Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Алек болуп жан менен
Акылынан шашканда
Бул экөө тоого чыга качканда,
Тирүүлүккө жутунду
Бир караанын тийгизбей,
Туугандыгын билгизбей
Өздөрү качып кутулду.
Чалышарга чама жок,
Алышарга айла жок
Кара калмак, көп манжуу
Төбөбүздөн басканда
Кечээ быт-чыт кылып
баарыбызды чачканда,
Кордукту койдой салганда,
Мал менен башка ээ кылбай
Кытайың такыр талап алганда
Кол менен аяк байланып,
Кордук көрүп айдалып,
Капаланып кайгырып,
Өз туугандан айрылып
Белгилесек каран түн,
Мендеде барбы мындай күн?
Кол-аяк чогуу байланды,
Кордук көрүп айдалдык.
Бирөөбүз кеттик Эйренге,
Бирөөбүз түштүк чыкпай турган
тереңге.
Көбүбүз түштүк кордукка,
Жолуктук чоң чокмор алган
зордукка.
Калайман башка салганда,
Бул капырлар айдап алганда
Союп жээрге кой таппай,
Тыныч алууга жер таппай,
Жалы бар жетим тай таппай,
Же бир жан жыргатар жер таппай,
Жабыркап тентип келгенде
Алтайга келдик, ал таптык, Жакып,
Алтын кен казып,
Мал таптык, Жакып!
Каадада барбы көргөн түш,
Алда Таала жараткан
Манастай бала берет - деп,
Теги каадада барбы ушул иш!
Ушул бир бала чоңойсо,
Кегиңди алар кен ошол,
Сенин чериңди жазар эр ошол.
Туш-тушка кеттик айдалып,
Аман болсок тууганды табар эр ошол.
Байкасаң жакшы көргөн күн,
Билгенге Манас кадыр түн.
Арыган атың семирди, баатыр,
Бизге ачкан бир курсак тоюнду,
Сенин үзүлгөнүң уланат,
Балаң аман чоңойсо,
Көөдөндөн капаң чачылар,
Өрттөнгөн жүрөк басылар,
Аман болуп чоңойсо,
Сенин умачтай көзүң ачылар!
Үзүлгөнүң уланат,
Чачылганың жыйналат» -
Акбалтай айтып турган кеп,
Балалуу болдуң Жакып - деп,
Агарып таңың чыктыбы,
Сенин кызарып күнүң келдиби,
Аты бир Манас кабылан
Айкөлдү кудай бердиби?!
Көрсөң бир ичте бышман бар,
Учмактуу Бээжин улуу шаар
Ошонун улугу мыкты Эсенкан.
Уламадан кеп уктум:
«Аты Манас эр чыгып,
Бээжинге дүмөк салат - деп,
Бээжиндин каны Эсенкан
Бул кыргыздын журтунан
Бала издеди» - деп уктум.
Аты Манас бала - деп,
Балчысы айтып билиптир,
Тили кыргыз тилинде,
Бээжинге душман зилинде.
Ойлоп, билип балчысы
Ал Эсенкан капырдын
Айтып берип жарчысы
Көзүнө айтып далайы
Билген экен Манасты
Казыналык аяры.
Аярдан анык кеп угуп:
«Манас душман» - деп, угуп,
Албан түрдүү кол алып,
Ушул кырк үйлүү кыргыз журт элек
Чогуу жыйнап алганда
Кабарыңда бар бекен,
Балдардын баарын чуулатып,
Чубатууга салганда,
Манас издеп Эсенкан
Уламадан уласам,
Билгичтерден сурасам,
Калайманды салды - дейт,
Тутанып өлгөн кызыталак
Туш-тушка кабар кылды - дейт,
Каяшаяк бергенди
Кармап алып кырды - дейт.
Чоң экенин билгизип,
Чогулган журттун баарысын
Кыйнап, сабап, күйгүзүп,
Бала издеди - деп уктум,
Аты Манас, жалы бар
Жан издеди - деп уктум,
Өз билгенин ааламга
Кылып кетти - деп уктум,
Кежирине тийгенди
Кежигесин кержейтип
Кырып кетти - деп уктум,
Аябаган дүмөктү
Салып кетти - деп уктум,
Самаркандын шаарында
Туулган экен бечара
Чоң Эшендин Жар Манас
Зордук кылып кытайлар
Алып кетти - деп уктум.
Каканчынын калкы бар,
Кайнап жаткан кытайдын
Канча түрдүү алпы бар
Каны буйрук кылганда
Ушундай зордук кылмай салты бар.
Ордолуу шайык көк жөкөр
Орчун журт Кокон, Маргалаң
Кызык кылды - деп уктум.
Анжыянды жердеген,
Муну эңкейтип душман жеңбеген,
Анжыянда Айкожом,
Айкожо уулу - Билерик,
Айкожо жайын сураба -
Өзү олуя жан экен,
Айкожонун Билерик
Өзү өлгөндө көргөн бала экен.
Жети-Өзөн суунун талмызы,
Айкожонун өлгөндө көргөн Билерик
Ата уулунун жалгызы,
Салым кылып алтынды
Артып алды - деп уктум,
Курун селде чалынып,
Кудуретке жалынып,
Төөгө булун жайлашып,
Кытайды көздөй айдашып,
Кытайдан чыгып, чоң Дөңгө
Өз билгенин аларга
Кылып салды - деп уктум,
Медиян суусуз чөлүндө
Соодага барган кожону
Кырып салды - деп уктум,
Ошондо кожо кырылып,
Сооданын баары тыйылып,
Олжолоп алып чоң Дөңгө
Жолго түштү - деп уктум,
Айкожо уулу Билерик
Колго түштү - деп уктум,
Темир аркан чыкпаган
Торго түштү - деп уктум,
Кытай эрмек кылууга
Дууга түштү - деп уктум,
Айыкпаган бир үлкөн
Чууга түштү - деп уктум,