет, ооба, жакында баштарынан өткөрүп, калабага кабылат деп ойлоду. Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин кабыландын тукумдары билишти бекен? Билишти бекен, бул жолу күчүктөрүн ак сүтүнө тойгузган эне барстар?
Дал төбөдө бийиктиктин чексизине бийлик кылган тоо шумкарлары жер бетинен жоготкону бар сынар жай каалгып жүрөт. Көз талыткан бийиктиктен алар нени издейт, нени күтөт, нени айткысы келет?..
Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин Ак шумкардын тукуму бийиктиктен билишти бекен?..
Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин жакында болор алаамат салар күн айтат.
Ал дале болсо ой дүйнөдөн чыккан жок, Ташафган болуп алган мурдагы классташы Таштанбек андан эки кадам арыда таш болуп карайып турат. Ордунда турган дүйнөнүн ордунда эмес экенин ошо безери жасабадыбы, андан улам ал аны жалаңкычындай жек көрүшү керек эле.
А бирок Арсен Саманчин антпеди, кыяматтай кылмыш иш жасоого бүт жандили, акыл-эси менен кумарчыдай берилип алган тигиге ичинен гана өкүнүп турду.
– Эй, Арсен, деди Ташафган анын не ойлоп жатканын билип тургансып ортодогу жымжырттыкты бузду. – Көзүң чекчейип, белиң бекчейип, сакалың куу болгончо ойлоно берсең болот. Канча ойлон, тандай турган жол жок. Эч кимге ачкыс эшикти сага гана ачтык, биз менен болбогондун иши бүтөт. Босогодон аттадың, эми өз башыңды сактагын.
– Эмне?! Ким жашап, ким жашабасын качан сен чечип калгансың?! Мындай укукту сага ким берди?
– Ачууңду бас! Азыр сенин эки гана жолуң бар. Биринчиси, биз менен бир болосуң, жана мен айткандардын бирин калтырбай аткарасың, үлүшүң өзүнчө. Экинчиси, макул болбосоң анда сен бизди саткан болуп саналасың, чыккынчысың, душмансың. Анда биз, ачык эле айтайын, өч алабыз. Кандуу моюн дүйнөдө багынбаган душманга жалгыз жаза колдонот, кыйын болсо андайдын бир октук алы болот. Өч өлүм менен бүтөт! Биз сени биз менен чогуу жашап жүрсө экен деп тилеп жатабыз. Түшүн.
– Эмне үлүш, үлүш дейсиң? Мен үлүш жөнүндө бир нерсе дедимби? Бул үлүш эмес, карактоо, кылмыш!
– Ооба, бул ошондой. Мен Ооган согушунда болгом, аябай ок аткандар гана жеңишке жетет. Биздин аракет-планыбызды ук. Майдалап айтып берейин. Арабдардын келгени, бизге жеткени, жолугушуу, таанышуу, жагынуу, айтор, бешөөбүзгө булардын кымындай да кереги жок. Алар менен сен болосуң. Биз тезек терип, от жагабыз, малайлардай жүрөбүз. А сен өз ишиңди иштей бересиң, биз жөнүндө ойлобо, келери келгенде биз өзүбүз унуткандарды унутпас кылабыз. Ал биздин, беш баатырдын иши. Чабуулга өтүүгө добулбас уруп белги берилет, сен ошого даяр бол, белгини мен өзүм берем. Чабуул жүрөктүн бир кагышында башталып, жүрөктүн бир кагышында максатына жетип бүтүшү керек. Арабдар келгенден кийин сенин Бектурган агаңдыкында эс алышат, кийинки күнү Коломто конушуна барышат, ал жак тоо, жол жарымына чейин Бектургандын жиби менен, башка машинада барышат. Андан кийин ат менен. Баары ойлонулган, баары даярдалган. Түшүнүп кой, Арсен, кырдаал бизге белгилүү болсун деп айтып жатамын. Бул өзүнчө программа, иштеп чыкканбыз. Укмуш дейсиң айтсам. Эмне унчукпайсың?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.