АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Түштүгүнө тай союп,
Түндүгүндө бээ союп,
Казыны кардай кемирип,
Калмактарча кара арактан шимирип
Чатыраш ойноп, даң салып,
Тамашалуу кызыкка
Батып жаткан кези экен,
Ордо салып көп оюн
Атып жаткан кези экен.
Кызыр чалып кабылан
Бул кыйланы кылчу олуям,
Манас, Манас болуптур,
Манас атка конуптур,
Улук жашын сурасаң
Он экиге толуптур,
Торучаарды миниптир,
Ок өтпөстү кийиптир.
Ошол кезде Манасың
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Атышарга ок таппай,
Кечерине чок таппай,
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Кагышарга ой кылып,
Калган экен кабылан
Бучкагына теңебей.
Кытай кордук кылганын,
Кыйла журтун кырганын
Эбак ойлоп билиптир.
«Кайнап жаткан капырга,
Кагыш кылчу баатырга,
Бир беттешип калсам, - деп,
Кыргынды кыйла салсам, - деп,
Беренсиген манжууга
Бир беттешип калсам», - деп,
Кумар болуп жүрчү
Таң-тамаша оюнга
Берен Манас батыптыр,
Сары адырмак кыраңга
Ордо атып жатыптыр.
Ордо аткан оюн бекери,
Жанындагы кырк бала
Арслан Манас жөкөрү.
Шайыр бала Чалыбай
Кырк үйлүүнүн балдардан
Жыйып алган тамыр ай,
Чийип койгон чийинди.
Кара баспай, ак басып,
Кыйшыгы жок так басып,
Кадамакты кадашып,
Оюн салып жатканда,
Тоорумак тооруп жатканда,
Ичке түштү зор Манас,
Чүкө чертер чоң оюн
Ишке түштү зор Манас.
Кызыкка кыйын батканда,
Чүкө чертип жатканда,
Эсенкандын кырк нары
Жүктөлгөн алтын, дилде бар,
Кырк нарыңдын астында
Казыналык кызыл нар,
Кыйла алтын, кымбат мал,
Жетелеген астында алты сарты бар,
Чүкө черткен Манаска
Ар жагынан эки жүздөй балбаны
Кызматкерди шаштырды,
Атып жаткан ордонун
Ортосун жара бастырды.
Айбаттанып арслан:
«Кербенчилер, соодагер,
Таап бастыр жолуңду,
Эл алдаган капырлар
Көргөзөм азыр сонунду!» -
Ачууланып ал Манас
Бир чүкөнү черткени,
Чүкө ыргыды чыркырап,
Эсенкандын эки нары
Чүкө тийген жилиги
Талкан болду быркырап,
Кызыл нар кыйрап жыгылды.
Балбандары күүлөндү,
Ал балбандын ичинен
Дөөдүр алпы сүйлөндү,
Балбанды кудай урганы,
«Үттүгүңө шоодай», - деп,
Төбө чачы үрпөйүп,
Каарланып күүлөнүп,
Кан Манаска сүйлөнүп,
Балтачаны жүгүрүп,
Жанындагы кырк бала:
«Өлдүк» - деп, жандан түңүлүп,
Кызыр чалган кан Манас
Чиймек болду сызыкты,
Баштамак болду бузукту,
Он эки балбан чокморчон
Алтымыш балбан айзачан,
Карыпчысын калдайтып,
Күрмөчөсүн күлдүйтүп,
Жамгыр сындуу жаа тартып,
Мөндүр сындуу ок атып,
Эки жүз балбан жабылды,
Манасты кармап калууга
Тирүүлөй кармап алууга,
Ошондо Манас кабылан
Арсландай көз жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Телегейи тең болчу,
Ичин карап отурсаң
Жер жүзүнөн кең болчу.
Алты шердин кенжеси,
Кудайдын сүйгөн мендеси,
Эч ким азар салбаган
Таалайы артык, аты улук
Көк жалга укурук кайрар калбаган.
Балбандарды көргөндө
Кыраан Манас арслан
Кызыкты мында салганы,
Чокмор алып бакырып,
Ойноп-ойноп келгенде
Он эки балбан бир өлдү.
Каарды Манас баштады,
Алтымышын тырайтып,
Арслан кырып таштады.
Союлдай мойнун коржойтуп,
Кекиртегин суурду.
Канкор шерге катылып,
Канча балбан тырайып,
Жолум үйдөй балбандар
Өлүп жатты тырайып.
Талкан чалган эмедей,
Кудай бетин салбай кал,
Калайманды баштады,
Эки жүз экен балбаны
Эсил Манас кабылан
Баарын кырып таштады.
Ал балбандын ичинде
Керик минген чоң Дөөдүр
Чакчелекей чаң болуп,
Башы-көзүн карасаң
Кызыл челек кан болуп,
Балбанды кырып жатканда
Жеткилең кирип аралап,
Калган экен чоң Дөөдүр,
Дөөдүр качып кутулду,
Жетимиш жерден жара жеп,
Баш айрылып, кан болуп,
Бүткөн бойдун баарысы.
Кызыл челек кан болуп,
Муну мындай таштайлы,
Атакеси бай Жакып
Ошондон кабар баштайлы.
Жакып келди күүлөнүп,
Манасыңа сүйлөнүп.
«Уулум, балам, шок чыгып,
Тентек менен чатагың
Бу дүйнөдө жок чыгып,
Добушуңан чаң чыгып,
Жүрүшүңөн жан чыгып,
Кандын төөсүн карактап,
Кара жолтой, чунак уул,
Калайман мүшкүл салдың го.
Сан малымдан айырып,
Башта көргөн кордукту
Бүгүн салдың, кулунум,
Киши көрбөс зордукту.
Урушту неге баштадың,
Эсенкандын элчисин
Эсил уулум, оңбой кал,
Неге кырып таштадың?!