АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Жети жүздүн баштыгы -

Жеткилеңи чоң Кочку,

Кочку келип калганы.

Калмактын Кочку балбаны

Калайманды салганы.

Кырк үйлүү кыргыз Жакыптын

Түбүнө чогуу жетүүгө,

Камынган экен ал чочко

Түгөл кырып кетүүгө,

Буласын булап алууга,

Бузукту мыктап салууга,

Күтүнгөн экен ал чочко

Жакыптын малын алууга,

Эсенкандын казына

Алпарып аны салууга.

Кочку келди короктоп,

Балбандары сороктоп,

Кызыл жээрде ат минип,

Каарланып аттанып,

Эсенкандан кат алып,

Кайран Кочку канетсин

Кароолчудан ыктуудан,

Айза сайчу мыктуудан,

Жети жүздөй кол алып,

Келген экен ал Кочку

Күрмөчөсүн күлдүйтүп,

Баданасын барбайтып,

Асманга учуп топурак,

Аскер жүрүп, топурап,

Асынганы аскердин

Алеңгир жаа, сыр жебе

Бай Жакыптын башына

Жетип салды аңгеме.

Өкүрүгү таш жарып,

Кочку келди күүлөнүп,

Кыйкырыгы баш жарып:

«Кызыталак, куу мурут,

Жүргөнүң бузук, чуу бурут,

Баашалыктай мал күтүп,

Кутурупсуң, калыпсың,

Алтайга айдалып келип бай болуп.

Дегениме көн, бурут,

Балаң тентек Манасты

Азыр бизге бер, бурут,

А дегенде көнбөсөң,

Ал Манасты бербесең,

Опсуз өкүм бепбелен,

Түбүңө чогуу жетемин.

Кызыталак сен, бурут,

Дегениме көн, бурут,

Манасты бизге бер, бурут,

Дегениме көнбөсөң,

Манасты азыр бербесең,

Кырк үйлүү кыргыз эл элең,

Кырка тием бээңди,

Чыгарамын капкайдагы кээңди,

Жакында ачуум кармаса

Чыгара муштайм мээңди!

Сурап сенден Манасты

Алганы келдим, бурутум,

Сурагыма көнбөсөң,

Айтканымды бербесең

Калайманды саламын,

Карап тургун, бурутум,

Калкыңды талап аламын,

Төрүңө кудук казамын,

Төрт түлүгүң чачамын,

Сенин умачтай көзүң ачамын.

Жарлык келди минтемин,

Кызыталак, куу бурут,

Бир бокчоңду тинтемин,

Жарлык кылды Эсенкан.

Бээжинден улук мунум бар,

Калдайым бар, каным бар,

Бул сөзүмө көнгүлө,

Бузукташпай чырдашпай,

Манасты маа бергиле,

Кызыталак, куу бурут,

Кыргыздан минтип айдалдың,

Кыйырыңды таппай сандалдың.

Баашалыктай мал күтүп,

Береки Алтай бөксөсүн

Жандап жүргөн экенсиң:

«Баламдын аты Жинди», - деп,

Бадышабыз Эсенкан

Алдап жүргөн экенсиң,

Мытаамдыгың башынан

Ашыра жүргөн экенсиң,

Дүмпеки Манас уулуңду

Жашыра жүргөн экенсиң,

Элиңе келип бай болуп,

Көңүлүң күндө жай болуп,

Этейин деген экенсиң,

Эң алыста калган кыргызга,

Эптеп жүрүп бир күнү

Кетейин деген экенсиң,

Алтындан тапкан сан кара

Чачайын деген экенсиң,

Ашкере бурут журтуңа

Кызыталак, куу бурут,

Качайын деген экенсиң.

Уулуң Манас канкордун

Канкордугу билинген,

Эр Эсенкан улуктун

Даңзасына чийилген.

«Баламын аты - Жинди», - деп,

Кызыталак бай Жакып,

Кылганыңды кантейин!

Эсенкандын кеби бар

Кырк үйлүү кыргыз бай Жакып,

Сени кыйратсын деген чени бар,

Деген сөзгө көнүңүз,

Тентек уулуң Манасты

Эсенкан канга бериңиз.

Ал айтканга көнбөсөң,

Уулуңузду бербесең,

Бузук салып чыр баштайм,

Жаккан отуң өчүрөм,

Эсенкандын алдына

Жан-жабылта көчүрөм.

Акбалтай, Жакып байыңды

Азыр табам жайыңды,

Чыгарамын этиңден

Сөөгүңдөн чыкчу майыңды.

Кан буйругу - кыямат,

Ал балаңды бербесең

Айылыңа салам кыянат».

Күрмөчөсүн күлдүйтүп,

Күчөп келип турду эми.

Кайраты бийик, заары күч,

Каарланган ал капыр

Катылса кылат кырып түз.

Буйрук алган канынан,

Бу балбанды көргөндө

Калайык жандан түңүлдү.

Кочку турду күрсүлдөп,

Каарынан капырдын

Жер айрылды түрсүлдөп,

Ачып көздү жумганча,

Андай-мындай дегиче,

Барабан үнү бапылдап,

Чыңыроон үнү такылдап,

Мылтык атып, жаа тартып,

Чаң обого бурулуп,

Балбаны тыйпыл чогулуп,

Күрмө кийген күчтүүсү,

Каары толук капыры,

Жети жүз экен балбаны,

Добулбас бекем кагылып,

Элчиге келген Тагылык,

Эр Кочкусу баш болуп,

Жылкы тийди жабылып.

Адырда жылкы ала баш,

Ал жылкынын ичинде

Аргымак, буудан аралаш.

Кочку менен Тагылык,

Жети жүз балбан баш болуп,

Жылкыга кирди жабылып,

Желе кыркып, чуу кылып,

Кырк үйлүүгө сын кылып,

Буйрук алган канынан,

Бай Жакыпка чыр кылып,

Калмактан көрүп кордукту,

Катын-бала күйүнүп,

Кайран Балтай, бай Жакып:

«Туткунга туура калдык» - деп,

Кайран жандан түңүлүп:

«Кочкудан кордук көрдүк - деп,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.