АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Көргөн адам күйүнүп,
Аскер жүрүп кылкылдап,
Алеңгир жаа, сыр жебе
«Манасты байлап келгин», - деп,
Улук экен Эсенкан
Журтуна салды аңгеме.
Балбанынын баарысы,
Баатыр Дөңгө карысы
Ылашкер он миң кол алып,
Эсенкандан эпсиз буйрук жооп алып,
Жер жайнаган кол алып,
Жети асаба туу салып,
Жеткен жердин баарына
Ач айкырык чуу салып,
Добулбас бекем кагылып,
Кол эсинен жаңылып,
Албан түрлүү балбаны
Такыр каптап калганы.
Бөөт-бөөт белди ашып,
Адыр-күдүр жер басып,
Тоңкойгон эчен тоо ашып,
Тоңурайган коо кечип,
Аянбастан жол жүрүп,
Ийри-буйру тоо басып,
Имерилген суу кечип,
Аскер кайдан аянып,
Жеткен экен көп аскер
Алтайдын тоосун таянып,
Кол баштыгын сурасаң
Дөңгө менен эр Жолой.
«Ушул жерге ылашкер
Үч ай тыным алалык,
Кырк үйлүү кыргыз бай Жакып
Астына элчи салалык.
Эрен бекен, шер бекен,
Же кайратсыз кара жер бекен?
Качып жүргөн коңулчу
Кырк үйлүү кыргыз эл бекен?
Кайран Дөңгө, балбаным,
Сен чыгаргын жүз киши,
Калмактардан, Жолой кан,
Мен чыгарам жүз киши.
Эсенкандын кырк нарга
Кыйла көөхар, сары алтын
Дорбого салып арталы,
Бурамалуу кең найды
Бурчтан салып имерип,
Алты сартты баш кылып:
«Соода кыл» - деп жиберип,
А сооданын ичине
Кырмызыдан бүктөтүп,
Балбандарга жүктөтүп,
Эки жүз балбан эр барсын,
Орой, чогоол тең барсын.
Кызыталак бурутка
Камчы сүйрөп киргиле,
Энтеңдеген буруттун,
Алпарган булду саткыла,
Бир нарды союп көргөзбөй,
Кызыталак Жакыптын
Жабыгына каткыла,
Эки жүзүң чогулгун,
Бай Жакыпка доо кылгын.
«Арымды уурдап сойдуң», - деп,
Белгилүү чырдан курагын:
«Айыбы үчүн нарымдын
Балаң Манас бергин», - деп,
Айыбы үчүн сурагын.
Манас Эсенкандын жиберген колунан эки жүз кишисин өлтүрүп,
төөлөрүн жүгү менен талатканы
Айыбына Манасты
Ошол бурут бербесе,
Камчы сүйрөп киргиле,
Кызыталак буруттун
Как куйкасын тилгиле.
Чатак кылып минткиле,
Кызыталак буруттун
Бир бокчосун тинткиле.
Малын талап алгыла,
Ал буруттун башына
Бир балакетти салгыла.
Ордосун бузуп киргиле,
Одураңдап баратса
Баса калып буруттун
Куйкасын каршы-терши тилгиле.
Төбөсүнөн баскыла,
Төрт түлүк малын чачкыла,
Айтканыңа көнбөсө,
Ал Манасты бербесе,
Түрүнүп кир билекти,
Күлүн сабап чаңдатып,
Сала киргин дүмөктү.
Тийип ал жылкы, бээсин
Жакын келсе буруттун
Жайната мушта мээсин.
Үбүн талап алгыла,
Үйүнө шумдук салгыла.
Малын талап алгыла,
Башына кыргын салгыла!
Аяган Манас баласын
Азыр байлап алгыла,
Бир кыйшыгын тапкыла,
Бардыгер жинин каккыла,
Сан карасын алгыла,
Кызыталак бурутка
Заман акыр салгыла!
Кайраттуусун кыргыла,
Кызыталак бурутка
Бир бүлүктү кылгыла.
Адыраңдап кеп айтса
Балакетти салгыла.
«Ууру кылдың бурут», - деп,
Малын талап алгыла.
«Уурубуз мына таптык», - деп,
Манасты байлап алгыла,
Бир кыйшыгын тапкыла,
Кызыталак буруттун
Капкайда жинин каккыла», -
Деп, ошентип эр Жолой,
Баатыр Дөңгө баш болуп,
Эки жүзүн каалады,
Эки жүзгө башчы - деп,
Чоң Дөөдүрүн шайлады.
Эсенкандын казыналык кырк нарга
Алтын, күмүш, дилде артып,
Соода кылып жол жүрүп,
Эптеп кыңыр табууга,
Эптеп кыргыз чабууга,
Алтай жолун төтөлөп,
Арт жагында эки жүздөй балбаны,
Алты сарт чыкты бечара
Кырк нарды коштоп жетелеп,
Аркасынан балбаны.
Балбандардын алганы -
Айбалта, кылыч, добулбас,
Кайраты мыктуу балбандын
Түрүн көрсөң ыраак кач!
Балбандары бир башка,
Баары баатыр көй кашка,
Чоңдугу билдей алпы бар,
Кепти ордуна токтотуп,
Келген экен каркыбар.
Эки жүздүн баатыры -
Эсепсиз Дөөдүр капыры
Алайса көзү чолпондой,
Кулагын көрсөң калкандай
Мурутуна карасаң -
Өтөккө чыккан чалкандай,
Чоңдугу тоонун сеңирдей,
Кырк үйлүү кыргыз Жакыпты
Мунун жалгызы кирсе жегидей.
Ошол кезде Манас кан
Торучаары шайлалуу,
Ошол кезде Манастын
Кермеде толгон тулпар байлалуу,
Эриксе элик атыптыр,
Эрикпесе зор Манас
Элкин ойноп жатыптыр.
Таң-тамаша оюнга
Батып жаткан кези экен,
Кырк таман чийип ордону
Атып жаткан кези экен.
Кырктан, кырктан байталды
Байгесине сайышып,
Утканы союп алышып,