ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Дал ошондой болуп жатат, бардыгы жайында. Тартибибиз ушундай, ирети менен аткара бер. Бул жакка бурул, мына бул жерде баягыл мен айткан Моло-Таш үңкүрү бар, ага катыра мина коюлган. Тигил ханзада-бийлерди ошол жерге айдап киребиз. А сен азыр мен айткан сөздөрүмдүн бирин калтырбай англисчеге которуп турасың. Өз энчибизди гана алабыз, башканын кереги жок. Мына бул жерде үңкүрдүн оозу бар, аттан түш да, үңкүрдүн ичин көрүп чык, орун жетишет. Барымтага алынгандар туура бир түн, бир күн отурушат. Башын сайган акча болбосо мүнөтү мүнөт келгенде булардын көзүн тазалап ийебиз. Эмне эле унчукпайсың? Эстен тандыңбы? Тилден калдыңбы? Үн чыгаргын мен сага ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергенмин, сен аны билесиң. Бүт бардыгы эсептелүү, суроо болбош керек, буйрук гана калды, буйрук гана аткарылышы керек. Башты айлантпагын, эмне, мени момпосуйдай эрип кетет дедиң беле?! Андай нерсе сенин түшүңө да кирбейт. Түшүндүңбү?! Эмне сүйлөбөйсүң?! Мен сенден менин буйругумду токтоосуз аткарасыңбы, же аткарбайсыңбы деп сурап жатам?

Арсен Саманчин шашканынан аттан түшө калган эле, кайра элеңдеп Үзөңгүгө бут салды. Алактаган Арсенди тигил теше тиктеп, какты:

– Токтогун! Адегенде угуп ал. Эсиңден чыгып калдыбы! Сен аларды бул жерге ээрчитип келесиң дебедим беле! Биз алардын куралдарын алабыз, анан колдорун өйдө көтөртүп үңкүргө айдап киребиз. Сүйлөшүү кылтың-мылтыңсыз катаал болот, өкүмдүк кылабыз. Сен менин буйругум боюнча аларга өздөрүнүн спутниктери менен алардын жерине, кимиси менен сүйлөшөт, кантип жеткирет, алардын иши, билдиртесиң, 20 миллион бир сутканын ичинде ушул жерде болушу керек. Бул буйрук деп айтасың, соодалашпасын. Алардын айткандарын мага сөз калтырбай кыргызчалап турасың. Түшүндүңбү?! Түшүндүңбү деп жатам! Эгер андай болбосо сен туткундасың. Сенин да, алардын да иши бүтөт!

– Шашылбагын, – деди акыры Арсен Саманчин араңдан зорго. Таптакыр эсинен кетип элирип алган немени азыр ынандырыш кыйын эле. – Эгер сен ушундай чечсең, анда билип кой, бир тамчы кан төгүлсө, мен эч нерседен кайра тартпайм.

– Коркутпа мени! Бир тамчы канга жол бербейм. Барымтага алынгандар үчүн 20 миллион. Бүттү! 20 миллион алып келсе тирүү кетишет, болбосо жок. Бул менин сөзүм. Калганын азыр аткаргын. Тездеткин! 20 мүнөт гана беремин. Бир секунда да ашык эмес. Жөнөгүн, аларды бул жерге биз менен жолугушууга ээрчитип кел. Башканын кереги жок. Эсиңе түйүп кой, барстарды атуу үчүн эки ханзада гана келсин. Барстар буктурмада дейсиң, калгандары кийин деп айт. Булардын адамдары да, Бектурдун кишилери да ошол жерде күтүп турсун. Түшүндүңбү?! Ашып кетсе 20 мүнөт! Түшүндүңбү?! Бүттү, буйрукту аткар!

– Азыр, – деп түшүнүксүз бир нерсени айтты да, Таштанафгандын башындагы шапкени көз кыйыгы менен карап койду, кыязы бул болбосо бардыгы башкача болмок деди окшойт. Оор күрсүнө унчукпай атка минип, азыр эле келген тарапка кайрадан бет алды.

Тирүүлүк тилден калган жымжырттыктын койнунда артына кылчак карабай, ээрге бир аз бүкүрөйө отуруп, ындыны өчүп, жерден башын алалбай, азабой кара таш болуп кетип барат. Анткени ал азыр кайра бул жерге ханзадаларды ээрчитип келиши керек, аларды мынабу мерездерге көз көрүнөө колго түшүрүп бериши керек, анан алар менен кошо өзү да туткун болушу керек. Алдыда ушундай ойлоп тапкыс тагдыр туру. Көр ичиндей жымжырттык. Төмөн көздөй аккан майда суулардын алда неден корккондой шылдыраганы гана басылбайт. Төбөдөн кандайдыр бир куштар жай, жердеги жымжырттыктай үн чыгарбай учуп өтүштү. Ат жаныбар өзү жол ыңгайын таап, корумдан аяр өттү да, ханзадалар турган тарапка баратты. Ойлоно турган эч нерсе деле жок эле, ошентсе да жаман кабар айтканы келаткан чабендестей шалкы бош, аза күткөн адамдай араң ыргалып келе жатты. Жетерине аз калган, аска таштын артындагы бадалга келип, ат тизгинин шарт тартты да, тегерекке көз чаптыра үзөңгү тээп тура калды. Эмне болду? Оң ийинине асынган мегафонду шашыла алды да, ээр кашына автоматын коё коюп, бир нерсе айтчудай камына калды. Ошондой болду, Арсен Саманчиндин жаалданган өкүм үнү жан чыгара жаңырды. Англис, орус, кыргыз тилинде жиндене да, каардана да кыйкырып кирди:

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.