Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

Качып, үркүп кайгырдык,

Караа кылып отурган

Туугандардан айрылдык.

Алтын казып, дан айдап,

Алтайга келип турабыз,

Уулуң тентек чыгыптыр,

Эми эмне айла кылабыз?

Айтканым ошол билип ал,

Ай, бай Жакып, тилимди ал,

Бул капырдан кетүүгө,

Бир мураска жетүүгө,

Көп дүйнөнү чачууга,

Көп кыргыз көздөй качууга,

Калмакка моюн бурбаска,

Бул Алтайга турбаска,

Ат семирип, ык болсо,

Эр семирип, бук болсо,

Кочкоруң биттеп ирик кылгын,

Коюңдун баарын түрк кылгын,

Айгырың биттеп ат кылгын,

Жылкыңды шайдоот бат кылгын.

Эркегин битте малыңдын,

Эртелеп жыйгын алыңдын,

Өлчөлө качар чамаңдын,

Тилегин тиле өткөрө Манас балаңдын».

Чыйырды айтып мындай сөз,

Оозун жыйып алгыча,

Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумганча,

Ошпур келди күүлөнүп,

Бай Жакыпка сүйлөнүп:

«Малыңа бачым барыңыз,

Балакет Манас балаңды

Өз колуңа алыңыз,

Атанга жүгүң артыңыз,

Азабын өзүң тартыңыз.

Берген Манас балаңыз

Айткан тилди түк албайт,

Айдаган жолго түк баспайт,

Кеп укпаган бала экен,

Аман жүрсө ал бала

Кейишке салар жан экен,

Ордо бузуп, олжо алып,

Же ал уулуң сени бай кылат,

Омуроо кагып, чыр салып,

Же ал уулуң сени жай кылат.

Кара калмак, манжуу журт

Бул Алтайга кондурбайт,

Кебимди уккун, бай Жакып,

Бул уулуң сени оңдурбайт,

Элден ушак кеп уктум:

«Эчен койчу, жылкычы

Талаага кырды» - деп уктум.

Муну укканда бай Жакып

Көңүлү кетти бөлүнүп,

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Мал кунду экен бай Жакып

Мал үчүн көөнү бөлүнүп,

Тентек уулу Манасы

Теги көзгө жаман көрүнүп,

Каарланып бай Жакып

Басып атка минди эми,

Ошпур экөө биригип,

Койду көздөй жүрдү эми.

Сары адырмак урчукка,

Салаңдаган тумшукка

Салып чыгып караса,

Чоң Алтайдын оюнда,

Кең өзөндүн боюнда,

Адыр-күдүр баткалда

Бай Жакып кою жатканда,

Оргуп түтүн бөлүнөт,

Жыйнаганы кырк бала

Ээсиз калган каран кой

Тең жарымын эр Манас

Талаага сойгон көрүнөт.

Оолукмасы бек кармап,

Адам билгис ой кылган,

Койду союп талаага

Ала-Тоодой той кылган.

Түнөп турган жерине

Түптүү мазар орногон,

Он экиде кылыгы

Мындай адам болбогон.

Талаага салган алачык,

Ал алачык жанына

Кай адам барган жанашып,

Бир жак бурчу алачык -

Манас баштап кырк бала

Кенен ордо аткандай,

Бир жак бурчун карасаң

Сексен киши жөн эле

Кең-кесири жаткандай.

Койду кырган жерине

Короолоп мазар орноптур,

Муну Мустайыптар колдоптур,

Үч айланган жерине

Үйдөй мазар орноптур,

Ошол кезде Манасты

Үстүртөн кудай оңдоптур.

Кырк чилтен, Кызыр Ныязы

Ошол күнү Манаска

Кыйындап жолдош болуптур.

Жаратып мындай жан болбос,

Бир мүчөлүн карасаң

Комдонуп жаткан көк жолборс.

Кара чаар кабылан

Капталында чамынып,

Чолок көк жал арслан

Оң жагында камынып,

Асмандан алп кара куш - Зымырык

Азыр эңип кетчүүдөй

Арбайтып бутун салыптыр.

Колдогону бир тогуз,

Коржоктотуп Манасты

Колдоп жаткан кези экен,

Телегейи тең экен,

Өзү Шай колдогон шер экен.

Алты шердин кенжеси,

Өзү кудайдын сүйгөн мендеси,

Кырк бала жыйып Манасың

Оюнду опсуз коюптур,

Жакып кандын көп коюнун

Тең жарымын союптур,

Жетпеген мискин, календер

Ал Манастан тоюптур,

Ошол тойгондордун баарысы

Манасты төрө - деп атка коюптур.

Кыялды кызык баштаган,

Ошпур баккан көп койдун

Теңин союп таштаган.

Мал күндү экен бай Жакып,

Баарыдан билбес чын жаман,

Бадырек экен ал жаман

Капаланып кайгырып:

«Керденге бүткөн Манасым,

Кетирипсиң алымды,

Талаага не деп сойгонсуң

Жоо ээлеген малымды?»

Анда Манас муну айтат,

Киши билбес шумду айтат:

«Кокуй, ата, не дейсиң?

Ээсиз малды көп кылып,

Күтүп жүрүп нетесиз,

Не мураска жетесиз?»

Манас айтып чунайып,

Бай Жакып турду кубанып.

29.09.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.