АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Мүшкүлдү мындан баштадың,

Кумурскадай былкылдап,

Кутурган кытай жетпейби,

Кырк үйлүү кыргыз журт элек,

Бизди курутуп талап кетпейби!

Качып кирер токой жок,

Кара кылар Огой жок,

Өрт каптайт жыйган үбүмө,

Опсуз тентек чунагым,

Жеттиң ээ менин түбүмө!

Тентек уулум, оңбой кал,

Жети бөрү бир койду

Таласа тарпын коёбу,

Жети миң киши кырк жанды

Сабаса тарпты коёбу?

Кара курттай капырдын

Каарын эми келтирдиң,

Кан Эсенкан баатырдын.

Улукка тийип, уйпадың,

Уулум Манас, оңбой кал,

Ушинтип бизди сыйпадың!

Оолугуп кытай, манжуу журт

Ордону талап эми алат,

Ойронду башка чын салат,

Алтай да бизге жер эле,

Кадемди чындап катырдың,

Калмак да бизге эл эле»,

Капа болуп Жакып бай,

Каарланып турганы.

Акбалтай келди күүлөнүп,

Бай Жакыпка сүйлөнүп:

«Өлсө болбойт түк арман,

Өлө берсин көп балбан,

Кыраан Манас барында

Кытайга салат чоң жаңжал,

Кыраан Манас бар болсо,

Алда Таала кудурет

Мендем - деп, бизге жар болсо,

Бээжинден жайнап кол келсе,

Ал колуң аз кана эмес мол келсе,

Капаланба бай Жакып

Кармалаша көрөрбүз,

Каза жетсе өлөрбүз,

Бул дүйнөнү ким билген?

Кабылан Манас барында

Каканга салар чоң дүрбөн.

Көк жал Манас барында

Караан да ушул, бел да ушул,

Караан кылып отурган

Кабылан Манас шер ушул,

Күн көрсүн деп биздерге

Алда Таала кудурет

Манасты берген жери ушул.

Баатырдын тапкан байгеси,

Ойрондон тапкан олжосу,

Кырк нардагы дилдени

Олжого жүктөп өтөлү,

Кудай башка салганды

Эртең күндө көрөлү,

Бүгүн тийген дилдени

Олжо кылып бөлөлү.

Каарды катуу салалык,

Бусурмандын кулуну

Төө коштогон алты сартын

Кошо жолдош кылып алалык».

Акылдуу экен Акбалтай:

«Кырк үйлүү кыргыз бул журттун

Эрден жасоо камдайлы

Эми эрендин баарын шайлайлы.

Ай касаба туу тартып,

Азиреттеп чуу тартып,

Сан кара малды чачалы,

Бул Алтайдан качалы!

Ит урушун салалы,

Эрте өлгөндүн бирибиз,

Берен Манас султанды

Безилдебей, бай Жакып,

Белге таңуу кылалык.

Ушул турган сан кара,

Упасы жок куу малды

Күтүп жүрүп нетели,

Кыргын таап, урушуп,

Кытайдан өлбөй калган жан

Бусурманга жетели!

Былкылдак куурай бышкыча,

Мыйзам гүлү учкуча

Мыктап алты ай урушуп,

Жыйгандын баарын чачалы,

Бул Алтайдан качалы!

Ала-Тоо артык жерине,

Кетели кыргыз элине».

Акбалтай айтып бул сөздү,

Жаккан отун өчүрүп,

Кырк үйлүү кыргыз кайран эл

Жан-жабылта көчүрүп.

 

Жакып, Акбалтайдын Ала-Тоону карай көчө баштаганы. Жолойдун

аларга катуу чабуул койгону

Акылман экен Акбалтай

Мындан мурун алты жыл

Камынган экен каркыбар,

Айгырын биттеп ат кылып,

Жылкынын баарын шарт кылып,

Кочкорун биттеп ирик кылып,

Коюнун баарын түрк кылып,

Букасын биттеп уй кылып,

Кылдыратпай уук чечип,

Шылдыратпай суу кечип,

Тулпардын баарын байлашып,

Күтүп алган сан кара

Түп көтөрө айдашып:

«Баабединге жол бер», - деп, -

Ак боз бээ союшуп,

Жасоону жакшы коюшуп,

Азаматын, шерлерин,

Айза сайчу эрлерин,

Айбалта чабар эренин

Белге таңуу кылыптыр

Кабылан Манас берениң.

Көч алдында Жакып бай,

Көч артында Акбалтай,

Такыр таштап жыйганды,

Издеп жалгыз ыйманды,

Сан кара малды чачты эми,

Байгамбар ак, диним ак

Калып калды Алтай жак,

Алтайдан көчтү кырк үйлүү,

Аны мындай таштайлы,

Дөөдүр алп барган калың кол

Ошондон кабар баштайлы.

Качып барып чоң Дөөдүр

Түркүгү алтын чатырга,

Барган экен ал Дөөдүр

Дөңгө, Жолой баатырга.

Чатырга чырак жагылып,

Эр Дөөдүрдү көргөндө

Казандап каптап көп улук,

Тыргооту тыйпыл жыйылып,

Коңгуроо бекем кагылып,

Кол эсинен жаңылып,

Эми кайнап жаткан көп улук,

Таш сайынган кытайдын

Тазалары жыйылып,

Кызыл чоктуу кытайдын

Кыйындары жыйылып,

Акылга дыйкан эрени,

А Дөөдүрдүн үстүнө

Келген экен ал күнү

Дөңгө, Жолой эрени.

Баары келип турганы,

Баары тегиз келгенде,

Эр Дөөдүрдү караса

Чакчелекей чаң болуп,

Кызыл челек кан болуп,

Эрбеңдеген эки кол

Өйдө болбой, шал болуп,

Көнөктөй болгон кайран баш

Кызыл кочкул кан болуп,

Кыр жагынан чалдырып,

Кызыталак бурутка

Кырк төөдө малым алдырдым.

Калың казды орумду,

Кызыталактан, буруттан

Кыйла көрдүм сонунду.

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.