ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Убактымдын жетишинче сага ушуларды айтып берейин дегем. Ушунун баары, Элес, өзүңө жолуккандан кийин жаралды. Жандүйнө сырын жаны биргеңе гана айтсаң болот, анан да бозоргон бейит шаарына барганда эмне ойго келет, мен байкуш «...Өлтүрбө!» аңгемемде эмнени айтууга аракеттендим? Сергийдин тагдырынын сырын арбактар угушу үчүн жана да бул жашоодо тирүү жүргөндөр ар дайыма эле андайды таанып-биле бербегендиги үчүн көр түбүндөй жымжырттыкта, бейпилдик бейишинде күнүмдүк көртиргиликти катыштырбай тигилерге гана үн чыгара окуш керек. Ар бир адамдын көңүлүндө ыйык туткан өз келмеси болууга тийиш. Менин келме-дубам ушул «...Өлтүрбөнүн» текстинде, эгерде сага жакса, сен макул болсоң, анда мага кошулгун, ой-санааны бирге тартабыз. Бул сүйүүнү кайра жашартып турар касиет. Ии, баса, жан дептериме жазып койдум, «...Өлтүрбөнү!» Москванын жанындагы айтылуу Волоколамск бейитине жана Брест сепилинин алдында жана башка ушундай кыргын баскан жерлерде, анан да Европада окугум келет.

Кечирип кой, Элес, сөзүм көп болуп кетти окшойт, а бирок бакыт деген да, анын сени менен бир болушу да өтө кыска болот, ошол үчүн адам бакыт деген эмне экенин учурунда билбейт. Мен дагы башка жакка кетип калдым өңдөнөт. Ооба, мен азыр тоодомун, анткен менен мен сени менен бир купеде отургандай сүйлөшүп жатам. Ошондой, Элес, мунун бардыгы кыял, ошо кыялдын да чеги болуш керек. Азыр, биз токтогон жерди көздөй бир атчан адам келатат, ал Кудай урган Таштанафгандын айдакчылары болуу керек. Мейли, убакыт келди, айла жок, ишке киришели. Көрүшкөнчө, Элес! Жолугушканча, Элес!

Арсен Саманчин жаңылышпаптыр, айдакчы Саксагай келди. Үрпөйгөн башын меймандарга ийкеп саламдашкандай болду да, шеф Бектурга кайрылды. Таштанафган атайы жибериптир, мөңгү барстарынын эки үйүрү бар экен, аларга дүрбү салып, акмалап жатышыптыр, ал эми узун куйрук казан баш барс жалгыз, аны койдой айдап келсе болот. Аны кандайча бул жакка айдоону, кайсыл жерден кандай өтүү керектигин Арсенге Таштанафган өзү түшүндүрүп берет экен. Жолун, өнүтүн өзүм көрсөтөм деп жатыптыр. Шеф Бектур ошо замат Арсен Саманчинге барып кел, иштин көзүн байкап кел деди.

– Бу меймандарга кайда барарыңды, эмнеге барарыңды, мергенчилик башталардагы жагдайды айдакчылар айтып, көргөзүп берерин жакшылап түшүндүр. Качыргандан кайтпаган жырткыч кол салуудан тартынбайт. Этият болгула, бадал-шак аралай качса кайрылбайт. Өңүтүн көрсөтүшсүн.

Арсен Саманчин ханзадаларга иштин жайын түшүндүрдү, бир азга күтө туруу керектигин өтүндү да, мергенчилик кандай башталарын, барска барар жолду көз чалгындан өткөрүп келерин айтты.

Саксагай алдыда бастырып барат, жол кыяматтын кыясындай кыйын экен. Чычкандын изи түшпөгөн түнт чытырман бадал-шакты аралай, таш секиртмек кыл чыйыр менен кууш капчыгайга жетишти. Айлана дүлөй дүйнө экен, төбөңдөн асман гана көрүнөт, кайсы бир куштар айланып учуп жүрөт. Башка эч нерсе, бадал-шак, карагай-кайың дегениң да кыймылдан калган, түн түшкөндөй түнөрөт. Саксагай мегафондон өктөм үн катты:

– Таштанафган! Биз айтылган жердебиз! Уктуңбу, биз ошол жердебиз!

Тигил да мегафон менен жооп берди:

– Мен дагы ушул жердемин! Азыр!

Арсен Саманчин аттан түшөйүн деди эле, Саксагай аны токтотуп койду.

– Эмнеге түшкөнү жатасың? Аттан түшмөй жок, тигине, Таштанафган келип калды.

Каптал тараптагы бадал-шактын арасынан моюнуна үн күчөткүчүн салаңдата илип алган, автомат асынган, балээни баштаганы калган тура, башына баягыл аскер шапкесин баса кийген Таштанафган минген атын алкынтып чыга калды. Арсен Саманчин таштай катты. Тигиниси түшүндү окшойт, шапкесин жогору көтөрүп, кайра кийип койду да, ошо замат:

– Акырая караба! Биз баарыбыз даярбыз. Бешөөбүздө тең автомат бар. Эки гана жол бар, же 20 миллионду колубузга салышат, же бүт баары күм-жам болушат! Бир да жан тирүү калбайт, эч кимди аямай жок! Уктуңбу, Арсен! Сен эмнеге унчукпайсың?

– Эмне дешим керек эле? –  Арсен Саманчин аран сүйлөдү. – Сен кабатыр болбогун, бүт баары жайында болот дебедиң беле?

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.