АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Кызыкты кыйла кылдырдым,

Эки жүздөй балбанды

Жалгыз Манасына кырдырдым.

Манастын жайын сураба,

Өзү он экиде бала экен,

Он тогузга келгенде

Каканчылуу Бээжинге

Кыргын салчу эр экен.

Оң далысы кең экен,

Канкор бурут Манасы

Он сегиз миң ааламды

Ойрон кылчу эме экен.

Манастын жайын сураба,

Билеги жоон, таш жүрөк,

Кылымдан мындай көрбөдүм,

Бил мүчөлүү бадирек,

Канкор бурут өзү экен,

Өзү турмак Манастын

Караган кара көзү экен.

Кобурунан жан чыгат,

Аман болсо көрөрсүң,

Канкор бурут Манастын

Каарынан жан чыгат.

Көк жал экен, шер экен

Көпкөрүнөө туулган,

Аман болсо Бээжинге

Сала турган чуулган.

Калк бийлеп, журт кармап,

Зардарлык сыны бар экен,

Качырган жактан кан агат,

Балбандык сыны бар экен.

Ок өтпөгөн тону бар,

Ок жетпеген аты бар,

Кабагы бийик, заары күч

Качырып Манас кол салса,

Кайран жандан күдөр үз.

Себилдүүсү сексен төрт,

Кызыталак буруттун

Серп алган жагы кызыл өрт.

Кынсыз кылыч байланган,

Кызыл жезден айза алган,

Майлаган буудай жүздөнгөн,

Күүгүм туман көздөнгөн,

Ичсе канга тойбогон,

Бет алганды койбогон,

Берендик жаны көрүнөт,

Ак марал кууп уй кылат,

Аман болсо көрөрсүң

Ааламды буй кылат.

Бет алып менде барабы?

Берен Манас бурутка

Беттешкен тирүү калабы,

Мендеден мындай көрбөдүм.

Бир караса - бир киши,

Кызыталак ал бурут

Бир караса - миң киши.

Асты жагын карадым -

Алты миң эрдин сүрү бар,

Аркасына карадым -

Арслан шердин түрү бар.

Белгилүү кыйын бел экен,

Мендеден бөлөк эр экен.

Жекене белге курчанган,

Жети милек жоо барса,

Желек кирип кол салса,

Желмогуздук түрү бар,

Кара көк жал шер экен,

Кызыталак буруттан

Бир туулган эр экен.

Алышканды койбогон,

Бир чочконун этине

Бир жегенде тойбогон,

Балбандыгым башкача

Манас менен чырдаштым.

Каарды катуу баштады,

Эки жүз эле балбаным

Баш-баштарын жөн эле

Ышкындай үзүп таштады.

Кара жаак айбалтам

Кармай калып имердим,

Качырып кирип Манасты

Так токсон тартып жибердим,

Зың-зың этип кенебейт,

Менден тийген балтайбы

Бучкагына теңебейт.

Күчкө салсам ал Манас

Чымын сындуу теңебейт.

Тамактан өтпөйт ичкениң,

Манас тартып ийгенде

Дал-дал болду биздин баш.

Айла кетип тутулдум,

Астымдагы боз кериктин

Күлүгүнөн качып кутулдум.

«Манасты байлап алам» - деп,

Өз жаныман шашканым,

Өлүк-тирик ортосу

Жаралуу болуп жатканым,

Өзүм өкүм салам - деп,

Өз дүйнөмдү чачканым,

Кыймалуу жактан чалдырдым,

Эки жүздөй балбанды

Кыргызыңа алдырдым.

Бир салганда токтолдум,

Эки салса не кылат,

Күйүп-жанып чок болдум.

Бириң барбай, миңиң бар,

Азың барбай, көбүң бар,

Жаманың барбай, мыктууң бар,

Айттым, тилим алып бар,

Манас оңой жоо эмес,

Чууга кулак салып бар,

Баатырың тандап, эриң бар,

Жалгызың коюп, көбүң бар,

Жаманың калып, эриң бар,

Кара мылтык карс этсе,

Качпай турган мыктууң бар,

Чогол мылтык торс этсе,

Чочубай турган эриң бар.

Алыш кылса Манаска

Адамдын алы жеткисиз,

Чалыш кылса канкорго

Арсландын тиши өткүсүз.

Беттеп менде баргысыз,

Берен экен куу бурут

Бет алган тирүү калгысыз.

Капырай, көзү көрдүн ордундай,

Көрүнчү болсо баарыңды

Атың менен жуткудай,

Каарланса канкоруң

Кармап алып баарыңды

Жөн эле чөп катары оргудай.

Ажалдан кайра тартпаган

Өлүмдөн кайра кайтпаган,

Өлчөөсү курусун буруттун,

Туулган экен ал Манас

Бурут деген журттан.

Шумдуктун кара көзү экен

Манас эмес, ал бурут

Жөн эле чуулгандын өзү экен.

Ушул Манас жетилсе,

Ташты бузуп, жол салат,

Кайнап жаткан Каканчы,

Чоң-Бээжинге кол салат.

Буурсунду бурдурбайт,

Буюрбасын калп айтсам,

Бизди бул Бээжинге тургузбайт.

Таш коргонду талкалап,

Такыр кылчу эр экен,

Кырк үйлүүдөн туулуп,

Көрбөй калып Манасты

Көз кашайган кези экен.

Ошол Манас чоңойсо,

Каканчылуу Бээжинди

Какайлатчу шер экен,

Бул Бээжиндин элине

Калайман салчу эр экен.

Көрдүм Манас бурутту,

Бул бурут деген журтту,

Дини ислам дилинде,

Бизге душман зилинде,

Бет алып менде келе албайт,

Бүт Бээжин журтун айдасак,

Манаска алы келе албайт,

Эңкейтип адам алгысыз,

Кара жолтой бурутту

Кез болгон тирүү калгысыз.

Орой чоку баш ооруйт,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.