АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Жайнап алган кези экен.

Кол алдында Чоң Дөңгө

Адам билбес сөзү бар,

Бээжиндин ар жак жагында,

Сазаңшаң деген эл экен,

Киши билбес сөзү бар,

Башында табактай жалгыз көзү бар,

Атасы кытай долусу,

Адам тилин билбеген

Айбанга чалыш доңузу.

Кежиге чачы үксөйүп,

Каары келип какайып,

Кармашарга жан таппай,

Каары күчтүү капырга

Кайраты толук эр экен,

Каканчылуу Бээжинге

Кайран Дөңгө дээр экен.

Арбагы бийик, аты улук,

Артык балбан эр Дөңгө

Бир жаратылган макулук,

Каарданып туу кармап,

Көрсө көңүл бөлүнүп,

Көсөгөр тоодой көрүнүп,

Каарланып кыйкырса

Капчыгай көчүп дүпүлдөп,

Манас эмес жөн эле,

Он сегиз миң ааламды

Кыргын кылып кетчүдөй,

Кайран Дөңгө күүлөнүп,

Мурунунан чыккан буу

Кол ыштыктай буркурап,

Кыргын тийген эмедей

Артынан кытайдын колу чуркурап,

Аз гана эмес эл каптап,

Айгайлап сан кол жетерде,

Арслан Манас айкөл шер

Кыргындашып кытайга

Дагы жеткен ошол жер,

Торучаар менен желигип,

Каар салып бакырып,

Каптап кетчү балбанын

Канкор Манас кабылан

Кайра айдады сапырып.

Көрчү болсоң эр Дөңгө

Кылкүрөң менен чамынып,

Бет алдынан өрттөнгүр

Манаска айза саюуга

Калган экен камынып.

Жай-жарагын жайланып,

Кыргын кылып өтчүдөй

Каары бетине айланып,

Каар төгүлүп күүлөнүп,

Жете электе Манаска

Жеп ийчүдөй сүйлөнүп:

«Колду эмне кырдың? - деп

Буйрук келсе чоң кандан

Төөнү эмне кылдың? - деп,

«Кытайды кыргын кылам» - деп,

Ойлоп жүргөн экенсиң,

Айгайлаган калмактын

Алсызы менен чапчышып,

Сен, ойноп жүргөн экенсиң.

Кызыталак, куу бурут,

Бүгүн тийдиң жиниме,

Кетирем бүгүн түрүңдү,

Каарым келип какайдым,

Бүгүн катылбай койбойм бириңе.

Бүгүн билгенимди кыламын,

Так бириңди койбой кырамын!»

Ошентип, Дөңгө күүлөнүп,

Колундагы чокмору

Жолум үйдөй көрүнүп,

Көк темирден туулга

Көмкөрө кийип алыптыр,

Көргөн жерден Манаска

Көк найза сунуп салыптыр.

Кылкүрөңгө камчы уруп,

Кылча жанын аябай,

Капчалдай оозу ачылып,

Оозунан өрт күйүп,

Жең билектей чачылып,

Кылып ийчү эмедей,

Кызыгы кыйла көрүнүп,

Кытайлардан эр Дөңгө

Алган экен бөлүнүп,

Жекеге чыгып алыптыр,

Каарынан капырдын

Жер айрылып алыптыр.

Караса көңүл бөлүнүп,

Болкулдаган ал Дөңгө

Боз сеңир тоодой көрүнүп,

Арт жагынан Дөңгөнүн

Каптап келген балбаны

Аламан коюп калганы.

Кылкүрөңгө камчы уруп,

Кытайлардан бөлүнүп,

Алыптыр Дөңгө балбаны.

Мендеден бөлөк сүрү бар,

Катылышкан адамды

Тирүү койбос түрү бар.

Эр Дөңгөнү көргөндө

Кыраан Манас кабылан

Торучаар тулпар күлүккө

Токтобостон камчы уруп,

Кол салды кытай бүлүккө.

Торучаар оозун бурду эми,

Тоодой болгон Дөңгөгө

Токтобой айза сунду эми.

Белгилүү Манас шериңдин

Берендиги бек башка,

Каканчылуу Бээжинди

Такыр кырчу көй кашка.

Кармашканы канкордун

Коңур салкын күз болгон,

Катылган кара калмактын

Эчендери кырылып:

«Кармашам» - деп, түз болгон.

Эр Дөңгөнү көргөндө

Сайышарын билди эми,

Биле коюп канкоруң

Мыйыгында күлдү эми,

Өлүмдөн кайра түк тартпай,

Ажалдан Манас түк кайтпай,

Торучаар оозун бурду эми,

Кызык темир сыр найза

Эр Дөңгөгө карата

Күркүрөтө сунду эми.

Берен Манас султандын

Бели артында бекчейип,

Алактаган эки көз

Өрттөй кайнап чекчейип,

Каары бөтөн көрүнүп,

Кудай сүйгөн баатырдын

Арслан сүрү көрүнүп,

Алагай көзү чолпондой,

Айкөлдүн сүрүн сураба,

Каалгадай кашка тиш,

Эми калайыктан башка тиш

Кашкайып чыгып алыптыр,

Кан ичмеси бек кармап,

Дөңгөгө колду салыптыр.

Тулпар экен Торучаар

Башын жерге салыптыр

Башкача арыш алыптыр.

Басып өтсө кара таш

Талкан болуп быркырап,

Жолум үйдөй даңканы

Төбөсүндө чыркырап,

Көкүлүн көккө зыргытып,

Жаныбар туягын жерге мылгытып,

Учкан куш менен жарышып,

Окоро түйгөн ак тизгин

Эсеби жок тулпардын

Кабылан оозу менен алышып,

Айта-буйта дегиче,

Ачып көздү жумганча

Шердин шер экени билинип,

Торучаар жетти жүгүрүп,

Торучаардын үстүндөгү кан Манас

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп,

Кан ичме Манас кабылан

Жетик белин курчанып,

Жеткен жерде Дөңгөнү

Айза менен бир сайып,

Жетик бала шериңиз

Жебеден мурун жеткени,

Жеткен жерде Дөңгөнү:

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.