Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

Сурап ичсе тойбогон,

Сугалагын койбогон

Менин арсланым кыргыз элим жок!

Кудайдын салган дүмөгүн

Көтөрбөскө чарам жок,

Көп ээсиз малды мен жыйдым,

Муну күтүп алар балам жок.

Кырк үйлүү кыргыз биз болдук,

Кара калмак, манжуунун

Ортосунда турабыз,

Же калкты табар айла жок,

Калайык, кандай арга кылабыз?

Бу калмактын ичинде

Абаңыз Жакып өлөбү,

Баласыз Жакып экен - деп,

Каран калган көп малды

Калмак кечили келип бөлөбү?

Кочкусу кордук салабы,

Баштатан кордолуп келген эл элек,

Каран калган бу малды

Кытайың ээлеп алабы?

Жез түркүктүү чатырга,

Каяша берген адам жок

Бу кара калмак баатырга!

Долоно саптуу ай Балтай

Муну толгонтуп ийбей ким аштайт,

Бу тосуп жүргөн көп журтту

Томсортпой муну ким баштайт?

Кара жаак ай Балтай

Муну кайкалатпай ким аштайт,

Камоодо жүргөн калың журт

Муну капа бир кылбай ким баштайт?

«Балам жок» - деп зарланып,

Байыңыз Жакып муну айтып,

Чылгый ичи өрт жанып,

Чындап тилейт баланы,

Минтсе да бала көргөн жок,

Арданып Жакып өлгөн жок.

Жакып арман кылганда

Кырк үйлүү кыргыз жашыды,

Жакып кандын сан кара

Көктөмдө чөптөй ташыды.

Эки көздөн аккан жаш

Эсил Жакып карынын

Эки бет ылдый кулады,

Эбедейи эзилип,

Эр экен Жакып байыңыз

Эгемден бала сурады,

Аны мындай таштайлы

Бу учмактуу Бээжин шаарынан

Улук экен Эсенкан

Эми ошондон кабар баштайлы.

Каканчынын Бээжинден

Атактуу Эсенкан экен,

Алты жылдык азапты

Азыр ойлоп билүүчү

Зыйкырчысы бар экен.

Бал ачуучу төлгөчү

Малакай калпак кийүүчү,

Жети жылдык кекерди

Жеткилең ойлоп билүүчү,

Ачык айтчу жарчысы,

Зыйкырчысы, балчысы.

Бээжиндин жайын сураба,

Бээжин бекер жер эмес,

Кытай оңой эл эмес.

Кечээ Нук байгамбар тушунда,

Топон суу жүргөн ушунда.

Топон суу толкуп ашканда,

Дүнүйөнүн баарысын

Карап кылып басканда,

Көөдөндө калган көп арман,

Топон суу толкуп жете албай,

Ошондо тогуз жүз түтүн эл калган.

Кечээ ак байгамбар Мукамбет

Аршыга чыгып турганда,

Нур төгүлгөн Бээжинге

Буга эч ким назар салбаган,

Кайраттуу сурак албаган,

Байгамбардын барында

Ушул турган Бээжинде

Эчен түркүн эл калган.

Капырга казат салганда,

Чынмачындын канын

Аламын деп барганда,

Катын алып Бээжинге

Калып калган туркана,

Чындаса таап алабыз,

Чын бусурман дуңкана.

Бээлесең болот бейарман

Чын кыргыздын тукуму

Чынмачындын Бээжинде

Салалык деген эл калган.

Элдин жөнүн билгенге

Эсел экен Эсенкан,

Түп атасы Чылаба,

Орноткон кымбат шаары бар,

Жети жылдык азапты

Жети күндө билүүчү

Жети аяры дагы бар.

Зыйкырчысы билиптир,

Эсенкандын алдына

Калайман салып кириптир.

Эсенкандын алдында

Кароолго чыкчу мунара,

Мунара жайын сураба -

Токсон миң кулач бийиги,

Мунардагы коңгуроо -

Коңгуроосу коло жез,

Жоондугу үч кулач,

Үнүн уксаң оолак кач.

Эңдеме коңгуроо

Коңгуроосун бир урса,

Эсенкандын билими -

Алты күндүк жерине

Ашпай-шашпай угулат,

Бу капырдын тийими.

Мунарга жарык жагылды,

Коңгуроо бекем кагылды,

Коңгуроону укканда

Зыйкырчы тегиз жабылды.

Илийи бичик колго алып,

Бичигинен көрүптүр:

Майлаган буудай жүздөнгөн,

Күүгүм туман көздөнгөн,

Ач арыслан түрлөнгөн

Атактуу Манас кан чыгат,

Ошонун каарынан жан чыгат,

Ал бурутта туулат,

Манас атка мингенде

Сенин тыргоотуң тыйпыл кырылат.

Орто бойлуу, кең далы

Кыргыздан Манас кан чыгат

Мунун каарынан жан чыгат.

Телегейин тең тубат,

Буруттан Манас шер туулат,

Жүргөнүнөн чаң чыгат,

Добушунан жан чыгат.

Арысландай шер туулат,

Ааламды бузган эр туулат.

Ошол Манас туулса,

Себилдүүсү сексен төрт,

Серп алган жагы кызыл өрт.

Манас туулуп чоңойсо,

Эгерде бизди оң кылбайт,

Бу Бээжинди соо кылбайт.

Түп атабыз Чылаба,

Түгөнгүрдүн эрдиги

Ааламды буй кылат,

Ал Манастын шердиги.

Ичсе канга тойбогон

Бейжай салчу эр ошол,

Алышканды койбогон.

Карап кылат каныңды,

Карайлатат баарыңды,

Чыркыратат жаныңды.

Таш-талканын чыгарат,

Бел байлаган белиңди,

Кызыл канга бөлөнтөт

Ушул турган кытай элиңди.

Улугуңду, каныңды

Буруттан Манас эр чыгып,

Уйпалайт Бээжин шаарыңды.

Ошол Манас туулса,

Ак маралды уй кылат,

Ушул турган Бээжинди

Алда нече буй кылат.

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.