ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Көңүл бургула! Менин буйругумду уккула! Чет өлкөдөн мергенчиликке келгендер, силерди каргыш алсын! Уктуңарбы?! Силерди каргыш алсын! – үн күчөткүч анын сөздөрүн жаңыртып турду. –  Мен силерге айтып жатамын, келгин мергендер, силерди каргыш алсын! Биздин мөңгү барстарынан колуңарды тарткыла! Аларга ок чыгармак түгүл бул жерден карааныңарды көрсөтпөй жоголгула! Мен силерге өзүбүздүн жырткычтарды тукум курут кылдырбайм. Колуңарды тарткыла! Жоголгула! Барстарды тукум курут кылчуулар, жолуңарга түшкүлө! Болбосо бириң тирүү калбайсың, баарыңды атып саламын, баарыңды кырып саламын! –  деп ач айкырык салды да, айтканынан кылчалык кайтпай турганын далилдегенсип, асманды көздөй автоматтан тарсылдата ок чыгарды. Тоо жаңырып, аска кабышты. Кайсы бир жактан таштар кулап, жер силкинип жибергендей болду. Жер бекер силкинбептир, жер бекер тиштене түнөрүп турбаптыр, билген экен, сезген экен, ошол замат ар тараптан ок атуулар башталып, тилден калган тирүүлүк жаны чыгып бараткансып тыбырчылап, дүлөй дүйнөнү кыйсыпырга түшүрдү. Арсен Саманчиндин аты окурана ооздук кемирип, тарса-турс түшкөн ааламга батпай, чыдамы кетип ойт берип үрктү да, анан ошо замат качарында тийген октон бир кишенеп чаңырып алып, мүргүй барып күп эте жерге кулады, Арсен Саманчиндин бутун баса жыгылган экен, ооруксунган бутун аттын капталынан араң чыгарды. Атышуу айыгыша күч алды, Таштанафган тарап да, Бектур тарап да жин тийгендей өчөгүшө атып жатышты. Арсен Саманчин мына бу чалды-куйду, будуң-чаң түшкөн учурда ким эмне болгонун билалбай калды.

Ат жаныбар сунган бутун тарталбай жатат, жаны чыккан экен. Арсен Саманчин дене өлүк абалдан чыгып, анан гана түшүндү, бир нече жараат алыптыр. Мүрүсү, көкүрөгү, бели кан какшатып сыздайт, кыймылдаса эле жаны чыгып кетчүдөй көзүнөн жалын чачырайт. Денесин бош койсо эле ылдый кулап кетчүдөй экен, ошондуктан тик эңкейиш жерден жанын оозуна тиштеп болсо да оолактагысы келип, боортоктоп жылууга аракет кылды. Жүрөгү оозуна тыгылды, көзүн кайра-кайра ирмеп алды, дал астынан дене-башы канга боёлгон, тоонун сеңириндей болгон барс чыкты. Бул кадимки Жаабарстын өзү болчу. Ал ырылдап алып, жер менен жер боло жылып, ок тийген бутун сүйрөп жандап өттү. Кыямат келген экен, асмандагы күн ары-бери термелип, улуу тоолор теңселип, шамал аны алкымдан алып муунтуп бараткандай туюлду. Ал мегафонду ары ыргытып, автоматын таштады да, эмнегедир жаралуу Жаабарс тарапка барууга аракет кылды. Эмне үчүн? Өзү да жакшы түшүнгөн жок, анткени ал кансыроодон эч нерсе көрбөй, эч нерсе сезбей бараткан. Кутурган иттей жинденген Таштанафгандын: «Акмак! Чыккынчы! Ичи тар ит! Сени кескилеп өлтүрүш керек! Жардан учуп өл! Бизди сатып кеттиң!» – деген сөздөрүн, өкүрүп-бакырып шыбай сөккөнүн уккан жок. Ал эми Бектур карыя кара жерге өбөктөй өксүп: «Уят болдук! Өлдүк! Ушундай да болорбу?! Кудай менен ата-бабанын каргышы тийсин!» –  деп сакалын жулуп, жер муштап жатты. Ханзадалар да кыйсыпыр түштү, жанталашып качып баратышат, арабчабы, же башкачабы, айтор, кыйкырып житип кетишти.

Бул алаамат заңкайган улуу тоолорду кыйлага чейин дүңгүрөтүп турду. Анан барып башаламан атышуулар ок жегендей токтоду, ызы-чуу түшкөн кыйкырыктар адашкандай бириндеп, үзүлө-үзүлө чыгып, анан анысы да басаңдай баштады. Кайран Арсен Саманчин, кирпик ирмеп алганча кандай алаамат баштап ийгенин бир билип алса эмне?! Атандын көрү куу дүйнө, азыр анын билмеги түгүл, ойрону түшкөн дүйнөнү ойлогонго алы жок, ок тийген жерлеринен чыгып бараткан жан азабын тартып жатканы. Көкүрөгүнөн аккан кан акыры алып тынчудай, денесин жууп, кийимин чылап бүтүптүр. Түшүндү, бир ыңгайлуу жерден жай алышы керек. Ошентти, ок тийген жерин алаканы менен басып, ар сөздүн башын айтып, теңселе кадам шилтеди, кансыраган экен, тула боюн кармай албай көңүлү көчүп жыгылды. Эс-күчүн жыйып кайра турду, аба жетпей деми кысылып барат.

Моло-Таш үңкүрү кай тарапта экени эсине түштү. Эптеп жеткени барат, көзүнөн Моло-Таш учуп, көөнүнөн Моло-Таш чыкпай чалыштап барат. Үңкүр мына, көрдү да бир аз жеңилдеп, ага жөрмөлөп кирди. Ошо жерден карегинин канжар жалыны өчүп бүтүп, жансыз тартып тунара баштаган көздөрү үлүрөйүп, таргыл дөөдөй сулк жаткан кайран Жаабарсты көрдү. Дүйнө кызыгы түгөнсө керек, былк этип койгон жок. Алга карай сунулган колдорунун үстүнө койгон казандай башын көтөрүп, ким болду экен деп караганга да шаасы жетпеди. Ошо калыбынан козголбой оор кыркырап-онтоп, дем алып жата берди.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.