Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Дүнүйөсүн шай койгон,
Алтайдагы буруттун,
Бурут деген бу журттун
Күрдөлү кармап мал сойгон,
Күчөгөн экен бул бурут.
Бекер сойгон мал эмес,
Бекер бурут бул эмес.
Катыны тууса мал сойгон,
Бар дүйнөсүн тең койгон
Күпүлдөгөн буруттун
Күчөгөнүн карачы!» -
Күңкү кылды көп калмак,
Эли жогу курусун
Жакыпка тийди көп салмак.
«Баашалыктай мал сойгон
Жакып оңой бай эмес,
Туулганда мал кырылды
Ушул баласы оңой бала эмес!
Баланын аты Чоң Жинди
Аржакы атын ким билди!
Баласы күйгөн уу белем,
Аман жүрүп чоңойсо,
Бээжинге бүткөн чуу белем!
Кең Каканчын-Бакбурчун
Келип көрдүк бул журттун
Мындай малды ким сойгон,
Мал сойгонун кылыгын.
Чоң даңзага чийгизип,
Жакыптын мал сойгонун
Чын-Бээжинге билгизип,
Баашалыктай мал сойгон
Мааниси кандай буруттун,
Бул бурут деген журттун.
Бээден беш жүз мал сойгон
Берен экен бул бурут,
Астыңкы эрдин шалпайтып,
Эки өркөчүн каркайтып,
Төөдөн сойгон беш жүздү,
Адам таппас ой кылган,
Ааламга жетер той кылган,
Кулак угуп, көз көрүп,
Мындай тойду ким кылган?!
Бул Алтайга келгени
Эчен жылга жетиптир,
Бул буруттун байлыгы
Ааламдан ашып кетиптир.
Катыны тууса той кылган
Бул буруттун эрдигин,
Белги кылбай бээ сойгон,
Төрт түлүк малды тең сойгон,
Бу Какандын шаарында
Мындай малды ким сойгон.
Тоюна барган ток экен,
Бул Какандын шаарында
Буруттай адам жок экен.
Бул арагы менен кымызы
Ааламга сыйгыз иш болду,
Улуңтуң, Даң-Шаң, Бакбурчун
Улугун көрдүк бул журттун,
Адам көргүс ой кылды,
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсүнөн өйдөрөөк
Ушул бурут той кылды.
Тоюна адам жайланды,
Кара калмак, манжуунун
Балдары уча байланды,
Тоюна толук малы союлуп,
Баласынын атын сурасаң
Чоң Жинди атка коюлуп,
Катыны тууса той кылып,
Адам көргүс ой кылып,
Кутурган экен бул бурут!
Учмактуу Бээжин чоң шаарда
Улугубуз Эсенкан
Ошого кабар салалык,
Мал сойгон бурут кыргыздын
Кабарын айтып калалык».
Кара калмак, манжуудан
Калкынын баары жыйылып,
Бээжиндин Эсенканына,
Каканчынын белине,
Кайнаган кытай элине,
Сепил тозгон тамына,
Бек бекиткен шаарына,
Бээжиндин Эсенканына
Бейили кетип калмак журт
Алты күлүк ат берип,
Алакандай кат берип,
Жезден кылган добулбас
Сабынан кармап имерип,
Каканчынын шаарына
Чоң желдетти жиберип.
Мына ошондо чоң желдет
Күндөп-түндөп жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Толкуп жаткан суу кечип,
Тоңкойгон эчен тоону өтүп,
Ашып-шашып жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Арада эче күн жүрүп,
Мунарыктап көрүнгөн,
Чет-Бээжиндин айылына,
Барып жетти ал желдет
Эсенкандын айылына.
Кырк эшиктүү Чет-Бээжин -
Капка баккан жайсаңы,
Эшиктеги бирөөсү,
Кечил турган күрөөсү,
Бул күрөөнүн жайын сураба
Өгүзү карып, өзү өлөт,
Өлүп калган адамдын
Өлчөп малын тек бөлөт.
Серкесин сетер көтөрөт,
Мингени ыйык ат болгон,
Ырымын көрсөң бул журттун
Ургаачы менен жүрбөгөн.
Азоо атын токунган,
Ырымын көрчү бул журттун
Колодон кылган чоң буркан
Кудай - деп, ошого чокунган.
Эсенкандын жанында
Кечилден турат бир миңче.
Баягы барган чоң желдет
Ашып-шашып антаңдап,
Катынын кара баскансып,
Мунун куугуну жакын качкансып,
Эсенкандын алдына
Баштай берди бузукту,
Айта кирди кызыкты
«Айдалып келген буруттан
Алтайга келип конду эле,
Азып келип журтунан
Бизге букара болду эле,
Көңүлү ташып жай болду,
Көбүнчө аштык айдап бай болду,
Бай болгондо ал Жакып
Адам тапкыс ой кылды,
Баашалыктай мал союп,
Катыны тууса той кылды».
Чоң желдет айтып турганда
Ачуусу келди Эсенкан:
«Балалуу болсо той кылмак -
Баары журттун адаты.
Айдалып келген ал бурут
Төрт түлүк малы жай болсо,
Атаңдын көрү калмак журт,
Сенин араңа келип бай болсо,
Малдуу малын сойбойбу,
Качан болсо арыкта бар
Калайык баланын атын койбойбу?
Малы бар экен бай Жакып
Баашадай малды сойду - деп,
Мынчалык неге кутурдуң?
Колунда малын сойбойбу,
Тоюна келген тойбойбу,
Калайыктар чогулуп,
Баланын атын койбойбу!?
Балалуу болгон ал бурут
Мал көзүнө карайбы
«Малын көп союп салды» - деп,
Маа келгениң жарайбы?
«Букара малын сойду» - деп,