ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Жүр, эми, отуруп сүйлөшөлү, – деди Арсен Саманчин энтиккенин араң басып. – Сага айтар зарыл сөзүм бар.

– Шашылбачы, жаным, сен деген чарчадың, эс ал.

– Убактым жок, Элес, атайы сага тоодон келдим. Азыр мергенчилик башталат, шашылбасам болбойт. Мына бул папкада менин жазгандарым бар. Сага тапшырайын.

– Жазгандарым?.. Эмне жаздың эле? Ушул үчүн поездди кубалап келдиңби?

– Ооба. Жүрчү, мен сага түшүндүрүп берейин.

Купенин терезесинин алдында бет маңдай отурушту. Көздөрүнөн сүйүү төгүлүп, алар бирибирисиз жашай албастай болуп турушту. Арсен сөз баштады:

– Элес, бул менин аңгемем. Анда экинчи дүйнөлүк согуш кезиндеги окуя баяндалган. Андан бери санатсыз далай күн өттү, кылымды кылым алмашты, а согуш сабагы унутулган жок, унутууга эч кимдин акысы да жок. Анткени ал согуш башынан аягына чейин эки тараптан тең тынымсыз адам өлтүрүү, адам канын агызуу болгон. Адам өлтүрүү бүт баарына бир болгон, генералың да, катардагы жоокер да өлтүрүлгөн. Өлүм бардыгына бирдей. Мен ошону жаздым. «...Өлтүрбө!» деген өкүтү күч бир аңгеме жараттым. Ооба, азыр адам өлтүрүү тамекинин калдыгын ыргыткандай эле болуп калды, оңду-солду атып жатышат, мен да андай иштин босогосунда болгом, аны сага кийин айтып беремин. Бул аңгеме кылмыш иши эмес, анда жаңжал, чыр-чатак, кагылыш-кармаш да жок, таптакыр башка. Мен бул аңгемени жазганда океандын түбүнөн суурулуп чыгып, көрүстөнгө барып, ал жердеги сан жеткис өлтүрүлгөндөр менен өлтүргөндөр көмүлгөн жымжырттыктын койнунда аларга жана өзүмө окуп берип жаткандай сезимде болдум. Сен мени кечирип кой, мен өзүмдүн чытырман токоюма кирип кеттим өңдөнөт, бирок сен китепканачы эмессиңби, бул аңгемени, андагы менин ойлорумду сен түшүнөсүң. Ии, баса, мен өткөн кышта Байкоңурга поезд менен баргам, космодромдо болдум. Космонавт Салижан ошо кезде космосто учуп жүргөн, ал экөөбүз доспуз, телефон чалды, узак сүйлөштүк. Бу космосуң кызык дүйнө, качандыр бир убакта анда ар бир адам үчүн жашай турган орун болот, ошо жакта жашаган адам жөнүндө эссе жазсамбы деп жүрөм, азырынча бул фантастика, бирок жазылат. Сени дагы өзүмдүн кыялыма азгырып алып кирдимби?.. Ошондоймун, сен аны кечирип кой, Элес. Айтор, кышта мен үчүн негедир өткөндү эңсеген мезгил келди, темир жол менен көптөн бери сапар тарта элек элем. Жол алдым, студенттик жылдарымды эстедим. Москванын, Ленинграддын университеттеринде окугам да, сага айтып бербедим беле. Ии, ошол. Байкоңурдан ары Саратов аркылуу Москвага жол алдым. Мен өзүм жол жүргөндү жакшы көрөм, кыялга батам, кооз жерлердин көрүнүшүнө суктанам. Бул мертебе да ошондой болдум, Элес. Сен билесиңби, мен табиятымдан жашык жаралган сезимтал жанмын, өткөн кез жүрөгүмдү туйлатып, эс-көөнүмдү муңкантып эске түштү. Ошондой болду, дилимде жашагандын бүт баары ошол тааныш жерлерди, Казакстандын талааларын көргөндө көзүмө жаш кылгыртып, улутунуп алдым. Саратов аркылуу Москвага барчу бул темир жолдо качандыр бир болгон, өткөн бойдон эстелбей калат дегендер саатын күтүп сагыныч болуп жатыптыр. Анан мен ошо саатын күткөн сагынычта эмнелерди ойлондум? Баягыл жол, баягыл эле батыштан чыгышка, чыгыштан батышка күүлөнүп учкан поезддер. А бирок андагы адамдардын тагдыры эмне болду, кай тарапка айланды? Мен ушул жөнүндө ойлондум. Бардыгы көз алдыма келди, Арал деңизин соолутушту, жаның ачыйт, тиги Байкоңурга космодром курушту. Ал экөөнүн ортосу канча? Ошо кеткен боюнча келбестей болгон жылдарда, ушу жол үстүндө жаза батальонунда кызмат өтөгөн Сергей Николаевич деген майып адамдын айткандарын муңкана угуп, өзүмө өзүм ушул тагдырды жазамын деп сөз бердим эле. Ошол аңгемеде Сергей деген уландын жазмыш-жашоосу жазылмак. Саратовдон Москвага чейинки жол эки күндү алат, эки күн бою Сергей Николаевич менен бир болдум. Анан «...Өлтүрбө» деп атаган ошо тагдыр жөнүндөгү аңгемемди жазуу керектигин мен кашайып он жылдан кийин ойлондум. Карабайсыңбы, Сергей Николаевичтин, башкача айтканда, аңгеме каарманы Сергийдин көзү өтүп кетиптир, аны тааныгандардан сурамжылап билдим. Кайран киши, мен аны Москванын бейтапканасына чейин жеткирип баргам. Сергей Николаевичтин айткандарын мен көркөм чыгармага айлантып алганымды, майдан талаасындагы бейиттерге окуп бериш керек экендигин мен ошондо түшүнгөм. Эсиңдеби, Элес, мен сага жоокерлер көмүлгөн жерлерге барып окуп бериш керек, бул маркумдарга керек десем сен аябай таңыркап, «...Өлтүрбө!» дегенди кандайча түшүнсө болот дебедиң беле. Ошондо мен сага муну түшүндүрө албай калгам. Сенин да, менин да, баарыбыздын тиешебиз бар дегем. «...Өлтүрбө!» аңгеменин окуясы Батыш менен Чыгышты байланыштырган бир жолдо, Саратов аркылуу Москвага барчу жолдо болгон. Анткени Сергий да ушул жол менен согушка кеткен, мен дагы ушул жол менен Москва, Ленинградга окууга барып келчүмүн, азыр сен да соода үчүн ушул жол менен каттайсың. Ушунун бардыгын бир нерсе байланыштырып турат. Ой, токтот мени токтот, Элес. Мен дагы бир жакка кетип баратам. Убакыт бүттү! Деген менен мен сага ушул жолу дилимди төгүп, сырымды айткым келген, ошол үчүн поездди кууп жеттим, бүт баарын жайынча шашпай айтып берсем болмок, а бирок антүүгө менин убактым жок. Анан да биздин жолугушуубузга байланыштуу айтар сөзүм көп. Жандүйнөмдө эмнелер гана бар эле, Элес. Сен аны билген жоксуң, а бирок мени сактап калдың, кыйраганы турган дил дүйнөмдү сактап калдың. Ушул жылдын жазында мен «...Өлтүрбөнү» жарыялаганы калгам, согуш менен адамдын түбөлүк табияты жөнүндө бир сөз айткым келген. Анан... Ар кандай согуш кандай гана болбосун адамдын иши. А кандай гана согуш болбосун ал баштагандын да, коргонгондун да трагедиясы. Ал үчүн биринчи чындыкты таанып-билиш керек. Мен ушул согушка чейинки чындыкты айтайын дегем. А бирок билесиңби, Элес, мына мен сага жолукканга чейин киши өлтүрүүгө көшөрө кекенген, өлтүрөм дегенинен артка кайтпаган өзүнчө зөөкүр болуп чыкпадымбы! Ии, ошондой болгон, сен ага ишене бер, жазганы башка, а жасаганы башка автор болуш, Кудайга акарат келтирүүгө тете эле иш. Ошол, Элес, ошол үчүн «...Өлтүрбөнү!» эч жерге жарыялабастан өзүмө катып салгамын. Анткени мен, айтып жатпаймынбы, киши өлтүргүм келген, ошондуктан өзүмдүн аңгемемдеги «...Өлтүрбө!» идеямды жокко чыгаргым келген жок. Экинчиден, Элес, сен тагдыр адилеттиги болдуң, мени, Элес, адам өлтүрүү тозогунан алып калдың, ооба, биздин сүйүү бизди кайра жаратты, мени башка адам кылды. Мен ошол үчүн өмүрдү кайра баштадым. Сенин алдыңда, өзүмдүн алдымда мен эркинмин жана тазамын. Сен мени ошол өлтүрөм деген дүйнөдөн алып калдың, эми мен, Элес, сен барда сени менен мен барда бир убакта көшөрө көксөгөн өч алуу кегине эки дүйнө барбаймын. Анткени эки дүйнө мага эки дүйнөнүн сүйүүсүн берди. Жетет ошол...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.