Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Түрү өзүңө белгилүү
Түзүн көрүп таанырсың».
Эсенкан менен Карыкан
Эсепсиз буйрук кылганы,
Сынчысы тегиз чогулуп,
Кытайды кудай урганы.
Бал тартуучу дарыгери,
Көзү ачык мыктуусу,
Жаман менен жакшыны
Айра билчү артыгы,
Кылычы кынкай курчтуусу,
Кара көңүл мыктуусу
Бээжинден чыкты миң аяр,
Мунун билимдүүсү бир далай,
Билге жүктөп ок алып,
Оңой кытай журт эмес
Билимдүүсүн чогуу алып,
Бээжинден чыккан аярлар.
Балбаны Дөңгө баатыры
Адам тилин билбеген
Айбанга чалыш капыры,
Шибеден бар Музкиндик,
Тыргооттон бар Солобо,
Кажылдаган капырдын
Сынчысы мындай болорбу.
Токушкерден Бозкертик,
Солоңдон бар Ороккыр,
Кыргызды көздөй бет алып,
Кытайдын кармап шайтаны
Кажылдаган капырдын
Кайсы бирин айталы.
Кытайлардын чоң Дөөдүр,
Боз качырчан Маамытбек,
Атагын көргөн чочуган,
Айткандардын баарысы
Ажайыптан окуган.
Алышып адамдын күчү жетпеген,
Арслан тиши өтпөгөн
Адам билбес сөздүү бар,
Башында чакадай жалгыз көздүү бар,
Жалгыз көздүн себеби -
Атасы кытай долусу,
Адам тилин билбеген
Айбанга чалыш доңузу.
Ороккыр менен Музкиндик
Кытайдын мыктуу балбаны,
Туула элек, Манас дайыны жок
Бурутту көздөй жол жүрүп,
Бала издеп калганы.
Зыйкырчысы сындан көп,
Ажайыптан окуган
Капырлардын аярлары андан көп.
Эл сыначу жакшысы
Буйрук алып канынан,
Эр куралып, кол алып,
Күрсүлдөгөн капырлар
Күл азыкты мол алып,
Бир аярда миң балбан
Кызматына бериптир,
Кырк күнчүлүк чөлдөрдө
Кутургандай желиптир,
Алтай, Каңгай эки жай
Буга Дөңгө келиптир.
Кырк үйлүү кыргыз баласын
Койбой жыйып алды эле,
Чубатууга салды эле.
Он жетиден ылдыйкы,
Жарым жаштан өөдөкү
Балаларын жыйнады.
«Балдарды кырып кетет - деп,
Түпкө чогуу жетет» - деп,
Айдалып келген карып журт
Баштыгы Балтай кан болуп,
Айласы кетип ыйлады.
Алты аяр катар тең туруп,
Алты күн катар сынады.
«Манас болсо белгиси -
Кулагы учу тешилүү,
Сүрүнети кесилүү,
Белгисинин баары бар,
Оң далынын үстүндө
Табактай кызыл калы бар,
Аркасында баланын
Кара көк жал жалы бар,
Аты «Манас» коюлган
Айылыңда бала барбы?» - деп,
Жар чыкырып сурады.
Балбандардын минткени
Айылдын баарын тинткени,
Мындан бала табалбай
Андан ары жөнөдү.
Буйрук алган балбандар
Ат бороюн сыдырып,
Ааламдын баарысын
Издеп жүрүп кыдырып,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айлана кыдырып,
Жердин түбү Желпиниш
Жети айлана кыдырып,
Мындан бала табалбай,
Көөнө-Турпан, кең Барбар,
Көчүк жагы Лоп дайра
Мунун баарын кыдырып,
Топурактуу чөл менен,
Толкуган кумдуу бел менен,
Тозокту тартып балбандар
Ааламды сыдырып,
Так алты жыл кыдырып,
Мындан бала табалбай,
Алты-Шаар, Кокон кан,
Аяк жагы - Самаркан,
Маңдай жагы - Маргалаң,
Алкым жагы - Анжыян,
Бузулган-Чамбыл, Букара,
Мунун буйгат жагы Сары-Арка,
Сары-Аркада Айдаркан
Казактардын каны экен,
Аты казак колунда
Канча журту бар экен,
Андан бала издеди,
Андан бала табалбай,
Букардагы Каракан
Мындан бала издеди.
Бузулган-Чамбыл жердеген
Ошондогу Буудай кан
Мунун журту мынчалык
Муну жыйып алганы,
Жаш балдарын чубатууга салганы,
Мындан бала табалбай
Кайра тартып калганы.
Сайылган жери Самаркан,
Самарканга келди эми,
Түтүнгө бала салганы,
Түк койбой жыйып алганы.
Энелери чуу туруп,
Элди бузуп жиберди,
Аталары чуркурап,
Арыкты бузуп жиберди,
Жеткилең эли чуулады,
Жети күн бала чубады.
Самарканда Чоң Эшен
Касиеттүү жан экен,
Ал Эшендин колунда
Аты Манас коюлган
Бир дардайган бала бар экен.
«Аты Манас коюлган
Айылыңда бала барбы?» - деп,
Кыстоо салып турганда:
«Караган балаң ушу» - деп,
Калкты кудай эми урду,
Аты Манас бала - деп,
Калайыктар кеп урду,
Эл чогулуп кат койдук,
Эрдигинен балага
Жар Манас - деп ат койдук.
Кара тилин кайрады,
Калың кытай ичине
Бир абышка сайрады
«Аты Манас бу бала
Балбандыгы бир канча,
Баатырлыгы бир мынча,
Жети жашка келгенде
Өз билгенин кылганы,
Ойноп жүргөн баладан
Так он экисин кырганы.
Атасы Эшен чоң экен
Кыйналбай таптың Манасты
Балбандарым, эгерде ишиң оң экен!
Аты Манас бул бала