ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Жетишет! Жадап бүттүм. Мен кеттим.
– Ордуңдан жылба! Мени классташын өлтүргөн канкор атка кондурба.
– Ооба, мен да ошол жөнүндө ойлоп жатамын. Биз ушул жерде окуп жүргөндө, ушул жерде танапис сайын жүгүрүп ойноп жүргөндө качандыр бир кезде, дал ушул жерде ушундай иш болот деп ойлодук беле? – Арсен Саманчин ордунан турду да, терезеге жакын келип, аны ачты.
– Эмне, үп болуп кеттиби?
– Ооба, аба жетишпей жатат, – деди Арсен. Ал терезени таза аба кирип турсун үчүн эмес, жана береги чабалекейлер учуп келер бекен, жан кыйнаган кыжалатты ошолор оңдоп жиберер бекен деген ой менен ачты. А бирок ал күткөндөй болгон жок, чабалекейлердин карааны көрүнбөдү. Тагдырдын жолу башка экен...
Ташафган ого бетер өжөрлүгүн карматып, каны кайнап, жинденип чыкты.
– Биз мээсинен айныган келесоолор эмеспиз, антип ойлобогун. Биз сенин мындай ишке эч качан макул болбошуңду, кадам таштабашыңды билгенбиз. Анткени бул сен үчүн кылмыш.
– Кылмыш болсо кылмыш болсун, – Арсен Саманчин кесе жооп берди. –Ошондой ишти ойлогондун өзү эле кылмыш...
– Мейли, каалаганыңдай ойлой бер. Биз баары бир чабуулга чыгабыз. Сен биз менен, же катарыбызда, же күнөө жасап туткундалган адам катары колу-бутуң байланып барасың, кайсынысы жагарын өзүң танда.
Арсен Саманчин столду муштуму менен бир коюп, «шымың башыңа кийилип калсын!» деген демейки ач айкырыкты сала жаздады, а бирок бу саам өзүн араң токтотту.
– Анан эмне болот? Сенин буйругуң боюнча мен сени менен чабуулга чыгамбы, же туткун болуп байланып турамбы?! Эгер мен каалабасамчы?!
– Үстөлдү койгулаба! Анткен сага жарашпайт экен. Сен канчалык акылдуу болбогун баары бир бизди сөзгө келтире албайсың. Сен түгүл Кудайдын өзү келсе да кайра кайтпайбыз. Жыйырма миллион көчөдө жаткан жери жок, ал үчүн жанкечтиликке барыш керек.
– Ооба, көчөдө жатпайт. Таштанбек досум, жаш кезиңде, сен жайдары, жакшы чагыңда сенин атың Таштанбек эле, анан жыйырма миллион сенин үлүшүң экенин кайдан таба койдуң? Же эмне, чын эле көктөн түшө калдыбы?! Сен эмне болуп жатасың? Бул деген каракчылардын талап-тоноосу. А сен болсо асмандан түшөр өз үлүшүндү колдон чыгып кетпесин деп коркосуң. Эмне болоруңду ойлон!
– Жыйырма биринчи кылымдын тың чыкма билимдүүлөрү силер бара жаткан жакка. Өзүң баштаган топ каякка баратса, ошол тарапка, дүйнөлүк байлыктан ар бир адамга өз үлүшү бериле турган сен айтчу ааламдаштыруу дегенге бара жатамын.
– Айнып калгансың го, ааламдаштыруунун бул жерде кандай тиешеси бар? Таптакыр башка түшүнүк. А сенин «ааламдаштырууң» түркөй түшүнүк. Түшүндүңбү?!
– Түшүндүм. Кыйналбай эле кой, аны өзүбүз билебиз.
– Билгениңди көрүп турамын. Банкир көрсөң бакырып, жакадан алып жаалданып, эмне үчүн менин бутумда жыртык байпак деп жулкулдатмайбы?!
– Ой, энеңди десе, банкирлерди коргогонун!..
– Ананчы, колумдан келсе ошо банкир экөөңөрдү бороондуу күнү калагы жок кайыкка салып, силер көксөгөн ааламдаштыруу деңизине салып иймекмин.
– Эмне деп жатасың? Эмне үчүн мени аны менен бир кайыкка саласың? Аныңдын эки миң кишилик кемеси турса, бизнеси турса мени менен отурмак беле. Байлардын ааламдаштыруусу өзүнчө, байлыктан байлыкты басып ала берсин, а биздики дагы өзүнчө, кол жеткен жерден бөлүшүү, кол жеткен жерден өз үлүшүбүздү тартып алуу. Тоого келген арабдарды колго түшүрүп, алардан өз барымтабызды өндүрүү. Бул биздин укук.
– Таштанбек афган, сенин билимдүү экениңди билемин. Анан кантип мындайды укук деп айтып жатасың? Кайдагы укук? Тоноо укугубу?! Эч нерсе түшүнбөйм.
– Сен түшүнбөй эле кой, – деди Ташафган терезе жакка бурулуп кеткен Арсен Саманчиндин артынан. Ошо замат ал мойнун бура бурк этти:
– Түшүндүргөнүңө тойдум, болду укпайм.
– Угасыңбы, укпайсыңбы мен аныңды биле албайт экенмин, Арсен, терезенин жанына туруп алып жакшылап ойлон, ансыз кутулбайсың. Баары бүттү, сен капкандасың. Бардыгыбыз бир капканга түштүк. Артка чегинүүгө жол жок. Анан, Арсен, бизди кайдагы бир тексиз каракчылар дебегин. Ата-бабалардан калган ишти улантып жатабыз, жайыттарга, өзөндөгү сууларга акы төлөбөгөндөрдөн эр-азаматын туткунга алып барымталаган, эр башы үчүн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо бодо, жайыты толо кой-эчки айдап келишкен. Азыр башка, бизди каалаганыңдай атай бер: бандит де, каракчы де, мыкаачы же ууру де. Болгону сенден бир гана нерсе талап кылынат, жанагы акчасын катаарга жер таппаган алтын байпак арабдарың келери менен, келери менен деп жатам, угуп атасыңбы, ошо сааттан, ошо мүнөттөн баштап, ар бир кадам сайын мен буйругандай иш жасайсың. Мени шеф Бектурдун жанында куйругумду шыйпаңдатып жүгүрүп жүрөт деп ойлобой эле кой. Анын өз бизнеси бар, ал ошону ойлосун, а биздики өзүнчө аңчылык. Бадал-шактардын арасынан, коо-аңдардан тайганча шимшип, барстарды баскыла деп айдап келүү. Тигилериң тигишинен сөгүлө сүйүнүп, кылмерген болуп кароолго алып мээлегенче биз алардын өздөрүн ханзадаларды мээлеп туруп кармап кетебиз да, үңкүргө айдап киребиз. Биздин бизнес-аңыбыз ушул, алардын башын соодалайбыз. Сен угуп жатасыңбы, Арсен, мен муну эриккенимден былжырап жаткан жерим жок, сени билип алсын деп жатам. Анткени сен алар менен ар дайым бир болосуң, а биз болсо асманда жүрөбүз. Тигилериң барстарды көрүп акылдан калган маалда аларды кекиртектен алып, куралын тартып, жарга сүйрөп киресиң. Эч качан, эч бир жерде, жадагалса түшүңдө да мындай ыңгай болбойт. Себеби чоң Кудай өзү ушинткин, куралын колдон жулуп ал деп жатат. Түшүндүңбү?! Меймандардын көңүлүн алып тилмечтик кылышыңды Кудай берсин, арабдардын колуна кишен салгыча бизге да жардам кылсын. Бардык иш, бардык үмүт жалгыз сенде, Арсен, сен угуп жатасыңбы?!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.