Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Түйшүктү башка салат го!»
Ак байбиче Чыйырды
Анда туруп кеп айтат:
«Баатырым,
Бала үчүн бузба санааңды,
Оорсунуп калган экенсиң,
Төрөм, өлгөндө көргөн балаңды!
Бул боз ала туйгун болпоңду,
Оорсунбагын, ой төрөм,
Бул өлгөндө көргөн чолпонду».
Ак байбиче Чыйырды
Төрөсү мындай деген соң,
Бөдөнөдөй кара көз
Бөлөк-бөлөк жаш кетет,
Айтып оозун жыйгыча,
Көздүн жашын тыйгыча,
Койчулар башчы Ошпур бар,
Ошол Ошпур келиптир,
Бул келгенин байбиче туруп көрүптүр.
Бөлөккө бурду санааны,
Ошпурга берди бай Жакып
Аты Чоң Жинди аттуу баланы.
Чыйырды ыйлап чыркырап,
Мойнуна курун салынып,
Ошпурбайлап жалынып:
«Айланайын, Ошпур бай,
Сен, өзөндө жаткан дөө элең,
Бай Жакыптын көп коюна ээ элең.
Бизде дүнүйө далай, бала жок,
Өлгөндө көргөн бул бала
Тентегин тыяр чара жок.
Торко тон кылдым кийгизгин,
Жылкы ичинде Торучаар
Тулпарды кармап мингизгин,
Төбөсүнө калмактын ташын тага көр
Аманат койдум колуңа
Дагы бир төрт жыл бага көр!»
Баланы Ошпур алган соң,
Бай Жакып анда калган соң,
Торучаарды мингизип,
Торконун күлүн кийгизип,
Тобокелдеп кой жакка
Алып жүрдү эр Ошпур.
Ошпурга Манас барганда
Анда Манас боло элек,
Берениң Манас атка коно элек.
Ошпурга барып көк жалың
Эрешен тартып, эр болду,
Эр уулу менен тең болду,
Карарып күйгөн чок чыкты,
Кара калмак, манжуудан
Мындай тентек жок чыкты.
Бир күнү Манас оолугуп,
Койчуларды сабады,
Жылкычысын сабады.
Койчу качып короктоп,
Жылкычынын баарысы
«Чоң Жинди бурут келет» - деп,
Качып жүрөт сороктоп.
Койбой Манас аталып,
Койду жыйып, ой кылды,
Койчулардан кырк бала
Жыйып алып ал Манас,
Койду союп талаага
Койбой Манас той кылды.
Торпок минип топоңдоп,
Толгон бала чогулду.
Кызыкты Манас баштады
«Төрөм - деп, мени айткын» - деп,
Ал балдардын торпогун
Такыр союп таштады,
Бузукту мындан баштады.
«Төрө» - деп койгон балага
Кементайын керсейип
Салып берет талаага.
Ошол кезде Манастын
Тилегин кудай бериптир,
Ошол кезде Манасың
Он эки жашка келиптир.
Ок өтпөстөн тон кийип,
Жылкыдан Торучаар өңдүү ат минип,
Ошол кезде Манас шер
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Жулуп алар баш таптай.
Тиштээрине таш таппай,
Эң кызыгып ээлигип
Токтоно албай жээлигип,
Таалайы артык кайран шер
Эми, тамаша салган ошол жер.
«Төрөм - деп айт мени» - деп,
Өзүн өзү билдирип,
Билген жанды күлдүрүп,
Ай-талаага кырк таман
Кадимки ордо чийдирип,
Көк жалдыгын билдирип,
Ошпур баккан көп койдон
Миң козусун союптур,
«Баатыр - деп айт мени» - деп,
Баглан козу, ширин баш
Бор кайнатып коюптур,
Ордо салып, чүкө атып,
Көк жалдын кылган иши бул.
Кең Алтайдын баткалда,
Кырк баласы жанында
Күн кылкылдап батканда,
Жан-жаныбар, макулук
Кыймылдабай жатканда,
Бала ичинде көк жалың
Чыканактап уйку алып,
Чырым этип, тынч алып,
Ак каңкыны жазданып,
Кыбыланы баштанып,
Асыл Манас көк жалың
Алп уйкуну салыптыр,
Күн шашке болгончо
Күлүстөн абыдан уктап калыптыр.
Уйкудан Манас тургуча,
Жылкычы алпы Канжаркол
Ошол жылмайгыр келип калыптыр.
Астындагы ала айгыр -
Жаман күлүк ал айгыр:
«Жайып ийсем оозун
Куштай учуп кетет» - деп,
Кутургурду карасаң
Кум салынып алыптыр,
Жан казандай башы бар,
Жаткан иттей кашы бар,
Кара келтек чокморду
Кармап үйрүп алганы,
Кырк балага умтулуп,
Качырып колду салганы.
Канжар алп түрүн көргөндө
Кырк бала качты чыркырап,
Эти турмак, бети жок
Балдардын баары качты быркырап,
Качып балдар сабылат,
Кан Манаска жалынат.
Уйкудан Манас ойгонуп,
Оң жагына толгонуп,
Баш көтөрүп караса,
Бала аманын караса,
Балдардын баары качыптыр,
Балдардан кармап төртөөнү
Айгырдан түшүп, ал алпы
Төрт баланы басыптыр.
Төртөөнү катар союптур,
Азык эттин баарысын
Шиш менен сайып тоюптур.
Көрүп алып, зор Манас
Ал балбандан чочунуп,
Торучаарды токунуп,
Жоо кийимин кийинип,
Оодарышмай ойнойм - деп,
Оңбогон бала сүйүнүп,
Каары келип, көз жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Каалгадай кашка тиш -
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып алыптыр,