Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

Айзанын башы кагышып,

Адамдын башы чабышып,

Асты элди таптады,

Аркасы селдей каптады,

Кайрат кылып, кеп айтпай

Текече кан, Шыгай кан

Ала-Тоо бойлоп качканы.

Көктөн көк ала булут тутулуп,

Текече кан, Шыгай кан,

Бечара аман кутулуп,

Нойгуттардын Акбалтай

Арсланың калды тутулуп,

Кудай бетин көргөзбө,

Адырда жылкы алты сан

Аны тийип кетти эми,

Тоодагы жылкы тогуз сан

Токтотпой айдап өттү эми.

Тополоңун тоз кылып,

Түпкө минтип жетти эми,

Кыйла жанды кырды эми,

Кыздарды олжо кылды эми,

Буланы булап алды эми,

Бузукту башка салды эми.

Келеңкер чачпак, кең соору

Келини сулуу кыргыздын

Кытай кеп кылбай, олжого алды эми.

Кызыл көйнөк, айча бел

Кыргыздардын кылактаган сулуу кыз

Кара калмак, манжуу журт

Олжо кылып калды эми.

Мурун Каракан аттуу кан өлүп,

Каны өлгөндө кара журттун баары өлүп,

Алөөкө менен Молтонун

Сурак кылган азабы

Буттап алтын зер алат,

Ал алтынды таппаса

Жайылып жүргөн малды алат,

Малдан кемип бир калса

Башты чаап жанды алат,

Тура чапкан кыргызды

Туура кункор тул кылды,

Каяшаяк бергенди

Кармап алып кул кылды.

Буланы булап алганы,

Бузукту мыктап салганы,

Бу Алты-Шаар, Маргалаң

Аяк жагы Кокон кан,

Ордолуу шайык көк жөкөр

Орчуну Букар, Самаркан

Саны кетип тарады,

Ак үйлүү күттү Алөөкө,

Журттун баарын карасаң

Дал ошого карады.

Бээжинден келип зор болуп,

Алөөкө аттуу кан чыкты,

Алөөкө менен Молтонун

Добушунан жан чыкты.

Ааламга өкүмдү

Салып турду Алөөкө,

Алык-алман алтындан

Чалып турду Алөөкө,

Ал алманды таппаса

Курмандыкка барганы

Салып турду Алөөкө.

Алөөкөнүн азабы

Ажыдаардай толгонду,

Алөөкө келет дегенде

Ыйлаган балдар сооронду.

Каары келсе Алөөкө

Катуу мүшкүл иш кылат,

Каарына тийгенди

Кара жердей түз кылат,

Бет алдына барганды

Бейпай салып жадатат,

Чындап жини кармаса,

Бет алдына барганды

Калдайларга сабатат.

Каары күчтүү, кан аты,

Букарасын сабамак -

Бул кытайдын түбүнөн бери адаты.

Маргалаңга ажайып

Салып турду Алөөкө.

Каарын төгүп кайкайып,

Канча жерден алымын

Алып турду Алөөкө.

«Ай, Каракан, өлбө - деп,

Бул өңдөнгөн кордукту

Жан - деп, кудай жаратсаң

Мендесине бербе» - деп,

Калайык ыйлап, калк ыйлап,

Катын-бала жалпы ыйлап,

Күздүн күнү болгондо

Түтүнгө асый салганы,

«Түгөтөмүн азыр» - деп,

Дүмөктү чогуу салганы,

Түк койбой жыйып алганы.

Жазга маал болгондо

Жалдуу байтал мингизбейт,

Жалпы жыйып бир алат,

Күздүн күнү болгондо

Куйруктуу козу жегизбей,

Буга күчтү бир салат.

Үч үйлүүгө бир казан

Жалгыз үйгө каратты,

Каяшаяк бергенди

Кармап алып сабатты,

Калың журттун баарысын

Калайман салып жадатты,

Каяшаяк бергенди

Колун чеге кадатты,

Акыр-такыр күч кылды,

Кайран журттун баарысын

Дүмүрчөгүн түз кылды.

Кыштын күнү болгондо

Жана: «Алымга бергин» - деп,

Кыздан алым баштады,

Каарына чыдабай,

Калайыктын баарысы

Бузулуп кете таштады.

Өөдө-төмөн өкүрүп,

Туйлап жүргөн мындан көп.

«Кыз да болсо

Өзөктөн чыккан бала эле

Атаа, өлүмгө кантип бердик!?» - деп,

Ыйлап жүргөн мындан көп.

«Алөөкөнүн заары - деп,

Куткарбады бир кудай

Бу капырдын каары - деп,

 «Өлөйүн» - деп, өлө албай,

Өкүрүп турат кайран журт

Өз жанын өзү кыя албай.

Калайык антип турганда

Каракандын сегиз уул -

Башчысы Жакып, Улак кан

Баары катар кеп баштап:

«Минтип тирүү жүргөндө

Туубай туна чөгөлү,

Тирүү жүрбөй өлөлү,

Бу кытайдын кордугун

Өлгүчө кантип көрөлү,

Биз дагы Каракандын уулу элек,

Баары жаман болбосок

Канзааданын бири элек.

Тирүү жүрбөй өлдүк го,

Бу кытайдын кордугун

Кыяматка көрдүк го!

Өлбөй тирүү жүргөндө

Кай мураска жетебиз,

Күчөгөн экен бу кытай

Биз бир күрпүлдөшө кетелик!

Өтүп кеткен Каракан

Атабыздын чоңдугу

Аз болсо тоонун сеңирдей,

Каракандын сегиз уулу

Атасын тартпай баарысы

Акмак болду дегизбей,

Кара-Тоону бет алып,

Ой беките конолу,

Кайран Балтай баш болсо,

Кызыталак кытайдын

Баласын уурдап соёлу,

Бир кишиге билгизбей,

Бир адамга туйгузбай

Муну четтетип жүрүп соёлу.

Колдогусун биз жетим

Билгизбей уурдап соёлу».

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.