Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Он эки бала калмактан
Тырайып өлүп калды эми.
Балдар качып жүргөндө
Токтобой Манас оолугуп
Кыргыздын кырк баласы
Караан болуп чогулуп,
Калмактын сексен баласын
Кезиккенин жанчыптыр,
Кордукту койдой салыптыр,
Койгулаша кеткенин
Манас кокосун жулуп алыптыр.
Түбүнө чогуу жетерде,
Кууп отуруп балдарды
Тонунун баарын тытарда,
Жетсе канын жутарда,
Кызык кыргын саларда,
А калмактын балдарын
Чөл түшүрүп баарысын
Айылына кууп барарда,
Чөл түшүрүп баарысын
Түбүнө чогуу жетерде,
Кармаганын соо кылбай
Тырайта муштап өтөрдө,
Калмак билип каларда,
Катуу бүлүк саларда
Атакеси бай Жакып
Мал жайытын чалыптыр,
Боз айгыр менен кампайып,
Кара ниет Жакып бай
Үстүнөн чыгып калыптыр.
Кырк баланы кайра айдап,
Манасты кармап алыптыр:
«Атаа, балам, түпкө жеттиң» - деп,
Армандуу кайгы салыптыр.
«Алып келип мал күттүм,
Алтайым жакшы жер эле,
Эли сонун, ичи кең
Менин калмагым сонун эл эле.
Минте берсең, сен балам,
Казмак болдуң орумду,
Кайнатмак болдуң, кулунум,
Капкайдагы шорумду,
Кетиресиң алымды,
Бул тентегиң койбосоң
Талатасың малымды.
Тентектигиң сында жок,
Теңдешип союл чабуучу
Теңиз кыргыз мында жок.
Балам, биз тентип келдик Алтайга,
Сенин тентегиң жетет далайга.
Жөн жүрбөй сийип иесиң
Кымыз куйган күбүмө,
Куу балам жетет экенсиң
Капкайдагы түбүмө!
Бул тентегиң койбосоң
Козголоң салат уйкума,
Эртең чабуул койбойбу
Өрүштөгү жылкыма!
Кара кылар токой жок,
Баана кылар огой жок.
Калмак зордук кылбайбы,
Бул тентегиң койбосоң,
Жыйып алган үбүмө,
Акыры жетет экенсиң,
Ушинтип жүрүп түбүмө.
Чийбейби чогуу сызыкты,
Бул тентегиң койбосоң,
Кара калмак, көп манжуу
Кылбайбы маа кызыкты,
Чачмак болдуң, чунак уул,
Сан кара жыйган малымды,
Төктүрмөк болдуң, чунак уул,
Бул калмактан канымды,
Койчу, кыймак болдуң жанымды,
Бул кылыгың койбосоң,
Баштамак болдуң бузукту!»
Балдардын баарын бакырып,
Жапырып Жакып тозгону,
Тосуп алып баарысын
Байыркыны козгоду:
«Бала сурап, кудайдан
Ырас эле бир балакет
Көргөн экемин,
Тогузга жашың келелек,
Тозокту мынча не салдың?
Казмак болдуң орумду,
Кара калмак кутурса,
Байлап кетет колумду,
Көргөзбөйбү көзүмө
Киши кылгыс сонунду.
«Уулуң бала кырды» - деп,
Уятты калмак кылбайбы,
Уулум, сенин айыңдан
Ушу турган кыргызды
Такыр кырып салбайбы!
Кыра турган себеби -
Кара калмак кеги бар:
«Буруттан Манас чыгат» - деп,
Бул капырдын башынан бери шеги бар.
Балам, сенин кылыгың,
Кылып жүргөн бузугуң
Аярына датталуу,
Атың Манас билинип,
Кайнап жаткан капырдын
Даңзасына катталуу.
Балам, баштаганың бузукпу,
Салмак болдуң башыма
Менде көргүс кызыкты.
Жасатмак болдуң чараны,
Жараткан берген экен го
Сен өңдөнгөн тентек баланы.
Кетирмек болдуң алымды,
Талатмак болдуң малымды,
Кырдырмак болдуң кытайга
Кыргын кылып жанымды.
Сенин бабаларың өлгөндө,
Бабаңдан калган сан мүлктү
Кара калмак бөлгөндө,
Каракандын сегиз уул
Бытыратып баарысын
Туш-тушту көздөй бөлгөндө,
Биздин бирөөбүз кеттик Иренге,
Түшүп кеттик моминтип,
Кулак угуп, көз көргүс
Аябаган тереңге.
Билгенге кадыр түн көрдүк,
Биз Алтайга келип күн көрдүк.
Бала өлтүрүп, чыр кылдың,
Төктүрөсүң канымды,
Менин кырдырасың малымды!»
Жакып бай айтып мындай кеп:
«Атаа, тентек уулум» - деп,
Ачып көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче
Абам Балтай акжолтой,
Сүйлөгөнү жарыя,
Кырк үйлүүнүн ичинде
Абаң Балтай карыя
Акбалтай айтат бир сөздү:
«Атаңдын көрү, ой, Жакып,
Бул жемеңди кой, Жакып,
Жылкың менен жерге кир!
Аты Манас бул уулуң
Береке ушу, бел ушул,
Калмак турмак канчага
Кыргын салар шер ушул!
Эркек бала шок болсун,
Мал багар уул болгунча
Бар болгунча жок болсун!
Артыңа колуң байланып,
Бери карай айдалып,
Ошол күнү өлгөнбүз!
Бейлесек, далай бейарман
Ушул уулуң чоңойсо,
Бээжинге салар чоң жаңжал.
Караса канбайт куу жүрөк
Аман уулуң чоңойсо,
Каканга салат чоң дүмөк!
Талаадан жыйнайт көчүңдү,
Алып берет Манасым
Капкайдагы өчүмдү,
Ушул Манас зор болсо,
Атагы журтка дүң болсо,