ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Сен дагы мында белең? – деди эмнегедир Арсен Саманчин аны менен абалтан тааныштан бетер.

Жаабарстын өрттөй өмүрү кан болуп агып жатты...

Арсен Саманчиндин тамыры да Жаабарстай кыймылдан кала баштады.

Адамдын каны менен жырткычтын каны үңкүр таманында кошулуп, бир жерге билинбей сиңип жатты...

Ушу саам, ушул мүнөттө адам менен жырткыч бир асмандын алдында, бир үңкүрдүн ичинде каршылаш да, кас эмес болуп, сүйөнүшө катар жатышты...

Улуу тоонун үстүнөн бул кандайча жазуу деп добул жүрүп, күн күркүрөп, чагылгандын канжар оту булуттарды тилип-тилип жатты...

Бир сааттын аркы-берки жагында «Мерген» фирмасынын эл аралык аңчылык бизнес-долбоору астын-үстүн түштү да, анын минтип куу камыштай күйүп кетишине Бектур аганын ишенген иниси себепкер экенин андагылардын эч кимиси ишенген жок, анткени алардын ою боюнча мындай болушу такыр мүмкүн эмес эле...

Ханзадалар аттарынан түшөрү менен машиналарына жоо куугандай шашыла отурушту да, Туюк-Жарга куюндай тийип, коштошпостон отуруп, коштоочулары менен «Хаммерге» түшүп, Олуя-Атанын аэропортун көздөй, карышкырдан качкан кийиктердей жүрүп беришти.

Туюк-Жардын көчөлөрүн өрт басты. Эл деген эл, болгон иштин чет-бучкагын угушуп, айылды көтөрүп ийишти.

– Уят эле болдук, каргышка калдык!

– Арсенди тирүүлөй асып салса да аздык кылат! Аны тирүүлөй өрттөп, күлүн көккө сапырыш керек!

– Ушундай иштин ойронун чыгарды! Бектур агасын кашайтты, биздин ырыскыны тепти!

– Жакшылык көрбөсүн! Ага адамдардан айбандар артык экен да! Тууган-уругуң сенден колун тартсын!

 Ошону барстар тирүүлөй тытып жесе экен. Сооп болот эле!

Буларды да түшүнсө болот, аңчылык-бизнестен айылга бирдеме түшмөк, ошон үчүн эл ырыскысын оозунан алдыргандай болуп бейпайга түшө беришти. Анан алар бирин бири сүрөп отуруп, Арсен Саманчиндин эжесинин үйүн көздөй жабыла жөнөп беришти да, короого келип, колдоруна тийгенин жулуп, тепкенин тээп талкалап, «Нива» машинасынын айнектерин, ал тургай фараларынын таш-талканын чыгарып, кузовун мырыйтып, эл безери неменин буюм-тайымдарын өрттөйбүз деп ызы-чуу салышты. Анан кермеде илинип турган Арсендин көйнөгү менен курткасын ит талаштай тытып, колго көтөрүп жүрүүчү компьютерин эжесинен жулуп алышып, талашайын дегенде аны кадимкидей жулмалашып, абийирин айрандай төгүштү. Уста жездеси үйүндө не болуп жатканын уккан экен, жумушунан чуркап келсе, үй-жайын үч көтөрө сапырган эл ары түртүп, бери түртүп ур-токмоктоп салышты.

Капылеттен чагылганы жарк этип, күн күркүрөп, жамгыр төгүп киргенде гана чуу салгандар тарай башташты. Жамгыр ого бетер күчөдү, тоолорго чагылган түшүп, добул жүрүп, асман титиреп, жер калчылдап жаткандай болду.

Ошо күнү кечке маал Элес бир нерсени сезгенсип вокзалдан Туюк-Жардагы эжесине телефон чалды. Мурда минтчү эмес, эмнегедир кетеринде байланышып турам деп чөнтөк телефонун атайы калтырган, ошонусу жакшы болуптур. Саратовго жөнөргө жарым саат калган кезде үй-бүлөңөр кандай, не жаңылык, мен азыр поездге отурам, кетебиз, а бирок тез эле кайра келгенге аракет кылам деп эжесине телефон чалды. Анан да арабдарды, айрыкча Арсен Саманчинди сурайын деген, тоого кеткендерден кандай кабар бар экенин билгиси келген. Сурамак түгүл аны-муну айтканча эле эжеси туталана кыйкырып ийди:

– Бул сенсиңби, Элес?! Тоого кеткендер чатак. Сенин Арсениң ишти ойрондоптур. Бүт айыл дүрбөп жатат, Арсенди сөгүп, каргап жатат. «Биздин барстардан колуңарды тарткыла! Бул жерден кеткиле! Жоголгула, каргыш тийгирлер!» –  деп жанагыл үн күчөткүчү менен айтыптыр. Айтор, аларды кубалаптыр, аларга ок атыптыр. Ханзадалар жүрөгү түшүп, ошол жерден эле качып жөнөшүптүр. Ошентип атышуу башталып кетет. Бектур ага кокуйлап башын ташка койгулайт. Бизнеси бүт күйүп кетти деп жатышат. Айылдагы эл Арсениңдин эжесинин короосун талкалап, айтпаганды айтышыптыр. Арсендин өзү жок имиш, бир жакка жоголуп кетти деп жатышат, дагы бирөөлөр аны атып салышыптыр дешет, же өзүн өзү атып салганбы, айтор, жок окшойт. Элес, сен мени угуп жатасыңбы?! Эмне унчукпайсың? Эмне болду? Сүйлөсөң боло, бай болгур?!

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.