АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Өлчөлүү жердин баары ооруйт,
Кыймылдарга алым жок,
Кайра барсам бурутка,
Ошол бурут деген журтка,
Чама кылар айлам жок,
Чамам чарчап, ал кетти,
Бүткөн бойдун баарынан
Зиркиреп кара кан кетти.
Мен Дөөдүр алп болгону,
Дөөдүр атка конгону
Мадаңшаң менен салышып,
Ордолуу шаарын бузганда,
Алтынын талап артканда,
Бет каратып кайтканда,
Мында мындай болбодум» -
Дөөдүр минтип турганда
Дөңгө чыкты күүлөнүп,
Жолой чыкты сүйлөнүп:
«Кызыталак буруттан,
Бурут деген журуттан
Коркуп калган экенсиң!
Баатыр Жолой, эр Дөңгө,
Чаба жүргөн бурут журт,
Ала жүргөн кол ушул,
Айтыша жүргөн ооз ушул.
Биз көргөнбүз бурутту,
Буласын булап алганбыз,
Бузукту минтип салганбыз.
Бирөөнү айдап Эренге,
Кызыталак бурутту
Көп түшүрдүк тереңге.
Чала жүргөн жол ушул,
Ала жүргөн кол ушул!
Он экиде бала экен,
Манасын байлап алабыз,
Бай Жакып тийсе колго
Курмандыкка чалабыз,
Кадырдуусун кырабыз,
Кызыталак бурутту
Кара элечек кылабыз», -
Деп, ошентип, эр Жолой
Калың колду шаштырып,
Астындагы Ачбуудан
Ойку-кайкы бастырып,
Көк күбөнү жамынып,
Көрчү болсоң эр Жолой
Көк жолборстой чамынып,
Күрмөчөнү күлдүйүп,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Жолойдун жайын сураба
Опол-тоодой көрүнүп,
Бир жагынан эр Дөңгө
Ай касаба туу алып,
Сары ылашкер кол алып,
Чоң обого бурулуп,
Тыргооту тыйпыл жыйылып,
Асманга учуп топурак,
Аскер жүрүп топурап,
Айзанын учу чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Асман ачык, жер бүркөө,
Жерден бир тал көрүнбөйт,
Караса көзгө илинбейт,
Кай кеткени билинбейт,
Камгак учкан эмедей,
Каптап жүрдү Манасты.
Жоо мыктуусу эр Дөңгө
Эсенкан колу козголуп,
Жардык алган чочколор
Эсеби жок мол болуп,
Боз ала желек ыргалат.
Ачбуудан менен айкырып,
Айдап жүрдү эр Жолой
Манасты көздөй жапырып,
Айдап жүргөн көп колдо
Шуру тогот, маржан таш
Луң-туңдун каны аралаш,
Балтачаны башкача,
Калың кытай какайлап,
Чогулган экен бир канча.
Түрдүү-түрдүү колу бар,
Түрү суук эли бар,
Ат көтөргүс алпы бар,
Албан түрдүү көп балбан
Келген экен каркыбар.
Темир аркан торчон бар,
Тегеректеп кетүүчү
Тегиз канжар колчон бар,
Албан түрдүү алпы бар,
Үйүң күйгөн кытайдын
Эчен түрдүү алпы бар,
Чалма уруучу ыктуу бар,
Жаа тартуучу мыктуу бар,
Албан түрдүү эри бар,
Аңгемеси чоң дүмөк
Мунун түгөнбөй турган кеби бар.
Кайрат кылган каны бар,
Кыйкырып сүрөөн салуучу
Мунун калдайынын баары бар.
Акыл билгис эри бар,
Баатыр Дөңгө дөөсү бар.
Добулбас бекем кагылып,
Кайнап жаткан аскерлер
Каптап жүрдү жабылып,
Күн бүлбүлдөп көрүнбөй,
Жер тумандап кир болуп,
Жетмек болду балбандар
Жер жүзү менен бир болуп,
Он башысы ороктоп,
Элүү башы короктоп,
Жүз башысы жүгүрүп,
Миң башынын баарысы
Жандарынан түңүлүп.
Ай касаба кызыл туу,
Ач айкырык ызы-чуу,
Боз ала желек, кызыл туу,
Бойбойлогон ызы-чуу,
Аламандап ат коюп,
Чабуулун кытай бат коюп,
Каарланып бакырып,
Колдун артын карасаң
«Манжуулап» ураан чакырып,
Бөлүнүшүп бакырып,
Бөлөкчө мындай мүшкүл иш
«Мөндүлөп» ураан чакырып,
Боз атчаны бөлүнүп,
Эрендердин баарысы
Четтеп көзгө көрүнүп,
Сурнай кулак тундуруп,
Барабан үнү бапылдап,
Жез най үнү такылдап,
Тыргоот, манжуу, кытайы
Тыйпыл баары чогулуп,
Чыңроо тарткан жез найдан,
Чымчык учпас кең сайдан,
Жоо кутулбас айзадан,
Эрендери эригип,
Арсландары бетинде,
Албан түрдүү кытайдын
Эрендери четинде,
Кандуу канга канышчу,
Качпай туруп салышчу,
Камбылдары дагы бар.
Айза имерип салышчу,
Жоонун айласын мыктуу табышчу,
Эрени бар, каны бар,
Көй кашканын баары бар.
Айзакерден ыктуу бар,
Жоонун айласын билчү мыкты бар,
Зорлугу тоодой эри бар,
Кумурскадай кайнаган
Кутургурдун көбү бар.
Казат баштап, чыр салып,
Анда-мында капырлар
Добулбасты бир салып,
Түзү суук көрүнүп,
Душмандык сыны көрүнүп.
Кастарын тигип калыптыр,
Буйрук алып эринен
Калың кол каптап калыптыр.
Кармашаары Жакып бай,
Кармачусу Акбалтай,
Кыруучусу кырк үйлүү,
Мунун кыйын кереги -
Жакыптын уулу зор Манас.
Кудай бетин көргөзбө,
Жердин бетин таптады,
Жетиги Дөңгө, эр Жолой
Аламан салып каптады,