АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Каканчыдан Бээжинге

Калайман салар алы бар,

Мунун жүргөнүнөн жан чыгат,

Мунун добушунан жан чыгат.

Башкы жагың Бакбурчун,

Маңдай жагың Каканчын,

Улукту Дыңшаң кентиңди

Кесип келдик мынчаны,

Бекер туулган жан эмес,

Бекер турчу бала эмес,

Зорлугу тоонун теңиндей,

Кармашкандын баарысын

Каарланып жегидей.

Супатын көрдүм сур жолборс,

Бул бурут өңдүү жан болбос,

Айкырып айза сунганда

Арслан сыны көрүнөт,

Адамдан мындай көрбөдүм,

Таксыр, сенин алдыңа

Араң качып келгеним.

Көрдүм мындай балбанды,

Көзүм көрдү, таксырым,

Барганга кыргын салганын.

Бай Жакыптын жылкысын

Баарын тийип алганда,

Торучаардай ат минип,

Казып көрдү ойгону,

Баргандардын баарысын

Бирөөн койбой сойгону.

Атын олжо кылыптыр,

Олжого бурут тунуптур.

Бөлөгүн айтып нетейин,

Каным, какшап отуруп,

Кай мураска жетейин.

Туула электе өрттөнгүр

Даңзаңызга чийилген,

Канкор бурут өзү экен,

Он экиге илинип,

Чыгып калган кези экен».

Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып, Манасты кармап келүүгө он

миң кол аткарганы

 

Кытайдан балбан Тагылык,

Тагылык мындай деген соң,

Кара сакал Бороончу,

Кытайдан сүйлөп Тагылык,

Манастын дайнын укканда,

Айласы кетти таптакыр,

Кайнап аткан көп улук.

Манкушта алп, Дөөдүр алп,

Кайчы кулак Каман алп,

Караса канча жандар бар,

Эсенкандын алдында

Эл бийлеген кандар бар.

Айзакерден ыктуулар,

Жоонун айласын билген мыктуулар,

Манастын атын укканда

Баары катар зирилдеп,

Бадышасы экен Эсенкан

Эми турду күрүлдөп,

Ай-жаңжуң менен Күн-жаңжуң

Акылдаш экен бул экөө

Кан Эсенкан канетсин,

Каарланып чамынып,

Калайманды баштады.

Айкырса элден жан чыкты,

Көк арсландай күүлөнүп,

Улук экен Эсенкан

Учмактуу элге сүйлөнүп,

Каарды катуу баштады,

Кыйкырыгы таш жарып,

Ошол турган балбанды

Кырып ийе таштады:

«Улугуң бар, каның бар,

Ушунча журт баарың бар,

Болбос уулду: «Манас» - деп,

Азапты неге баштадың?

Атайы сынчы жиберсем,

Кызыталак бурутка

Манасты неге таштадың?

Көзү ачыктуу сынчың бар,

Ажайыптан окуган

Билгичиң бар, карың бар,

Алты айчылык азапка

Азыр тиктеп берүүчү

Билимдүүнүн баары бар,

Ордо күткөн кандарың,

Алты айчылык азапты

Азыр билчү жандарың,

Ажайыптан окуган

Күрмө кийген күчтүүдөн,

Күрсүлдөгөн жандарым,

Канкорду таап кел десе,

Кара күчкө таптым - деп,

Каканчынын канына

Калп айтканың кантейин!»

Зыйкырчысын чакырып,

Мунарга жарык жагылып,

Коңгуроо бекем кагылып,

Кабар салып Тагылык,

Кан Эсендин алдына

Кайнап кетти көп улук.

Улугу кайнап келгени,

Калайманды баштады,

Эсенкандын каарынан

Чогулушкан көп улук

Кырылып кете таштады.

Аярлардын башчысы,

Дөөсү Дөңгө чоң балбан.

«Бээжиндеги отогот,

Жакасы - алтын, жеңи - жез,

Атышка кийсе - ок өтпөс

Кийбей барган экенсиң,

Кебетесин-кешпирин

Айбанга чалыш, балбаным,

Билбей барган экенсиң!

Айттым эле мен бая,

Укпадың беле сен бая,

Аты Манас, аты улук

Бул ааламды кырчу макулук.

Айтпадым беле мен бая,

Укпадың беле сен бая,

Душман канкор буруттан,

Ошол бурут деген журттан,

Өрттөнүп кеткен ал журттан,

Өзү ислам дининде,

Бизге душман зилинде,

Ошондон Манас туулат,

Манастын түрү мындай - деп,

Айтпадым беле мен бая.

Ошо кутуруп өлгөн буруттун,

Ошол бурут деген журттун,

Ошондон тууган Манастын

Сөлөкөтү, сөлбөтү,

Тирүү жүргөн келбети,

Кулагы учу тешилүү,

Анын сүрүнөтү кесилүү,

Көргөндө далай бышмана,

Бар мүчөсү ушундай

Байгамбар сындуу бышмана.

Жышанын айтып таба албай

Капыя калган экенсиң,

Калың казып орумду,

Жумшасам таап келе албай,

Кызыталак аярлар,

Бараадан келген экенсиң.

Баарың катар калп айтып,

Талаадан келген экенсиң.

Кызыталак аярлар,

Казыптырсың орумду,

Кайнатып койгон экенсиң

Капкайдагы шорумду.

«Манасты таап келдим», - деп,

Кара жолтой аярлар,

Калп айтканың кантейин!

Мурун уктуң кебимди,

Капилет баштап, калп айтып,

Кызыталак аярлар:

«Кыйынды таап келдим», - деп,

Артык жалган кебиңди

Ашырганың кантейин!

Жок немени: «Манас» - деп,

Сенин жашырганың кантейин!

Жалынсаң укпайм кебиңди,

Карап тургун, балбандар,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.