АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Бир өлүшпөй Манаска

Тирүү кантип кетебиз,

Каарды катуу баштады,

Кайран Дөңгө эрендин

Балбаны менен тырайтып,

Такыр кырып таштады.

Калайман баштап, чыр салды,

Үйүң күйгөн бул бурут

Топурактын жонунда

Миң төөнүн чайын бир алды,

Кейишти кечээ баштады,

Менин кечилим тийсе колуна

Кежигесин кержейтип,

Ат кылып биттеп таштады.

Бул зордукту ким көргөн?

Кызыталак буруттан

Кыйланып Жолой эр көрдү.

Бээжин каны Эсенкан

Бет алып жолун чалдырса,

Бек ишенген Жолою

Кызыталак бурутка

Көп дүйнөсүн алдырды.

Өлүшпөй кантип тартабыз?

Баатыр болсо бурутка

Басып уруш салалы,

Бары-жокту кырдырып,

Кантип тирүү калалы.

Астындагы Ачбуудан

Канаттуу тулпар мал ошол,

Куйругу саяң, жалы бас,

Кутургурдун Ачбуудан

Куланды кууса куткарбас,

Салышкан жоого болгон маш.

Астындагы Ачбуудан

Ойку-кайкы бастырып,

Жайсаңдын жанын чыгарып,

Каарланып шаштырып,

Кайран Жолой канетет?

Капа болуп токтобой,

Атасы азыр өлгөндөй

Ач айкырык чуу салып,

Добулбасты бир салып,

Көк күбөнү жамынып,

Көрчү болсоң Жолой кан

Көк жолборстой чамынып,

Жолум үйдөй баштанып,

Түлөгөн жору каштанып,

Бөрүдөй көзү бөлүнүп,

Бөлүнүп өлгөн чочконун

Бөтөнчө сыны көрүнүп,

Мурду жалпак, жаргак көз,

Кабагы тайыз, заары күч,

Бул капырдан күдөр үз,

Кара калмак каны экен,

Сайыш менен чабышка

Башынан кадик жан экен.

Өзү жалпак, өңү саз,

Күрөш менен согушка

Эчак болгон эң бир маш,

Жетик Жолой чоң балбан,

Кайчы кулак Каман алп

Караан кылып айдаптыр,

Жору куйрук Жоон алп

Жолдошко бекем шайлаптыр.

Карааны балбан, заары күч

Катынын кара баскансып,

Энтеңдеген капырлар

Кутургур жайын көрүп ал.

Кул дүйнөсүн чачкансып,

Кутургур жайы мамындай

Куугуну жакын качкансып,

Энтелеңдеп эл баштап,

Чыңдап белин курчанып,

Чылгый балаа Жолойдун

Чыдай албай доңуздун

Чылгый ичи өрт жанып,

Чындап согуш салууга,

Чымырканып кан Жолой

Манаска чындап уруш салууга,

Үйүң күйгөн ал чочко

Үтүрөйүп алыптыр,

Чымындай жанын аябай

Чымырканып калыптыр.

Калайман салды бул канкор

Ушул Алтай жерине,

Кыргын салды кызыталак

Менин кара калмак элиме.

Мен Бээжинге кеткенде

Кайруу берген бир жан жок,

Кара калмак тыйылган,

Катылып келген балбаны

Бирөө калбай кырылган.

Бул кызыталак буруттун

Жүргөнүнөн чаң чыкты,

Добушунан жан чыкты,

Сынчы көзү кашайып,

Бул Алтайда туулган, -

Кызыталак бул бурут

Салмак болду чуулган.

Эсенкандын алдынан

Келдик эле көп аскер,

Кызыкты кыйын салдырып,

Кыйла түмөн, көп балбан

Бир бурутка алдырып,

Кан бетин кантип көрөйүн,

Чамам келсе чарпышып,

Бул кызыталак буруттун

Чабыш кылып көрөйүн» -

Деп, ошонтүп Жолой кан

Манастын канкор экенин

Көрүп алган кези экен,

Кайраты толук балбанды

Бөлүп алган кези экен.

Темингиси телпилдеп,

Аркасында айдары

Кол токмоктой селпилдеп,

Астындагы Ачбуудан

Олбуй-солбуй камчы турса

Баскан жери быркырап,

Чоң казандай даңканы

Төбөсүндө чыркырап.

Ирмегенде кара жер

Кат-катынан бөлүнүп,

Тутанып өлгөн бул аттын

Тулпарлык сыны көрүнүп.

Кара болот ооздук

Көмөкөйдө карсылдап

Жолум үйдөй чоң туяк

Шилтесе жерде тарсылдап,

Тегерегин карабай,

Теги жанын аябай,

Каарлуу Жолой баатырда

Сакал да жок, мурут жок,

Балбандыгы башкача,

Кан жыттанган Жолойдун

Баатырлыгы бир канча,

Өлчөөң кеткен бул Жолой

Өлтүрүп канга тойбогон

Жан кыйгычтын бирөө ошол,

Жалаңкычтын өзү ошол,

Кан ичип жүрүп катыккан,

Каары толук заары күч,

Бул капырдан күдөр үз,

Төбө чачы сүксөйүп,

Жеп ийчүдөй үксөйүп,

Качырган каман төштөнүп,

Алуучу аюу көздөнүп,

Көрсө көңүл бөлүнүп,

Айкырып сунган айзасы

Карагайдай көрүнүп,

Көргөндүн көөнү бөлүнүп,

Жолум үйдөй чоюн баш

Билекке орой чалынуу

Жолойду көрсөң көзүңдү ач

Болот жаак айбалта

Болжолу жок Жолойдун

Бул колунда чалынуу.

Жолойдун жайын сураба,

Дем алганда муруну,

Мурунунун таноосу

Сеңирлүү тоонун баткалдай,

Бир бетине чочконун

Он эки шибе, кырк манжуу

Ордо атышып жаткыдай.

Эки көздүн кычыгы

Боз адырмак кабактай.

Бир көзүнө карасаң

Бакалуу көл буткулдай,

Каарланган бул капыр

Жөн эле кармашканды жуткудай.

Кашы өрттөнгөн токойдой,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.