АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Дан жыттанган кул элең,

Жетимиш дөөнү өлтүрүп,

Кан жыттанган уул элең,

Сегиз батман буудай жеп,

Дан жыттанган кул элең,

Сексен эрди өлтүрүп,

Кан жыттанган уул элең.

Алышканды койбогон

Балбан түрүң дагы бар,

Атың Жолой, аты улук

Адамдан сендей чыгабы,

Сендей дөө-макулук

Чет-Бээжиндин шаарында

Сен өңдөнгөн эрим жок,

Каканчында Бээжинде

Бай байлаган белимсиң.

«Бет алганга жарайт» - деп,

Ишенип жүргөн эримсиң.

Таң кашкайып сүргөндө,

Жерге жарык киргенде,

Супа-садык чалганда,

Таң кашкайып калганда,

Жети асаба түмөн кол

Жетип жыйып алайын,

Чынмачындан, Бээжинден,

Чын балбанды жыяйын,

Чубатууга салалы,

Эренин тандап алалы.

Таңга өлчөлүү болжош ал,

Таамай балбан жолдош ал,

Айласын тапсаң жайлап кел,

Айлалуу болсоң Манасты

Акыры тирүү байлап кел!

Дөңгө, Жолой балбаным,

Сенин ааламга жетет жаңжалың,

Чарпышып чамаң жете албай,

Куру келсең сен экөөң

Көрүнбөгүн көзүмө,

Жолобогун өзүмө!

Манаска чамаң жете албай,

Куру келсең, балбаным,

Кылычтап башын аламын,

Кыйшаңдатпай баарыңды

Кыргын кылып саламын!

Чапчышып чамаң келе албай,

Качырып ийсең Манасты

Баарыдан жаман мүшкүл иш -

Каздырам терең орунду

Кайнатамын, балбандар,

Капкайдагы шоруңду!

Азабын калың арттырам,

Аркан байлап мойнуна

Дарыгерге тарттырам,

Кылычтап башың алдырып,

Кыйла мүшкүл салдырам!

Балбандарым, ойлогун,

Айтканым туура кылбасаң

Бирөөңдү тирүү койбоймун!»

Дөңгө, Жолой алпы бар,

Ашкере алпын жыйнаптыр,

Ал Эсенкан каркыбар.

Добулбас бекем кагылып,

Добулбас үнүн укканда

Кайнап жаткан көп балбан

Эсенканга жабылып,

Кыбыраган көп жандар

Адам билбес сөзү бар,

Башында жалгыз көзү бар

Мындан миңи келгени,

Манасты байлап келгени

Эр Дөңгөгө бергени.

Ошол берген балбаны -

Ат оюнчу, жөө күлүк,

Мендеден бөлөк түрү бар,

Катылса салат чоң бүлүк.

Анын ар жак жагынан

Кынжы менен байлаган,

Катылыша кеткендин

Кылча жаны калбаган,

Ал балбандын ичинде

Ат оюнчу, жөө күлүк

Орко, Керке балбаны

Буйрук алып канынан

Кошо чыгып калганы.

Бир уруусу балбандын

Чалма уруучу ыктуу бар,

Бир бөтөнү балбандын

Айбалта чапчу мыктуу бар.

Ал балбандын ичинде

Темир аркан торчону,

Адам болсо жабылып,

Тегеректеп кетүүчү

Тегиз канжар колчону,

Айзакерден айлалуу,

Аябаган ыктуусу,

Балбандардын баарынан

Жолой, Дөңгө мыктуусу,

Күрмө кийген күчтүүсү,

Бадана кийген баатыры,

Каарланса бакырып,

Калайман салчу капыры

Буйрук алып канынан

Чыкмак болду балбандар

Чоң-Бээжинден камынып.

Кериги бар, били бар,

Качыры бар, төөсү бар,

Кайнап жаткан капырдын

Туш-тушунча дөөсү бар.

Манасты кармап келүүгө,

Чылаба Эсенканына

Тирүү кармап берүүгө,

Козголоң түшүп кол каптап,

Аз кана эмес, мол каптап,

Көргөндө көңүл бөлүнүп,

Чокморлору балбандын

Жолум үйдөй көрүнүп,

Албан-албан балбаны

Аскер жүрүп калганы.

Асманга учуп топурак,

Аскер жүрүп топурап,

Асманга учуп топурак,

Асман ачык, жер бүркөө

Айзанын башы кагышып,

Адамдын башы чабышып,

Токой болуп, сел болуп,

Толкуган балбан эр болуп,

Торала желек булгалап,

Дөңгө менен Чоң Жолой

Артынан түшүп кол айдап,

Колун жыйып чогуу айдап,

Ачбуудан сындуу ат минип,

Кара калмак, манжуунун

Эри экен кан Жолой

Көк күбөнү жамынып,

Көрсөң Жолой ушундай,

Көк жолборстой чамынып,

Көөхардан топчу муштумдай,

Көк арсландай чамынып,

Көрсөң Дөңгө ушундай.

Ок өтпөген кек күбө,

Этеги жайык көк күбө,

Кары бою буладан

Болот эгеп аралаш

Ортосуна салдырган,

Айза менен муштаса

Адамдын колун талдырган,

Көрсө куба кандырган,

Муштаса айза өтпөгөн,

Жашыл күрмө тон кийип,

Качыр, тулпар ат минип,

Асманга учуп топурак,

Аскер кайнап топурап,

Бээжиндин эли козголуп,

Кол эсебин алганда

Кенен он миң кол болуп,

Аз кана эмес, мол болуп,

Жез най үнү такылдап,

Керней үнү бапылдап,

Чыңыроо тартып, чуу туруп,

Добулбасын карс уруп,

Он башысы ороктоп,

Айзачаны бир түрдүү

Алды менен сороктоп,

Жүз башчысы жүгүрүп,

Элүү башы, жүз башы,

Миң башчыны көргөндө

Кайран жандан түңүлүп,

Өзөндөн чаң буркурап,

Өлгөн кара калмагың

Өлөңүн айтып чуркурап,

Калың кол каптап түйүлүп,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.