Саякбай Каралаев
АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Өлгөндө көргөн чунагың.
Боз ала туйгун болпонуң,
Көргөн Манас жалгызың,
Боз карчыга чолпонуң.
Бала көрбөй кылдың зар,
Сенин Манастан бөлөк кимиң бар?!
Көргөн Манас жалгызың
Боздон тоодак куткарбас,
Боз ала шумкар Манасым,
Тоо башына токтобос
Карала барчын ал эле.
Кармаган ээси сен элең,
Адырдан аккан булагың,
Айкөл Манас чунагың,
Белгилүү ушул, бел да ушул,
Бет алышкан душманга
Бейпай салчу шер ошол,
Капаланба, Жакып бай,
Жалгызың Манас - шериң ал,
Белгилүү ошол, бел ошол,
Бек кудурет жараткан
Мендеден артык шер ошол.
Манас бойго бүткөндө,
Чабылган менен чачылган
Капанын баарын жойгомун,
Балаңа талгак болгондо,
Шерге талгак болгомун.
Төрөгөндө жөнү бар,
Айтсам эчен кеби бар.
Бел байлаган кара кыр,
Белиң Манас эмеспи,
Сенин сан түмөн малың чачуучу,
Шериң Манас эмеспи.
Кайыбынан кабылган,
Балаң Манас жалгызың,
Какшап жүрүп табылган.
Карап турган эки көз
Жашы Манас эмеспи,
Зыркыраган көкүрөк
Дарты Манас эмеспи.
Өлгөндө көргөн Манасың
Эрешен тартып, эр болсо,
Эр уулу менен тең болсо,
Балтыры барып толгондо,
Балбандык атка конгондо,
Санаасы менен болтурат:
«Балам тентек чыкты» - деп,
Зарланбагын малыңа,
Сандыгыңдын баарысын
Сары алтын мүлккө толтурат.
Туурдугуң май кылат,
Аман жүрсө жалгызың
Сени туш-туш жерге кан кылат.
Үзүлгөнүң уланат,
Уулуң Манас бар болсо
Чачылганың жыйналат.
Адалга бур бейилиңди,
Айлантып кудай жеткирер,
Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон
Кайрылтып кудай жеткирер
Кайран кыргыз элиңе.
Армандуу иш кайдан оңолду,
Жети бирдей жан бооруң
Бул кытайдын заарынан
Айдалып кетип жоголду.
Бул жетөөнүн кеткени,
Аты угулбайт, өзү жок,
Кайгырбагын, бай Жакып,
Чуркурап журттан бөлүндүк,
Караан кылып отурган,
Жалгызың Манас болбосо,
Ал журтка кайдан көрүндүк.
Аман болсо Манасың
Кең-Кол, Талас жер табат.
«Атамдан калган мураа» - деп,
Аргын, кыргыз эл табат.
Аман болсо Манасың
Күйүттүү кабак ачылат,
Күйүккөн жүрөк басылат.
Упасы жок куу малга:
«Уулум тентек чыкты» - деп,
Убара болуп кейибе,
Жалгызың Манас куттуку,
Кыйналып баккан бул малың
Кыйкырса шамал жуттуку.
Өлгөндө көргөн Манасың
Бул Алтайда туулган,
Аман болсо көрөсүң,
Каканчылуу Бээжинге
Өлбөсө салат чуулган.
Чуулган салар себеби,
Жаңы төрөп турганда
Таманы менен тик түштү,
Арка жагын карасам,
Көк жал жалы төгүлдү,
Этегими өйдө ачканда
Арслан түрү көрүндү.
Чарайнада жатканда
Он эки кемпир көрдү эле:
«Бай Жакыптын байбиче
Балакет тууп салды» - деп,
Он эки кемпир өлдү эле.
Таянып жерге түшөрдө
Каарланып бакырган,
Кабар салып билгенге
«Манастап!» ураан чакырган.
Жышаанасы мынчалык -
Кулак учу тешилүү,
Сүрүнөтү кесилүү.
Ыйлаганда келме айткан,
Ырас түрү мынчалык,
Денеси жерге жетти эле,
Жөө туман түшүп, мөндүр жаап,
Бул Алтайдын өлкөгө
Зилзала жүрүп кетти эле.
Манасты тууп алганда
Чылка канга боёлуп,
Чыдай албай шордуу жан
Чыйырды болгон убара.
Чын Кызырдын өзү - деп,
Ушул кезде таң калам.
Жылаңайлак, жылаң баш,
Ак сакалчан дубана
Чекесинен үч сылап,
Дубана туруп муну айтат:
«Кейибегин, сен катын,
Кайгырган капаң жазылды,
Келип колуңа шер тийди,
Эми көөнүң ачылды.
Кан ичип жүрүп катыгат,
Капырга кыргын көп салып,
Канкор Манас атыгат.
Ташты бузуп, жол салат,
Талкан кылып далайды,
Эчен жерге кол салат.
Бет алып менде келе албайт,
Беттешип душман жеңе албайт.
Күмүрөй күчтүү жоо болсо,
Кырк чилтен менен экөөлөйт.
Онжоңдотуп кула атын
Он эки чоро жетелейт.
Кудай берди өзүңө
Кырааным Манас баланы,
Безенишкен жоо чыкса,
Бет алган өлбөй калабы?
Аман Манас чоңоюп,
Токойду кесип, жол салат,
Кулак угуп, көз көргөн
Жер жүзүнө кол салат.
Калыйпа кирип, кат алат,
Он эки бирге кол берип,
Өзү зайыппуруш аталат.
Азыр тууган бул балаң
Алты шердин кенжеси,
Алданын сүйгөн мендеси.
Телегейи тең ушул,
Ичин карап отурсаң
Жер жүзүнөн кең ушул.
Адам азар салбаган
Он сегиз миң ааламда
Укурук кайрар калбаган,
Кабагы бийик, жарык жүз,
Катылганды кылат түз.
Телегейи тең ушул,