Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

Талынын башы ийилип,

Жаткан экен Ак-Талаа

Адыр-бүдүр бел экен,

Абыдан сонун жер экен.

Бөөт көлчүк, сазы бар,

Бөлүнгөн өрдөк-казы бар,

Алмасы бышып көң болгон,

Жаңгагы бышып сай толгон,

Кызгалдак чөбү кылкылдап,

Кымыздык чөп, ышкыны

Тегиз бышып былкылдап,

Жаткан экен Ак-Талаа.

Ортосунда оргуган булак суусу бар,

Жылтыргандуу шыбагы

Жыргалдуу экен убагы.

Суу боюнда өзөнү,

Бу жерге басып адам келбеген

Элкин экен жерлери.

Чырпыктары чынардай,

Чынарлары мунардай,

Чымчыктарын карасаң

Тоодо улуган улардай.

Кескелдирик жыландай,

Жыландарын карасаң

Тогуз кулач аркандай,

Алда Таала кудурет

Жан жараткан ар кандай,

Ак-Талаа жайы ушундай.

Эркин экен талаасы,

Бөрсө деген бир жан бар

Курсагынан бөрсөңдөп,

Чыгып жүрөт баласы.

Түрлүү-түрлүү жаныбар,

Жан көрбөс жандын баары бар.

Киши кийик, төө кийик

Адырында мунусу.

Элкин жаткан жер экен,

Мунун аягын Алтай дээр экен,

Ал Алтайды жердеген

Кара калмак, манжуу журт,

Кайнап жаткан эл экен.

Балтай, Жакып баштыгы

Эмгекке колу байланып,

Кыргыздан чыгып кырк үйлүү

Алтайга барды айдалып,

Айдалып барган карыптар

Артык Алтай жер тапты,

Кара калмак эл тапты.

Кыргыздан каңгып жоголду,

Кыйланын баары кайгырды,

Кыйналып журттан айрылды.

Кара калмак дээр экен,

Өзү кадырман сонун эл экен,

Кең Алтайды жайлаган,

Эшигинин алдына

Миңден кысыр байлаган.

Аркысы тыргоот, көп калмак

Окто тийбей карыган

Ойноп жүргөн аты бар,

Төрт түлүктүү калың мал

Калмагың күткөн экен каркыбар

Айдалып барган кырк үйлүү

Баштыгы Жакып, Акбалтай

Кырк үйлүү кыргыз курган журт

Саанчы кирип, сүт ичип,

Минтип жанын бакты эми,

Жылкы жайып, күч минип,

Антип жанын бакты эми.

Кара калмак, манжуудан

Эчкинин тоңгон майын жеп,

Эбин таап кысыр тайын жеп,

Минтип жанын бакты эми.

Бул калмакка келгени

Он эки айга толду эми.

Кырк үйлүү кыргыз ичинен

Акылманы Акбалтай

Кыргыздан келген көк бука,

Көк буканы союшуп

Көңүл толгон көп капа

Көп капаны жоюшуп,

Бала каздай каркылдап,

Ак сакалы жаркылдап,

Абаң Балтай кыргызга

Акыл айтты жаркылдап:

«Кырк үйлүү келген күнөкөр

Алыста калды бусурман

Ордолуу шайык көк жөкөр

Айдалып келген бусурман

Жерибиз Алтай дээр экен,

Алтайда кара калмагың,

Эң эле сонун эл экен.

Балдар капанын баарын чачалы,

Кайгырсак кыргыз табылбайт,

Алтындын кенин казалы.

Кетмендеп жерди оёлу,

Кайран жан өлүп кеткиче

Балдарым, кең-кесири тоёлу.

Балдар, капанын баарын коёлу,

Кайгырсак кыргыз табылбайт,

Көрүнсө абийир жабылбайт.

Бизде, балдар,

Бел байлаган бел да жок,

Медер кылып жүрүүчү

Белгилүү кыргыз эл да жок,

Бизде калка кылар Огой жок,

Качып кирер токой жок,

Биздин эл аккан булак жок,

Дардайып жатар убак жок.

Жан багуучу карыппыз,

Кара калмак, манжуунун

Ортосунда калыппыз.

Алтай артык жер экен,

Калмак да караандуу

Журту артык эл экен.

Кыйбат сөз айтам билип ал,

Керүүгө тиккен бак да жок,

Керсейип жатар чак да жок,

Талаага турган бак да жок,

Бизде талтайып жатар чак да жок.

Сегиз, тогуз жыл болсун

Жан аябай турушуп,

Аябай жанды багалык,

Кара жер менен урушуп.

Атагы Алтай жер экен,

Кара калмак, манжуу журт

Бул аштык билбес эл экен.

Кырсыкты чечсе жараткан

Дардайышып жатасың,

Алып койгон эмгектин

Табагын тайга сатасың.

Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл,

Ачкан курсак тоюнат,

Арыганы семирет!»

Акыл айтты Акбалтай,

Олуязаада жан экен,

Акбалтай аттуу карынын

Чоң акылы бар экен.

Айзакерден мыктуу экен,

Айла тапкыч ыктуу экен.

Акбалтай бизге кан экен,

Каңгып келсек бул жерге

Акбалтай берди жараткан

Бизде өлбөчү күндөр бар экен.

Баатыр Балтай кырааның

Билбегенди билгизген

Билимдүү Балтай эр экен,

Туйбаганды туйгузган

Туйгун Балтай шер экен,

Касиеттүү жан экен,

Сүйлөп турса сөзү ачык,

Бу дүйнөдө көзү ачык,

Касиеттүү жан экен,

Атагы нойгут каны экен.

Азып келдик алыстан,

Акбалтайды берди кудурет,

Ушу турган калың журт

Бир ырысы бар экен.

Медер кылды Балтайы

Ушул Акбалтай тилин алалы,

Чекеден тер агызып,

Аштыкты кенен салалы.

Кайгынын баарын жоёлу,

Кара жерди быйыл

Кетмендеп жатып оёлу.

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.