ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Телефон. Бектур шефтин өзү экен.
– Сен кайдасың? Кандай жаңылыгың бар?
– Мектептемин, Ташафган экөөбүз окуган жылдарды эскерели дегенбиз. Мага деген атты көрсөтүштү, суу төгүлбөс жорго экен, ыракмат, ага. Жаңылыкпы? Басма сөз катчысы Роберт Лукас телефон чалды. Бүрсүгүнү даярдык көрүү тобу келет, үч адам экен, алар менен кино тартканы дагы эки оператор болот деди. Ханзадалар болсо кийинки күнү келет экен. Болуптур, офиске бир аздан кийин барып калам, кеңешели.Бардыгы графиктегидей болуп жатат, кабатыр болбоңуз.
Агасы Бектур шеф менен сүйлөшүп жатып өзүн кармай билгени, бул жерде эмне болуп жатканын билдирбегени Ташафгандын бөдөнөдөй бөккөн көңүлүн көтөрдү.
– Иш чачтан көп, келе кал деп жатат. Билесиң да, Таштан, мен басайын, – деди ал олуттуу.
– Жакшы, негизи бүт баарын эле сүйлөштүк көрүнөт. Эсиңе түй: бир белги болот – мен ал күнү өзүмдүн сержанттык шапкемди, советтик кызыл жээктүү, киемин. Демек, иштер мен буюргандай жүрүш керек. Түшүндүңбү? Дагы бир эскертүү, биздин операцияны бузамын деп ойлобо, анда мамиле жаманчылык менен бүтөт. Чегинүүгө жол да жок. Алар, же баштары сайылган акчаны берет, же мергенчиликте, же үңкүрдө ханзадалардын каны төгүлөт, айтор, алар тирүү калбайт. Ушундан тыянак чыгара бер. Бул ишти дагы эле кылмыш же карактоо деп ойлосоң, бир эскертүү, анда аны ичиңден чыгарба. Агаңа болсо ооз ачпайсың, эгер айтсаң, анда бүт баарын атып салабыз, эч ким калбайт. Ачыгы ушу. Шаарына жылт эте турган болсоң, артыңдан кууп жетебиз, жоболоңду жол үстүндө салабыз, болбосо калааңдан кармап, кашыктап каның ичебиз. Ошондуктан сенден дагы бир жолу аябай өтүнөм, жыргаганымдан сени коркутуп-үркүтүп жаткан жерим жок, арга түгөнүп бүткөн, Арсен! Ошол үчүн тобокелди дос кылып, канжыгага баш байлап отурам. Бүттү! Башка сөзүм жок! Бир аз токтой турчу, балдарды чакырайын. – Терезеден башын созуп кыйкырды: – Эй, Култай, баарын чакыр, биякка киргиле!
– Эмнеге? – Арсен таңдана карады.
– Азыр...
Жанатан бери мектептин талыкшып жаткан короосун кайтарып турган төрт берен класска кирип келишти да бир катарга тизиле калышты. Ташафган аларга Арсен Саманчинди көрсөттү да, аскер командиринин буйрукчул үн-кырааты менен:
– Коломто боюнча бардык маселени сүйлөшүп чечкенибизди силерге билдирем. Ал үчүн шерттешүү милдети келди. Баштагын!
Биринчи болуп саксагай Саксаң Арсенди көздөй кадам таштады.
– Антты бузган – чыккынчы! – деди да четке чыга берди. Калгандары да ушул сөздү кайталашты:
– Антты бузган чыккынчы!
– Антты бузган чыккынчы!
– Антты бузган чыккынчы!
Акырында Ташафган Арсенге кайрылды:
– Кандай экен? Антка түшүндүңбү?
– Дал ошондой! Аскердегидей, буйрук Кудайдан улук!
– Ооганстанда биз буйруксуз жашаба, сүйүүнү да баштаба дечүбүз. Беш элек, алты болдук, эми ишке киришкиле. Арсендин өз жумуштары бар. Мени менен Саксаң байланышып турат. Култай, Жылкыш, Жандос – үчөөң түнкү чалгынга чыккыла да, эртең түшкө жакын, сөзсүз, келип калгыла. Жырткычтар кайсыл жерди жайлап турушканын, кай жакка беттээрин чалгыла. Ал эми баягыл узун куйрук чара баш ашуунун алдында бекен, карагыла. Аны Коломтого чочутпай түшүрүүнүн жолун аныктагыла. Курал-жаракты толук алгыла, не бар, не жок аттарга кол салгандар болсо... Мергенчилик башталганда кароолдо тура турган жерлер белгиленсин. Аттангыла!
Ошол ошол болду да, алар мектептин короосунан тарашты. Арсен «Мерген» фирмасынын офиси жайгашкан, мурдагы колхоз конторун көздөй Бектур агасына өзү жалгыз жөө баратты. Аялдабай анын артынан Ташафган жетип келди да, атынан түшүп, анысын жетелей катарлай басты. Кайрадан баягыл жомогун баштады. План бузулса келгендердин да, бул жерликтердин да чекесине ок кадаларын, ал эми иш ойдогудай болсо эч кимдин бир тал чачы түшпөсүн кайра-кайра эсине алып койгун деп эскерте берди.
VIII
Ошол экөө ошентип таш эриткен күн аптабы түш маалын алып келген убакта тоо өңүрүндөгү Туюк-Жар айылынын ылдый кеткен, мемиреген тынчтыкты кучактап жаткан чоң көчөсү менен эртеден бери ойлордун эки өйүзүндө отуруп чаалыгып бүткөн, а бирок бойлору да, далылары да бир калыптан чыккандай, бир убакта бир класста окуган эки курбу ушу азыр бир ой-максатка ичтеринен эки башка көз караш-өкүм карманышып – аларга макул болбогон Арсен Саманчин менен аны өздөрүнүн каргашалуу калабага кошулат деген ойдогу Таштанафган «Мерген» фирмасынын офисине өмүр бүтүп, өмүр башталып жаткандай болуп бара жатышты. Ошо маалда алардын алдынан атын текирең-таскак салдырган бирөө чыга калбаганда, жалгыз кынга сыйбаган кош канжардай сурданган ушул экөө балээси башты жутар иш жөнүндөгү сөздү дагы да уланта беришмек. Көрсө, аны шеф Бектурдун өзү Ташафганга чаптырган экен. Аты – Орозкул, уяттуу неме, атайы жиберип жаткандыгын түшүнүп, шашып алыптыр, аттан түшүп, аларга катарлаш басты, антпесе болобу, Арсен Саманчинди сыйлайт, анын үстүнө ал Бектур аганын өз иниси болсо, анан мордон чыккан түтүндөй болуп сороюп көрпөчөгө көчүк такап алганы адепке сыйбас, ошол үчүн Арсенди ортого алып басышты. Ушундай болмогун Арсен Саманчин кыялында канча жолу элестетип, Туюк-Жарды аралап жөө бассам деп самады эле, тагдыр экен, акыры аны буйруду. Кең көчөдө кенен-чонон сүйлөшүп бара жатышат. Айылдаштары аны кантип тааныбай коюшмак, келерин угуп-билип калышкан, жөөсү да, эшекчени да жетиналбай учурашып, короосунда жүргөндөр атын атап, чыга калып көрүшүп, айтор, көргөндөрдүн бардыгы Арсендин Туюк-Жар айылынын кулуну экенине сыймыктанып сүйлөштү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.