ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Дарбазанын жанында сөз сагынган курактагы байбиче отурган, буларды көрүп ордунан тура берерде кайдан-жайдандыр колуна чакан фотоаппарат кармаган, шыпылдаган жаш келин чыга калды. Эркек көзүн тарта алгыс солкулдаган денеси келишимдүү мүчөсүн ого бетер кереметке айлантып, кара тору жүзүнөн мээримдүүлүк менен жагымдуулук төгүлүп турган, карагат көздөн жалооруу менен жылуулук жанган, а бирок чачынын таралышына, жынсы шымына, кебездей төшүн көрсөткөн спорттук кофтасына караганда башка жактан келгендей.
– Саламатсыздарбы? Үчөөңүздөрдү ушул калыбында тартып алайын, Арсен аганын ортодо келатканы сонун болуп туру. Уруксат этиңиздер, сүрөт сонун чыгат, артыңыздарда эки ат, андан ары айыл көчөсү, жол... Токтобоңуздар, жанагыдай эле сүйлөшүп баса бериңиздер, мен астыңардан тартып алам. Учурун өзүм кармап каламын, фотоаппаратым жакшы, санариптик.
– Санариптик фотоаппаратпы? Кайдан? – Арсен Саманчин таң калды. – Укмуш го?
– Соода кылам, челнокчумун. Атым – Элес, тиги Түмөн айылынанмын. Бул жерде эжем турат, бир аз ооруп калган экен, ошого келгем. Жакыныраак болгула, чылбырды кыскараак кармагыла. Мына эң сонун! Мен да «Мергендин» офисине барам.
Кыймылы жеңил, баскан-турганы куш канатындай эркин экен. Арсен муну байкады, Таштанафган менен болгон тагдырдан татаал сүйлөшүүдөн кийин жандүйнөсү өрттөнүп, көңүлү чөгүп келаткан, бу жаш келиндин аларга жасаган мамилеси, баскан-турганы, тулку-бою, үнү, айтор, андагы кандайдыр бир жагымдуулук анын аза боюн жеңилдетип, маанайын көтөрүп ийди. «Дүйнөнүн ордунда болгону» кандай экенин сезди, тумчуктурган деңиз түбүнөн чыккандай болду. Жандүйнөгө жарык тийгенде, жагымдуулук болгондо байкуш жүрөктүн бир гана жолку дилазабын унута калып кагышында сен кайра жаралгандай боло каласың. Азыр Арсенге ошондой бир көз ирмем келди да, кетти. Кетиргиси келбеген, аны кайра-кайра сүрөткө тарта берсе экен, кайра-кайра бир нерселерди сурап тура берсе экен деди. Андай болорбу?
Жок, болду, аны Элес өзү жасады. Кадам шилтей беришкендерди токтото калып, фотоаппараттын экранынан азыр эле тарткан сүрөттөрдү көргөзө баштады. «Караңыздар – үч жигит! Эн эле сонун түшүптүр!» Жигиттер не демек, көрүштү, ыраазы болушту. Ташафган болсо: «Мына сага, азыркы техниканы», – деди.
– Элес, – деп анын атынан атады Арсен. – Кел, баарыбыз чогуу сүрөткө түшөлү, а бирок бизди ким тартат?
– Ой, жакшы болбодубу? Мен сиз менен кантип сүрөткө түшпөй коёюн, эстелик болот. – Келин жылуу жылмайды, анан алардын жанынан өтүп бараткан жаш жигитке: – Кел, Балабаш, бизди сүрөткө тартып койчу. Мына бул кнопканы басасың, – деди. Жаш жигит элпек макул болду. Арсен менен Элес ортодо жанаша турушту. Ошондо сезди, жаш келиндин денеси кебезден жумшак, жибектен назик, жагымдуу экен. Ошону туйду, ошону туяр замат өзүнөн өзү анын денеси менен дене болууга жакындап кетти, келинге да денелери тийишип туруу жаккан белем, ал четтеген жок, ооба, четтеген жок, а бирок ушунун баары көз ирмемдик гана убакытта болду. Анткени тигил жигит сүрөткө тартып алды.
– Ыракмат, Балабаш, кел дагы бир жолу, дагы бир жолу тартып койчу. – Арсен Саманчин ага карбаластай кайрылды. Анан алардын тийишкен денелери кайрадан көлкүп ээрип бараткандай болду... Азыр да жакшы түшүшүптүр.
– Жакшы түшүптүрбүз, Арсен ага, ушундай сүрөткө түшөм деп ойлогон да эмесмин.
– Жакшы түштүк, Элес, а бирок сүрөттү кантип алабыз?
– Аласыз, Арсен ага, мен чыгарып бергенге аракет кылам, Сиз азыр кетпейсиз да?
– Жакында кетпейм. Мерген-бизнесте болуп жатам.
– Мен да «Мерген» фирмасына жардам берем, алардын мергенчилигин сүрөткө тартам, меймандар тоодон кайткандан кийин аларга көңүл ачар концерт беребиз. Ушунун баары шеф аганын тапшырмасы. Кыздар ырдашат, Түмөн айылдан Баялы деген ырчы келет. Мен да ырдасамбы деп турам, гитара ала келдим эле.
– Ой-бо-ой! Концерт болот экен да. Андай болсо биз да угалы.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.