АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Калбайыңкы эрини

Жылкычы кийген чокойдой.

Өрттөнүп өлгөн бул Жолой

Эрдиги мыктуу, заары күч,

Мындан мурун кармашып,

Эчендерди кылган түз.

Кечээ Кап-Тоонун бери жээгинде,

Сазаңшаңдын элинде,

Күн чыкканда ошол журт

Талаага малча жайылган,

Күн кечкирип кетерде

Кай жерде ийин, кай жер чуңкур,

Жатарга боо камынган,

Ошонун каны Мадыкан,

Мамытбек менен эки кан

Сайышууга ыктанып,

Барган Жолой эмеспи,

Балакетти ал журтка

Салган Жолой эмеспи,

Алтымыш күнү урушуп

Калган Жолой эмеспи,

Көк букачан Мадыкан,

Боз качырчан Мамытбек

Экөөнү бирдей тең байлап

Алган Жолой эмеспи.

«Жолой балбан экен» - деп,

Атагы журтка билинген,

Эр Эсенкан баатырдын

Даңзасына чийилген.

Ошол Жолой балбандын

Мойнуна кытайча лумпу тактырган.

Буттап алтын кызыл зер

Эсенкандын казына

Зарп кылып чачтырып,

Казынага бактырган.

Эркелиги эң башка

Жолойдун жайын сураба,

Бээжинден чыккан көй кашка.

Урушууга сумсайып,

Бууруксунган Жолою

Буттай темир курчанып,

Булгары тердик, бурма бел

Бууруксунган эр Жолой

Астындагы Ачбуудан

Тозоңу тоодой буркурап,

Жекеге чыгып калыптыр,

Каарына капырдын

Жер майышып алыптыр.

Кол токмоктой кара чач

Аркасында селкилдеп,

Мунун темингиси телпилдеп,

Көк ала майдан таш кашат

Майданга чыга калды эми.

Кыраан Манас кабылан

Бет алып чукул барды эле.

Таалайы артык кайран шер,

Калканга кирди Манас шер,

Ач айкырык, куу сүрөөн

Чууга кирди Манас шер,

Айыкпай турган бир үлкөн

Дууга кирди Манас шер.

Аты Кызыр кырк чилтен

Айкөл эрдин жолдошу,

Кырк үйлүүдөн кырк бала

Кан Манастын болжошу,

Кокуй Манас эр менен

Жыйып алган жолдошу.

Ашы бирге жороолош,

Кою бирге короолош,

Өлүм орток ыймандаш,

Бу дүйнөдө жыйгандаш,

Сайышка кирсе айзалаш,

Олжо алса байдалаш,

Караан болуп кырк бала

Кырдан көрөт кызыкты.

Кыраан Манас көк жалың

Эр Жолойго кол салып,

Торучаар санга бир салып,

Сыр найзаны колго алып,

Чоңдугу тоодой Жолойго

Бет алышты кол салып,

Манас жакын калганда

Анда Жолой муну айтат:

«Атыңдын оозун бура тур,

Антаңдабай, сен бурут,

Алдыңкы жерге тура тур!

«Манас», «Манас» дегенде,

Өзүң он экиге келипсиң,

Барбактап кетет экенсиң,

Эрдигиң бар, эсиң жок,

Эчтеме менен ишиң жок,

Сууга салган чаначтай

Дардаңдап кетет экенсиң.

Бул Алтайда туулдуң

Киндигиң тийди буякка,

Сенин кишилигиң каякта?

Дегениме көн, Манас,

Буруттугуң чын болсо -

Кезегимди бер, Манас,

Атактуу Жолой эр элем,

Бала бурут кан эмес,

Он сегиз миң ааламды

Алган Жолой мен элем.

Жекелеше турушуп,

Жеке сайыш кылалык,

Баатырга сонун мырза иш

Жекелешип алалык».

Айтканына Жолойдун

Асыл Манас көндү эми,

Толукшуган Манас кан

Тоодой болгон кабылан

Дегенине көнгөнү,

Каалаганы - кезеги,

Кезегин Манас берди эми:

«Аябай айза сай, Жолой,

Аяп калсаң эгерде

Так энеңди алып кал, Жолой,

Бардык күчүң сал, Жолой,

Жыга сайып кал, Жолой,

Жыга албасаң, Жолоюм,

Жылмаң чалгын чалынат,

Байкагының, эр Жолой,

Башыңа Балтай чабылат.

Жыласты жылма баштадым,

Мына, Жолой, кебимди ук,

Балбаның кырып таштадым!

Кыйын болсоң ардыккын,

Кечүүңдү чалып жол кылдым,

Уккун ушул сөзүмдү

Сенин кечилиң биттеп кор кылдым.

Жылкыдан миндиң күлүктү,

Менин атам Каракан өлгөндө,

Калк чогулуп көмгөндө,

Олжолопсуң малымды,

Кыргын кылып барымды.

Сындырыпсың белимди,

Талкалап айдап ийипсиң,

Сугалак кыргыз элимди.

Эми желигип туулуп жетилдим,

Эми кечүүдөн чалам көчүңдү,

Келберсиген калмагым,

Эми аламын сенден өчүмдү!

Бет алып соём дөөңдү,

Чамам келсе талкалайм

Жолоюм, сенин мээңди.

Шымаланып чыгыпсың

Каканчынын шаарынан,

Кармап, союп жиберсем

Сенин каның сонун баарыдан.

Үч калайман бир салам,

Жылкың түгүл жылмайтып,

Уюңду тийип кошо алам.

Алтай, Оркой жериңди

Айланып, тооруп баспасам,

Манас болбой өлөйүн,

Сенин ордоңду бузуп чачпасам,

Белимди бекем буубасам,

Бет алышып турбасам,

Атаа, безилдеген бүрүгүм,

Сени Бээжинге чейин куубасам,

Төшүңө айза сунбасам,

Туубай туна чөгөйүн,

Сенин төрөңдү сайып жыкпасам!

Таштууңду кармап албасам,

Кызыл чоктуу эриңе

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.