АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Кынап жүрөт Манас кан,
Кыргын салып кытайга,
Кылча көрбөй урушту
Чыдап жүрөт Манас кан.
Эңкейгенде эр саят,
Эсепсиз канкор Манас шер
Жетөөнү катар бир саят.
Торучаарын чуратып,
Кез болгондо калмактын
Кечилин сайып кулатып,
Өр таянса эр сайып,
Шер экенин мындан бил,
Он экисин бир сайып,
Беттеп айза сунганда
Менде чыдап тура албай,
Качырып кылыч суурганда
Калмак чыдап тура албай,
Беттеп айза сунганда
Чаң созулат чубалып,
Төөдөй кара кытайлар
Кулап кетет тырайып,
Асты жагын караса
Таалайы артык канкордун
Алты миң эрдин түрү бар,
Аркасын салса, баатырдын
Ажыдаардын сүрү бар,
Бет алса кытай бөлүнүп,
Таалайы артык канкордун
Арслан сындуу көрүнүп,
Бир караса миң киши,
Бир караса, баатырым
Жер жайнаган сан киши.
Манастын түрү ушундай:
Алты шердин кенжеси,
Айкөл Манас арслан, шер
Кудайдын сүйгөн мендеси,
Телегейи тең ошол,
Так Алтайдын боюнда
Жашы он экиге келгенде,
Кыраан Манас кабылан
Кыргын салган жери ошол.
«Канкор бурут экен», - деп,
Калдай көрүп күйүнүп,
Шер экени Манастын
Кайнап жаткан кытайдын
Даңазасына чийилип,
Күрмө кийген күчтүүсү
Араласа арслан шер
Ат-атынан күбүлүп
Чыйрагыраак балбаны
Чын жанынан түңүлүп,
Себилдүүсү сексен төрт,
Кызыталак канкордун
Серп алган жагы кызыл өрт,
Алысын чаап суй кылып,
Кыжылдаган кытайды
Айдап көк жал буй кылып,
Беттеп көк жал барганда
Балбан шашып соксоктоп,
Бет алганын көк жалың
Айдап, кууп токмоктоп,
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсү тоодой жыйылып,
Таш сайынган кытайдын
Тазалары кырылып,
Мыкты балбан кан өлүп,
Жалгыз Манас баладан
Таш сайынган кытайдын
Тазасынын баары өлүп,
Каары катуу бакырып,
Кырк үйлүүгө жеткирбей,
Кайнап жаткан кытайды
Кабылан Манас канкор шер
Кайра сайды жапырып.
Өйүз-бүйүз жатышып,
Айза менен жетпесе
Мылтык менен атышып,
Бет алышып турушуп,
Алысыраак болушса
Мылтык менен урушуп,
Маңдай-тескей турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп,
Кудай бетин көргөзбө,
Камгак учкан эмедей
Караса көзгө илинбейт.
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,
Кан төгүлүп шыркырап,
Катуу кыргын болду эми.
Дөңгө, Жолой алпы бар
Чылгый ичи өрт жанып,
Же Манасты кармап ала албай,
Же канына куру бара албай,
Ардыгынан өлө албай,
Өкүрүгү таш жарат.
Канына куру бара албай,
Чет-четинде зыргытып,
Кол токмоктой кара чач
Ардангандан бул экөө
Чачтарын жулуп ыргытып.
Манаска чыдап тура албай,
Манжуу качып шок-шоктоп,
Ар жагынан эки дөө
Манжуулардын баарысын
Кайра тозуп токмоктоп,
Элдин баары жыйылып,
Эки ортого чөл түшүп,
Балбандын баары кырылып.
Бул кызыкты ким билген,
Жаңыдан болгон ушул иш,
Кыраан Манас кабылан
Кытайга салган чоң дүрбөөн
Мында көргөн болбойт эч арман,
Канкор Манас барында
Калмакка салган чоң жаңжал.
Эчен балбан күчтүүлөр
Баатыр Манас көк жалды:
«Байлаймын» - деп жыйылып,
Байламак турмак бадирек?
Өздөрү чогуу кырылып,
Улугу келип шашты эми:
«Өлтүрөмүн» - деп келип,
Өз дүйнөсүн чачты эми.
Балбанынын баатыры
Айзакерден ыктуусу,
Жоонун айласын билген мыктуусу,
Айзакерден эрени,
Айла тапкыч берени,
Балбан Дөңгө, эр Жолой
Каарды катуу салды эми.
Өлгөнүнөн калганы
Балбанды айдап алганы:
«Бадышалык багынан,
Эр Эсенкан тагынан,
Айтышып калган ооз кана,
Эсенкандын кеби эле:
«Жакыптын уулу Манасты
Кармап келгин» - деди эле,
Кызыкты кыйла кылдырып,
Балбандын баарын кырдырып.
«Буруттан шумдук көрдүк - деп,
Беттешкенде өлдүк» - деп,
Өлбөй кантип тартабыз?
Өкүм бааша эрендин
Уялбай кантип айтабыз?
Кызыталак буруттан
Кырылышып кайтабыз.
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзамдын гүлү учкуча,
Мыктап алтай салышып,
Кыргын болуп тартабыз,
Кызыталак бурутту
Сырттап-сырттап чыгалы,
Зыркыратып кубалап,
Сыйынган жерге тыгалы.
Ойронду опсуз салалы,
Кызыталак бурутту
Ороп кармап алалы,
Сары изине чөп салып,
Саргара кууп салалы».
Балбан Жолой күүлөнүп,
Баарысына сүйлөнүп,
Кордобой Жолой калбады,
Колдун баарын айдады.
Колдун артын эр Жолой
Айдап алган кези экен,
Койбочудай эр неме