Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

Айласы кетип кысылган,

Нойгуттан бар Акбалтай,

Текече кан, Шыгай кан,

Улак кан бар, Жакып кан,

Каракандын сегиз уул

Айласы кетип дал болуп,

Үйүрмөнүн сазына

Үйрүлүп жыйын кылды эми,

Калк чогулган дөбөгө

Калдайып жыйын кылды эми.

Текече айтып кыйла кеп:

«Кызыталак кытайга

Кыйрашалы журтум - деп,

Калкы тыргоот, манжууга,

Кантип сурак беребиз?»

Шыгай туруп муну айтып,

Адам уккус шумду айтып:

«Молто менен Алөөкөгө

Алышып ал жетеби,

Айбаты бийик баатырга,

Кара курттай капырга?

Уламадан уласак,

Билгичтерден сурасак

Топон суу тийбес кытай журт

Тозокту эчен салыптыр,

Мындан мурун кыргызды

Так токсон чаап алыптыр.

Бабам Огой чыкканда

Басташкан экен кытайга,

Чынмачындын Бээжинди

Чындап уруш салыптыр,

Айдап тоону жердетип,

Азганакай бул журтту

Бабам күтүп калыптыр.

Ал Каракан өлдү - деп,

Кабардан угуп алыптыр.

Бизди чаап алууга,

Чаркы келсе кытайың

Кулдантып чогуу алууга,

Кара курттай кол болуп,

Келген экен бул кытай

Какандан бери козголуп,

Жери Бээжин жери экен,

Көптүгү курттан көп экен,

Түптүү кытай эли экен,

Түгөтмөккө капырың

Камына чыккан кези экен.

Моюнга түштү күйгөн чок,

Манжуу, кытай жабылса,

Алууга бизди камынса

Каяша айтар адам жок.

Кытай милек, биздер аз,

Кыларым барбы кудайга

Дегенине көнөлү,

Түбү түптүү капырдын

Каяша айтпай, сөз айтпай

Сураганын берели.

Бизде каяша айтар кан да жок,

Күркүрөгөн капырга

Күрөшө кетер ал да жок,

Чапчышарга чама жок,

Акыр заман салды го

Ит менен алыша кетер ал да жок.

Теңелишсек капырга,

Кан Алөөкө баатырга,

Жарлык кылса жаңжуусу,

Жабылып каптап өтөт го

Тыргооту тыйпыл чогулуп,

Азганакай журт элек

Жерге таптап кетет го.

Кара калмак-солоону

Калайманды салат го.

Жети жашар баланы

Каарланса капырлар

Денекул кылып алат го.

Астына сунар айза жок

Бу журт менен алыша кетер айла жок.

Мына, бүгүн көргөн эртең жок,

Кайран башка күн түшсө

Тойпоңдошсок капырга

Топурактай тоз кылып,

Токтотпой чаап алат го,

Толкуп жаткан капырлар

Тозокту башка салат го.

Балдар, бизге медер кылар бел да жок,

Бет алышып салышчу

Белге таңуу эр да жок,

Чалышарга чама жок,

Эңкүгө бүткөн пас болдук,

Эзелден бери аз болдук.

Тогуз бөрү бир койду

Таласа тарпын коёбу,

Толгон кытай аз журтту

Сабаса тарпын коёбу,

Калың кытай, түптүү журт

Буга катылган киши оңобу?

Алөөкө менен Молтонун

Айтканына көнөлүк,

Каалаганын берелик.

Жетимиш кызыл нар айдап,

Кызыл алтын, ак жамбы

Нарга артып алалы

Бөйдө канды төкпө - деп,

Тартуу кылып баралы.

Бээжинден келген Алөөкө

Ак үйлүүгө келиптир

Кан көтөрүп алалык».

Бай менен Балтай чамынды

«Көп эле болсо өлөрбүз,

Өлүп калса кайран баш

Кыямат жүзүн көрөрбүз,

Ажал жетип, күн бүтсө

Көр азабын көрөрбүз!

Сурак тийсе кытайың

Барабанды тартпайбы,

Баарыбызды олжолоп,

Тыйпыл кырып карыңды

Андан кийин кайтпайбы!

Букара кылса кытай журт:

«Ууру кылдың» - дебейби,

Эбин таап кытайың

Элдин баарын жебейби!

Луңтуң деген каны бар,

Колго түшсө бул кытай

Артыкча башым барында

Айылымды кантип берейин,

Кутурган экен Алөөкө

Ит менен кулжуңдашып көрөйүн!»

Текече кан, Шыгай кан,

Кайраттуусу Акбалтай

Кайран Балтай муну айтып,

Оозун жыйып алгыча

Бозала желек, кызыл туу

Кудай бетин салбай кал,

Бой-бойлогон ызы-чуу,

Чаң обого бурулуп,

Туш-туштан сан кол куюлуп,

«Каканчылап» чуу тартып,

Жез түтүк үнү чыркырап,

Жез най үнү дыркырап,

Айзанын башы кылкылдап,

Эми аскердин башы былкылдап,

Балтачаны бөлүнүп,

Асты менен айзачаны көрүнүп,

Чаң обого бурулуп,

Тыргооту тыйпыл жыйылып,

Калмагы бөлөк бөлүнүп,

Асты менен манжунун колу көрүнүп,

Жаңылбаган мергени

Жабылып каптап келгени.

Жаа тартуучу ыктуусу,

Чалма уруучу мыктуусу

Колодон чырмап айзасын

Колойтуп өйдө аштаган,

Согуш десе сүйүнүп,

Коркуп колтук ачпаган,

Койгулашкан адамды

Коёндой жерге таптаган,

Алышканды буй кылган,

Балбандары башкача.

Бука моюн, буура сан,

Булкушканды куураткан

Баатырлары бир канча,

Дөңгөнүн колу бир илек,

Күн чыгыштан жабылып,

Алөөкө колу алты илек.

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.