АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Каканга чейин сүрөйүн,
Бээжинден чыккан балбанды
Бакбурчун айдап кирейин:
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетейин,
Кырк үйлүү кыргыз журт үчүн
Курман болуп кетейин!
Зордукчу кара кытайга
Согушту мыктап саламын,
Телпейген кара калмактан
Быйыл теңдигим алып кетемин.
Кокуй, ата, кейибе -
Айзалаша топ бузам,
Дагдыр жетсе окко учам,
Күрдөлүү башым барында
Айылымды кантип берейин,
Күчөгөн экен бул кытай,
Мен бир күрпөңдөшүп көрөйүн!
Каптап келген капырга,
Кармаш кылчу баатырга,
Кангайдагы манжууга,
Бээжин айдап сүрбөсөм,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Күчөгөн экен бул журтуң
Мен бир күлжүктөшүп көрөйүн!
Согуш кылып окко учпай,
Мен сан кара кантип берейин!» -
Деп, ошентип, эр Манас:
«Жетик белим курчанам,
Жер жайнаган капырга
Жалгыз кирип кол салам», -
Деп, ошентип, эр Манас,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Кан ичмеси бек кармап,
Каарланып бөлүнүп,
Кан ичер түрү көрүнүп,
Мына ошондо зор Манас
Жоо-жарагын шайланып,
Кыргын кылчу Аркескен
Кылычын ичинен байланып,
Каарланып бөлүнүп,
Кан иччү түрү көрүнүп,
Арсландай чамынып,
Айкөл Манас артык шер
Казатка чыкты камынып,
Чочуп тулпар токунуп,
Эриң Манас көк жал, шер
Кылча көрбөй куу жанды
Кыргынга кирген ошол жер.
Арбагы оор, аты улук
Айкөл Манас шер ошол,
Дөңгө менен Жолойго
Согуш кылган жер ошол.
Манас, Манас болгон жер,
Манас атка конгон жер,
Торучаарды минген жер,
Толкуган кытай-калмакка
Жетик белин курчанып,
Жер жайнаган калмакка
Жеке кирип кол салып,
Минген аты Торучаар
Сопол куйрук, сом туяк,
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез канат,
Туу куйругун чубаган,
Алты айчылык айгайга
Ашпай-шашпай чыдаган,
Кырк күнчүлүк чөл болсо
Кыйшайып жүдөп оңбогон,
Алты ай сапар жол жүрсө
Азып-тозуп калбаган
Кабылан Манас канкор шер,
Артык балбан, артык эр
Түп атасы Түгөл кан,
Түбүнөн Кыдыр даарыган,
Беттешкен аман болбогон,
Бет алганды койбогон,
Чачылганды жыйганы,
Каалаганы ыйманы,
Кабыландын өзү ошол.
Каарланып бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кагышка кирди эр Манас,
Он экиге келгенде
Кыргын салган ошол жер.
Торучаар менен ойнотуп,
Толгон кытай, манжууну
Тоголотуп сойлотуп,
Каарланып сумсайып,
Кайнап жаткан кытайга
Кабылан Манас кол салып,
Кара жаак зулпукор
Кармай калып имерип,
Бет алдына келгенин
Канкордун иши ушундай,
Чөл түшүрүп жиберип.
Алысыраак балбанды
Айза менен кулатып,
Тизгиндеше келгенди
Айбалталап сулатып,
Оң жагына келгенди,
Ойрон Манас кабылан
Кылыч менен сулатып,
Дардайган кара калмактын
Чачы калып булайып,
Эчен тоодой балбандар
Өлүп жатат тырайып,
Каарман өлүп, кан өлүп,
Кабылан Манас султандан
Кармашкандын баары өлүп,
Жаңжу жанын аябай
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Балбан каптап кылкылдап,
Туш-тушунан кол салып,
Кумурсканы көр, куртту көр,
Куртча кытай журтту көр,
Жамгырды көр, чокту көр,
Жабыла тийген окту көр,
Камышты көр, селди көр,
«Какайлап» ураан чакырып,
Каптап калган колду көр.
Камыштай айза кылкылдап,
Кылыч, мылтык жылтылдап,
Очогор огу жаңырып,
Жаа, жебе огу жабылып,
Мунара күйгөн чокту көр,
Бузулбай тийген окту көр,
Казылган чуңкур орду көр,
Кажылдап, каптап чуркурап,
Каптап калган колду көр!
Боз атчаны четинде,
Болумдуу Дөңгө бетинде,
Каж-куж этип, чуу туруп,
Кылыччаны шайланып,
Балтачаны камданып,
Кылычы кыйла учтуусу,
Айзасы артык курчтуусу,
Чалма уруучу балбаны,
Эчен түрдүү жандары,
Кумурскадай калктары,
Түрдүү-түрдүү алптары,
Темир аркан торчону
Каптап уруш салды эми.
Темир канжар колчону
Тегиз каптап урушту,
Эрендери, кандары,
Эчен түркүн жандары
Эр Манаска ок атып,
Тегиз каптап калганы.
Күрмө тон кийген күчтүүсү,
Таш сайынган тазасы,
Жору куйрук Жоон алп,
Кайчы кулак Каман алп,
Качырып уруш салды эми,
Жетик Манас көк жалды
Ортосуна алды эми.
Боз мунарык, күйгөн чаң
Зың-зың этип кенебей,
Туруп берди Манас кан
Өлөмүн - деп кенебейт,
Өңкөй дөөсү каптаса
Бучкагына теңебейт.
Караса көзгө илинбейт,
Камгак учкан эмедей
Кайсы экени билинбейт.
Кызыл айза, күйгөн өрт