АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Кыргынды кымбат салбасам!»
Айбаты катуу, заары күч
Арслан Манас күүлөндү:
«Атаа, үч таш тулга, бир очок
Чанач мурун, чоң соргок
Этеги жерге тийбеген,
Эгемдин жалгыз экенин
Эч убакта билбеген,
Эртең менен турбаган,
Кызыталак, бүрүк ит
Эзелки кирин жуубаган,
Андай-мындай дебеген,
Мууздап малын жебеген,
Ыламасын бир кылган
Малы арбын, башы жок
Бурканын кудай дей берген.
Жыйылган кара калмагың,
Каканчыдан Бээжиндин
Канынан буйрук алыпсың,
Калдай кара калмагың
Каарды катуу салыпсың.
Кезетиң ала койгун - деп,
Чамаң келсе, калмагым,
Эми мени соргун» - деп,
Торучаар оозун бурду эми:
«Кезетиң Жолой алгын - деп,
Кеңири күчүң салгын - деп,
Келберсиген чоң калмак,
Келегой кегиң алгын» - деп,
Кыймылдабай, былк этпей,
Кызыр чалган кабылан
Кылт этпей карап турду эле.
Ачбууданчан Жолой кан
Оңурайып барбайып,
Опол-тоодой дардайып,
Жетик эрдин бири экен,
Көрүп сынайт Манасты
Өзү сынчы кул экен.
Капырай, адамдан бөлөк сүрү бар,
Арсландай түрү бар,
Кара чаар кабылан
Канкор эрдин жолдошу -
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арслан
Алып салчу эмедей
Арслан эрдин жөкөрү
Арт жагынан чамынат,
Бир караса - миң киши:
«Калмакты карап алгын» -деп,
Аңдып турган эмедей
Аркасынан жабылат.
Бет алдына караса -
Арандай оозу ачылып,
Алып ийчү эмедей
Аңдып турат сур жолборс,
Ар мүчөсүн карасаң -
Арслан сыны көрүнөт,
Акыл айран, ич күйүп,
Жолойдун көөнү бөлүнөт,
Жан-жагына караса
Жанакы келген буруттун
Жалаңкыч сыны көрүнөт.
Ары балбан, ары шер,
Адамда болбойт мындай шер,
Билеги жоон, таш жүрөк
Бил мүчөлүү бадирек
Кайраты бийик, заары күч
Катылышкан адамды
Кыла турган жылма түз.
Үйдөй кара бөркү бар,
Ааламдын баарысын
Жеке кырчу эрки бар,
Астындагы Торучаар
Ирмегенден мал жетпейт.
Үстүндөгү канкорго
Алышкан менен ал жетпейт.
Бет алыша келгенде
Менденин көөнү бөлүнгөн,
Эки беттин ортосу
Ажыдаар түрү көрүнгөн,
Айбаты бийик шер экен,
Ааламдын баарысын
Кыргын салчу эр экен.
Билинбей жүрүп куу бурут
Бул Алтайда туулган,
Катылышкан адамга
Сала турган чуулган.
Бекер туулган шер эмес,
Бекер оңой уул эмес,
Көргөндө жүрөк зырпылдап,
Шер экени билинди,
Көрө салып эр Жолой
Манасты көрүп күйүндү,
Байкап туруп, Жолой эр
Өз жанынан түңүлдү.
Сунуп айза тартпастан,
Ажалдан кылча кайтпастан,
Ачбууданды бир салып,
Каарланып айза алып,
Кайра жаачу булуттай
Каары бетине айланып,
Төбө чачы үрпөйүп,
Кайран Жолой балбаны
Манаска айза сунганы,
Каруусу толуп капырга
Кезетин берип эр Манас
Былкылдабай турду эми.
Бет алып сайды эр Жолой,
Сырттан Манас кайран шер
Зың-зың этип кенебей,
Жолой балбан сайганын
Бучкагына теңебей.
Жолойдой балбан капыр жок,
Калмактардын Жолоюн
Жарты кылча көргөн жок,
Айкырып Жолой сайганда
Айзасы кетти быркырап,
Көк жал Манас берендин
Шерлик жайы билинди,
Астындагы Ачбуудан
Эр Жолойдун тулпары
Тизеден жерге орноду,
Мыктап сайса Манас кан
Бир кыйшак этип койбоду.
Калмактардын кан Жолой
Акыл ийлеп, ой ойлоп,
Кылайган арга калбады,
Кайран Жолой канкор эр
Качар жагын камдады:
«Кайрылса Манас жеди - деп,
Сайса бурут оң кылбайт,
Кызыталак бул бурут
Эгерде мени соо кылбайт,
Кызыталак канкордун,
Сайышып турган анткордун
Шердиги эчак билинген,
Туулбастан алты жыл
Каканчындын Бээжиндин
Бичигине чийилген.
Канкор бурут өзү экен,
Өзүм Жолой болгону,
Чиркин, Жолой атка конгону,
Мындай шерди көрбөдүм,
Балбан да элем, шер да элем,
Болбой калган экемин,
Ааламды буй кылган
Атактуу Жолой эр элем,
Оңбой калган экемин.
Каарлуу кайрат баары жок,
Баштакыдай чама жок,
Болбой калган экемин» -
Деп, ошентип, кан Жолой
Ыңкыр-дыңгыр кеп ойлоп,
Жолой минтип турганда
Жолборс, айкөл, кабылан
Оңтойлонуп чамынып,
Жолойго айза саюуга
Жолборсуң айкөл камынып,
Тегерегин карабай
Теңизиң айза сунду эле,
Тегеле жанын аябай.
Кыдырата карабай
Кыйкырып айза сунду эле,
Кылча жанын аябай.
Көк темирден тон кийип,
Көк чыбык айза колго алып,
Торучаар санга бир салып,
Айзаны оңдоп колго алып,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,