ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Арсен Саманчин капылет жерден бөрү зынданга кабылып калгансып, кыймылды унутуп, бир кездеги кээри жок классташынын кара башка түн түшүрчү каргашалуу максат-оюн аргасыз чыдап, сезим-туйгусун өчүрүп, өзүн өзү тирүүлөй өлтүрүп туруп укту. Кара мүртөз тагдырдын жалгыз башка салганынан кантип чыгып кетүүнүн бир айласын табалбай каңырыгы түтөп турду. Бирок аны ушул абалдан кандайдыр бир күйкөнүн канатындай дирилдеген ой дилине от тамызып жибергендей болду. Ал келбейт эле, тагдырдын изи катары көңүлүндө так бойдон кала бермек. Барымтага алуунун планы кылдат иштелип чыкканы, ультиматум дегени, акча маселеси, анан, анын бул иште жан кыюудан жалтанбаган чагылган жарык көздөрү, даулдап күйгөн өрттөй мүнөз-кайраты анын удургуп турчу ой-кыялын жүлүндөп салгандай тынчытты, ошол эле учурда ушул күч-кубаттын бардыгы пайдалуу ишке жумшалбай жаткандыгына өкүнүп алды. Ушул иш ошол болгонунан чегинүүгө жол жок эле, сөз бүтүп, көз жетип, канжыгага баш байлап коюшкан эле. Өксүгөн өзөгүндө жана калып жок болгон кызыктай бир ой тагдырдын кегиндей болгон Эрташ Курчал эске түшө калганда пайда болду, пайда болгондо да жанагыл барымтага алынгандардын арасында ал дагы болсо, ошо кысталакты Арсендин дал өзү кежигесин кесе чаап, көчүгүн жара-жара тээп, жансоогалатып, үңкүргө айдап кирсем деп ызырынып жиберди. Мындай ойлогондун өзү пас адамга таандык, уят иш дечи, а бирок эмнегедир ойлоп жиберди. Базар аркылуу ажыдаар болуп классикалык искусствону соруп жаткан, «Кызкайып» менен Айдана Самарованын жолун корумдап салган өлүгү жерге батпагырдын акчасын чекесине ок тийгенде көрөмүн. Балапанын жылан соруп жаткансып безеленген чабалекейлер бир нерсени билишкен экен, көздөрү тамар-тамбас тамчыдай жалдырап тургандай көрүнгөн деп ойлоду.
Күн түш болуп барат, таштан бүткөн Ташафган тажай турган түрү жок, өчөт десе өзүнүкүн өжөрлөнүп сүйлөп, өзүн кошо ишендирип, туткундоонун акыры кандай бүтөрүн, андан ары эмне болорун кумардан чыга айтып кирди:
– Бизди сен жанагыл шыбаганы алганга эле жанталашып жаткандай сезип жатасын. Андай эмес, эгерде жыйырма миллион доллар колго тийип калса аны булар эмне кылат, базарга айлантабы, кайда барышат деп беймаза болуп жатасың. Барымтадагылар бошотулар замат бизге, жапайы бандиттерге, атайын даярдыктагы өзгөчө милдет аткаруучу отряд ач бөрүдөй жабылат, бул турган иш, жер өңүтүн алышкан. Эч кабатыр болбогун, бир күн, бир түн сааттай иштейсиң да, андан кийин биз менен чогуу болосуң. Барымтанын акчасын алабыз, ошондо жети сааттык убактыбыз болот, ал жакта эч ким аракетте болбойт, бейтарап убакыт. Бул эмне деген убакыт, ал эмне берерин билесиңби?
– Жок. Сенин айткандарың чынында менин боорумду эзип, өтүмдү ичип баратат. Мен сени менен башка нерселер жөнүндө сүйлөшөйүн дегем. А сен болсо өз окобуңа кирип алып, тегерегиңде эмне бар экенине карабай атып эле жатасың.
– Мен окопто болсом, сен дагы ошол окопто болосуң. Эми жанагыл бейтарап убакыт. Үңкүрдүн дал жанына барымтанын акчасын алып келишет, иш айтылгандай болгонуна көзүбүз жетип, аны өткөрүп алгандан кийин сен дөңсөөгө чыгасың, ханзадалар биздин колдо, демек, эч ким тийише албайт, алгач англис тилинде, анан кыргыз тилинде жети сааттык бейтарап убакыт жарыялайсың. Бардыгы уккудай кылып айтасың, үн күчөткүч колуңда. Барымтадагылар аман-эсен экендигин, тамак-аштан өксүү болбогонун айтасың. Жети саат бою үңкүрдөн чыгууга, ага кирүүгө эч кимдин акысы жок экенин, эгер бул талап бузулса үңкүрдүн кире беришиндеги саат менен иштеген чечен миналары жарыларын, алар жети сааттан кийин гана коркунучтуу болуудан каларын айтасың. Түшүнүктүү болсун үчүн муну үч жолу кайталайсың. Аларга айтар акыркы сөзүбүз ушул болот. Жетим баладай жер тиктеп жети саатты күтүшөт. Ал ортодо биз өз арбайыбызды согобуз. Ортого түшкөн олжону Бектур шефтин ханзадаларга деген аттарына жүктөп, биз баарыбыз Үзөңгүлөш ашуусун көздөй токтоосуз бөрү жортуул алабыз. Жол өңүтү чалгындалган. Ал жагы камсыз. Биздин үй-бүлөлөрүбүз жайлоодон дал ушул ашуунун этегине келип күтүп жатышат. Кам санай турган кам иш жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.