АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

«Кендир курдун чети - деп,

Өпкөнүн бир жак бети - деп,

Жан жеринин тушу - деп,

Өрттөнүп өлгөн чочконун

Өлүүчү жери ушул» - деп,

Кан ичсе тойгус сыр найза

Кармай калып имерип,

Канкордугу мынчалык

Каң дедире Дөңгөнү

Муштап келип жиберди.

Кабырга сөөгү сөгүлүп,

Манас шер айза сайганда

Өпкөсү эки бөлүнүп,

Суудай каны төгүлүп,

Көрүп турган адамдын

Бүткөн бою дүркүрөп,

Кылкүрөңдүн үстүнөн

Ээринен арт тайып,

Үзөңгүдөн бут тайып,

Кулап кетти күркүрөп,

Дөңгө аттан түшкөндө

Балааны башка салганы,

Башын кесип алганы.

Ал Дөңгөсүн жай кылып,

Ичке жолду төтөлөп,

Кылкүрөңдү Манас шер

Олжо кылды жетелеп,

Кылкүрөң коштоп чыккыча,

Кудай бетин көргөзбө,

Камышты көр, селди көр,

Каптап кеткен элди көр,

Мунарык учкан чокту көр,

Бузулбай тийген окту көр,

Каарлуу Жолой бакырып,

«Какандап» ураан чакырып,

Каарды катуу салды эми,

Кайнап жаткан көп балбан

Каны Жолой баш болуп

Калың Манас султанды

Тегеректеп калды эми.

Акбалтай бай, Жакып бай

Көөдөнгө батпай көп санаа

Кан Манасты көргөндө,

Экөөнүн көзүнүн жашы он талаа:

«Өлбөй тирүү жүргөндө

Не мураска жетели,

Маңдайга бүткөн бала үчүн

Курган жан курман болуп кетели».

Ак сакалы суюлуп,

Эки көздөн аккан жаш

Акырек ылдый куюлуп,

Көөдөнгө батпайт көп санаа,

Көзүнүн жашы миң талаа.

«Ажал жетсе өлдүк - деп,

Айла болсо Манаска

Караан болуп бердик - деп,

Кара жанды аябай,

Капталынан кан Балтай

Качырып айза сунганы,

Ортосунда Жакып бай

Ойрон Манас уулу үчүн

Кыргындашып турганы.

Таалайы артык кайран шер,

Талкан кылып кытайды

Кырып жүрөт Манас эр.

Торучаар санга бир салып:

«Кан Манас» - деп, үн салып,

Ойноп-ойноп кеткенде

Он эки калмак тырайып,

Торучаар менен ойнотуп,

Жеткен жерин сойлотуп,

Ортосунда зор Манас

Опол-тоодой көрүнүп,

Канкордун каарына чыдабай,

Качып балбан бөлүнүп,

Как алдына келгендин

Качып аман кутулбай,

Агып каны төгүлүп,

Айкырыкка келгенде,

Арслан Манас көк жалдын

Шердик түрү көрүнүп,

Эңкейиште эр саят,

Эсеби жок кабылан

Так элүүсүн катар бир саят.

Калайманга киргенде

Каарланып бакырды,

Кара талдай калмакты

Кайра айдап сапырды,

Орто жерин Акбалтай,

Оюп алган кези экен,

Бир чекесин Жакып бай

Союп калган кези экен,

Калмак качып бириндеп,

Жайнап калган кези экен.

Жайнаганын кыргындап,

Баягы Манас көк жалың

Айдап алган кези экен.

Каарды катуу баштады,

Эр Дөңгөсүн баш кылып,

Келген колдун баарысын

Такыр кырып таштады.

Түзөңдүн баары чаң болду,

Колоттун баарын карасаң

Коркурап аккан кан болуп,

Балааны башка чалдырып, -

Эсенкандын балбаны

Жалгыз Манас канга алдырып,

Акбалтай бай, Жакып бай,

Атты олжо кылыптыр,

Олжого булар тунуптур.

Калмактардын баатыры

Кайран Жолой капыры

Калайманды бир салды;

Калмактардын Жолою

Чыландын жолун тозгону,

Калайманды бир салды,

Кызматкерин кыйратып,

Топурак-Сөксөөл жолунан,

Тозоку Жолой колунан,

Миң калаба бир салып,

Миң төөнүн чайын бир алды.

Каарды катуу баштады,

Жолоюнан бөлөктү

Жонокко кырып таштады.

Кечээ томуктай жерде тоо жок,

Тоңкоё кирер коо жок,

Буурсун чийген чийин жок,

Суур казган ийин жок,

Айдай сары талаада

Артык балбан эр Жолой

Он жайсаңын ээрчитип,

Ойрон Жолой баштыгы.

Маңдай жагын чалдырып,

Балбандарга кошумча

Миң төөдө чайын алдырып,

Балбандан булар бөлүнүп,

Жан аябай ич күйүп,

Өлүүчү түрү көрүнүп,

Түгөнгөн тоонун урчукта

Дүмүрөйгөн тумшукта

Оргуп туман бөлүнөт,

Опол-тоодой даңкайып,

Он эки жайсаң жанында

Ойрон Жолой көрүнөт.

Жайсаңдардын мыктуусу

Кайчы кулак Каман алп,

Жору куйрук Жоон алп,

Карачоюн балбаны

Он эки жайсаң ээрчитип,

Оройгон тоонун урчуктан

Кан Жолой чыга калганы.

Кыйладан Жолой эр ошол

Кызык болуп урушуп,

Кыргындашкан жер ошол,

Улугу бар, дөөсү бар,

Билгенге оор баркы бар,

Манасты байлап алууга

Кумар болгон каркыбар,

Он экидей жайсаңын,

Ар бириси балбандын -

Ары соргок, артык эр

Кыйрашып кызык сайышып,

Кыргын болчу ошол жер.

Эр экен Жолой бакырып,

Кайчы кулак Каман алп,

Каман алпын чакырып:

- Кызыталак Манас буруттан

Өч албай кантип өтөбүз,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.