АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Жалпы чукуйм көзүңдү!

Кан Эсенкан чамынып,

Кайыптан ачуу табылып,

Калайманды баштады,

Аярлардан так кыркын

Такыр кырып таштады.

Кан алдында чоң майдан,

Чоң майданга алдырды,

Ал майдандын ортого

Чын эсебин таптырды.

«Канга бекер айткан», - деп,

Такыр кырып таштады.

Каарланып бакырып,

Канына жакын чакырып:

«Айзакерден эриң кел,

Жоонун айласын билген шериң кел,

Айзакерден ыктууң кел,

Жоонун айласын билген мыктууң кел!

Кара мылтык карс этсе,

Качпай турган мыктууң кел,

Чогол мылтык чорт этсе,

Чочубаган эриң кел,

Кылычың кыйла учтууң кел,

Айбалта чапчу эриң кел,

Кыйшаңдабай бурутка

Кыргынды кызык салчууң кел,

Кызыталак буруттун

Күчтүүлөрүн байлап кел,

Күчсүздөрүн жайлап кел.

Эрендерин чогултуп,

Курмандыкка чалып кел,

Жол үстүнө сүйрөтүп,

Даңгыттарга жарып кел.

Он экиде канкору

Манас тийсе колуңа,

Өлтүрбөстөн житирбей,

Тирүү кармап алып кел!

Кызыкка кыйла каналы,

Кызыталак канкорду

Кыздарга айгыр салалы.

Манастан эркек төрөсө

Алтын таажым кийгизип,

Амыз кылбай, кеп кылбай,

Алтын такка мингизип,

Андан тууган баланы

Кан көтөрүп алалык.

Кармай албай калсаңар

Каарды катуу көрөсүң,

Карыпчынды калдайтып,

Кандарыңдын баарысы

Как Манастан өлөсүң.

Өзү Алтайда туулган,

Аман болсо көрөрсүң,

Бээжинге салат чуулган.

Даңзабызда катталуу,

Эрешен тартып, эр болсо

Ошол Манас чоңоюп,

Эр уулу менен тең болсо,

Катылса бул баш адашат.

Эрешен тартып эр болсо,

Эр уулу менен тең болсо,

Бул Бээжиндин кандыгын

Аман болсо талашат.

Койбой тиет жылкыңы,

Какайлатып кубалап,

Кырып кетет журтуңу,

Чынмачындын Бээжинди

Чыркыратат элиңди.

Топон суу жүрбөс бул Бээжин

Тобу жетчү уул ошол,

Искендер жетпес Бээжинди

Иши жетчү уул ошол.

Кайраты башка, заары күч

Кармашкан менен жан койбой,

Катылганды кылат түз.

Зорлугу тоонун теңиндей,

Кара жолтой ал бурут

Катылганды жегидей.

Манастын Манас экени

Баары журтка билинген,

Ал Манасты тууганда:

«Калайманды салат, - деп,

Нур төгүлгөн Бээжиндин

Кандыгын тартып алат», - деп,

Даңзасына чийилген.

Аты Бээжин Какандын

Даңзасына бир жеткен,

Манас туулуп турганда

Ушул турган Бээжинге

Зилзала жүрүп бир кеткен.

«Манасты кармап кел» - десе,

Бар аярым жаңылып,

Баары чала көргөнү,

Каарым келип какайып,

Аярымдын баарысы

Бүгүн менден өлгөнү.

Күрмө кийген күчтүүлөр,

Айтканым кандай билип ал,

Манасты аман жибербей,

Баары балбан, тилимди ал,

Колуңа тийсе байлап кел.

Кырк үйлүү кыргыз кызыталак

Баламын аты: «Жинди» - деп,

Каткан экен куу бурут,

Амал менен арамын

Ашырганын буруттун,

Баламын аты: «Жинди», - деп,

Жашырганын буруттун!

Алтайга келип кутуруп,

Эртең Манас чоңойсо,

Элимди кырат жутунуп,

Эртең Манас эр болсо,

Тулаңдуу жерди тутантат,

Туура кырып Бээжинди

Өлөңдүү жерге өрт коёт,

Бээжинге бизди кондурбайт,

Кызыталак ал канкор

Чоңойчу болсо оңдурбайт.

Оңдурбаган себеби -

Чет-Бээжинден көчүргөн

Биздин Бээжиндик бузган көчү бар.

Жети атасын жайладык,

Кол-аягын байладык,

Кордук салып баарысын,

Манастын мындай өчү бар.

Доңуз мүнөз эр Жолой,

Карыпчылуу калдайым,

Өрттөн кайра тартпаган

Кайран Дөңгө балбаным,

Манасты кармап келүүгө,

Чын колума берүүгө,

Чындаган балбан ыктууң бар,

Чын өлүмдөн коркпогон

Таптооң келген темирдей,

Зорлугуң тоонун теңиндей,

Бириң эмес, саның бар,

Арсландай түрдөнгөн

Балбандарым, баарың бар!

Калмактардан кан Жолой,

Балбандыгың башкача,

Сенин баатырдыгың бир канча,

Жортуулга кетсең коңур күз,

Кагышкан дөңдү кылдың түз.

Кечээ чоң Кап-Тоонун бетинде,

Суук-Төрдүн четинде

Калайман эрдик бир салдың,

Дөө менен салышып,

Кулагы темир Кутан алп,

Маңдайы темир Маңкуш алп,

Киндиги темир Китен алп,

Карагер минген Казан алп,

Кайчы кулак Каман алп,

Кап-Тоону басып жер кылдың,

Беш дөөнү байлап эл кылдың.

Телегейиң тең элең,

Анча-мынча алптарды

Байлап келчү эр элең,

Ушунчалык кытайдан

Ишенгеним сен элең.

Кара калмак уулу элең,

Кадууга салган там элең,

Жеке башың, кайраным,

Миң балбандык бар элең.

Жети батман буудай жеп,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.