АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Акыр-такыр күн салды.
Манасты кармап алууга,
Акыр заман чыр салды.
Кармап алса кокустан
Түпкө чогуу жетүүгө,
Чынмачынга, Бээжинге
Тирүү байлап келүүгө,
Билген чырын кылууга,
Кармап алса канкорду
Кан Эсендин алдына
Алпарып тартуу кылууга,
Ээлигип кытай козголуп,
Алган экен капырың
Эчен түрдүү козголуп,
Кумурскадай кылкылдап,
Каптап жүрдү калың кол,
Кудай айла кылбаса,
Курчап кытай былкылдап,
Кырк үйлүү эмес, бул кытай
Ааламды каптап өткүдөй,
Алышкандын ажалы
Азыр чогуу жеткидей.
Бет алып менде келгисиз,
Каары толук капырга
Катылган тирүү калгысыз.
Аскер каптап жер жайнап,
Алеңгир түшүп, шор кайнап,
Көптүгүнөн жер жайнап,
Каарланып бакырып,
Аламан салып каптаса,
Баарысы «мөндүлөп» ураан чакырып,
Үркүн-түркүн бөлүнүп,
Жан койбостой көрүнүп,
Касаба туусу ийилип,
Көргөн жандан түңүлүп,
Кол алдында эр Дөңгө,
Кол артында чоң Жолой,
Соргоктугу бир бөлөк,
Кезиккенди койбогон,
Бир оопаздын этине
Бир жегенде тойбогон,
Беттешкенди койбогон,
Кайран Жолой камбылы,
Эң ишенип жиберген
Эсенкандын нак колу.
Кармап алар камбылы,
Кайран Жолой, эр Дөңгө
Канчасынан камбылы,
Кайрандарын бир бөлөк
Шайлап алган кези экен,
Дүркүрөтүп көп колун
Айдап алган кези экен.
Арык койдой токмоктоп,
Ийрип чыгып келатат,
Арка жагын токмоктоп,
Кайран Жолой канетет
Айдап чыгып келатат.
Чоңдугу тоодой эр келет,
Каарынан капырдын
Жер солкулдап термелет.
Жетик кол каптап дүркүрөп,
Жеткилең экен эр Жолой
Колдорду айдап дүркүрөп,
Үйдөй чокмор колго алган,
Чоңдугу касаба тоодой көрүнгөн,
Катылыша кеткендин
Жөн эле каны төгүлгөн.
Кайраты бийик, заары күч,
Катыла кеткен адамды
Кырып, союп, кылат түз.
Каары бөлөк көрүндү,
Каптап кетчү эмедей
Түрү бөлөк көрүндү.
Кең Алтайдын суук төр
Кырк үйлүү кыргыз кайран эл
Өрдөй конуп калыптыр,
Өрдөтө айдап көп малды,
Корголотуп куу жанды,
Акбалтай менен Жакып бай
Аңгемени кылыптыр,
Кырк үйлүүнү жыйыптыр,
Куп акылдан кылыптыр:
«Казган калың ор келди,
Эр Эсенкан шаарынан
Каптаган калың кол келди.
www.bizdin.kg
Түпкө чогуу жетет го,
Түгөтүп кырып кетет го,
Эңкейиште чөп экен,
Чөптөй кытай көп экен,
Буланы булап алат го,
Бузукту башка салат го,
Кармап алса, бул капыр
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарат го,
Малыбызды чачат го,
Көрүбүздү бул капыр
Типтирүүлөй казат го!»
Акбалтай менен Жакып Жолойго кыздарды, малды тартуу тартып
багыналы — деп, кеңешкени. Манас болбой урушуп жеңгени
«Баатыр Манас, көк жалым,
Сенин аркы атакең Огойдур
Огой кайдан оңойдур -
Сомдуктун суусун бойлогон,
Атаң Огой барында
Согушкан адам сойлогон.
Чоң атаң Огой эр эле,
Ааламды бузган шер эле.
Түп атаң болчу Түгөл кан
Түбүнөн Кыдыр даарыган.
Огой кандан Бала кан,
Бала кандын өзүнө
Эчен жандар караган,
Каракандын Бошогон
Кара калмак ошого
Калайман салган ошогон.
Ал Бала кан өлгөндө
Муну калк чогулуп көмгөндө
Андан туулуп Каракан
Сенин Каракан атаң эр чыгып,
Каракандын барында
Канча журт ага караган
Каяшаяк бергенди
Сенин Каракан атаң сабаган.
Каракан өңдүү кан болгон,
Каракандын өзүнө
Катылган адам жай болгон.
Ошо Каракан өлгөндө,
Тентип кеттик баарыбыз,
Кол аякты байлады,
Кордук кылып бардыгын,
Кордук менен айдады.
Кыйлабыз кыргын болуп өлгөнбүз,
Эстен кетип сабылып,
Кара калмак, манжууга
Кордук көрдүк сабалып,
Чоң атаң зор кан өлгөндө,
Кара калмак, манжуу журт
Көп малды олжо кылып бөлгөндө,
Алтайдан күткөн сан кара
Кулунум, Манас, кебимди ук,
Баарысын тартуу кылып берели,
Аман-соо калалык,
Кызыл сулуу кыздарды
Тартуу кылып кытайга
Ошолорду берелик,
Жанды сактап калалы,
Кыйланып калган эл элек,
Тирүү жүрбөй, кулунум,
Кырылып калган эл элек» -
Жакып мындай дегенде,
Безге сайган эмедей
Ыргып кетти эр Манас:
«Кокуй, ата, не дейсиң?!
Өлүмдөн корксом оңбоюн
Ажалдан корксом мен, ата,
Туубай туна чөгөйүн!
Алтайдагы капырды,
Кармашчу балбан капырды,
Кокуй, ата, не дейсиң,
Торучаар берчи минейин,
Тобокел - деп бакырып,
Бүгүн «ыстандап» ураан чакырып,
Кайнап жаткан капырды