АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Көпкөрүнөө кайран эр
Көк жалдык сыны көрүнүп,
Жолойдон кезет алууга,
Ажал жетсе өлүүгө,
Жолой менен эр Манас
Бир мушташып көрүүгө,
Канкор Манас кан ичме
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумганча,
Берениң Манас бет алып,
Кан Жолойго жетти эле,
Жеткен жерде Жолойду
Канкордугу болбосо,
Кан Манастан башкасы
Кан Жолойго жолойбу?
Жолой кандай эме экен,
Эр Жолойго кол салган
Манас кандай шер экен?
Ач арслан төштөнүп,
Алгыр кыраан көздөнүп,
Айкырып Манас жетти эле,
Жеткен жерде Жолойду:
«Калмак ээрдин кашы - деп,
Как жүрөктүн башы» - деп,
Камбыл тууган капырың
Качырып айза сайды эми.
Калмак каны Жолойдун
Үзөңгүдөн бут тайып,
Ээрден арты кылтайып,
Эки өңүрү далбактап,
Кайран жандан түңүлдү,
Калмактардын Жолою
Эки көзү жайнады,
Кайран жандан түңүлүп,
Куюшканды кармады.
Чылгый ичи күйүндү,
Калмактардын Жолою
Чымындай жандан түңүлдү.
«Кайрылса бурут өлдүм - деп,
Он экиде буруттан
Ажалды артык көрдүм» - деп,
Эси кетип салактап,
Эс-акылын жыя албай
Эр Жолой турду алактап,
Айласы кетип бакырып,
«Мөндүлөп» ураан чакырып,
Кайрылып Манас келгиче
Калмактардын Жолою
Каман алпын чакырып,
Жору куйрук Жоон алп
Жоон алпын бакырып,
Алтымыш жайсаң, кырк дөөсү
Коргон болуп Жолойго
Тегеректеп жетти эле,
Жөлөп-таяп Жолойду
Оңолтуп жүрүп кетти эми.
Аркасынан чыр салып,
Ак арсландай суйсалып,
Берениң Манас бет алып,
Белгилүү жанын аябай
Балбандарга жетти эми.
Кайчы кулак Каман алп,
Жору куйрук Жоон алп,
Жолунда кыйын балбаны
Кабылан төрө, канкордун
Астынан чыга калганы.
Балбанды бузуп, жол салып,
Күрмө кийген балбандын
Күчтүүсүнө кол салып,
Маңдай-тескей турушуп,
Айзалашып көк жалдар
Бет алышып урушуп,
Мушташканда айзалар
Куурайдай сынып быркырап,
Айза учунан ак була
Калдактап учуп дыркырап,
Айзадан амал кеткенде,
Айбалта колго алышып,
Көз ирмебей көк жалдар
Муну менен салышып,
Айбалта сынып быркырап,
Тутам жери түк калбай
Такыр сынып чыркырап,
Кылычты колго алышып,
Кыя тарта салышып,
Кылыч сынып быркырап,
Кабы куру калды эми,
Катуу мүшкүл, чоң согуш
Кыргынды эске салды эми.
Чоңдугу тоодой алп менен
Кайран Манас канетсин
Бет алышып калды эми.
Каман алп менен Жоон алп
Балбандыгы башкача,
Үйүң күйгөн иттердин
Баатырдыгы бир канча.
Кан алдында турганда
Кезиккенди койбогон,
Бет алган аман калбаган,
Беттеп менде барбаган:
«Кылып иет окус» - деп,
Кынжы менен байлаган,
Балбан экен, эр экен
Баатыр Манас эр менен
Айкалышкан кези экен.
Капчыгайдын желиндей
Каарланып күркүрөп,
Аңги суунун селиндей
Жер солкулдап дүркүрөп,
Бет алыша калышып,
Манас менен бул алптар
Мендеден бөлөк салышып,
Кудай шер кылып жараткан
Манас эр кандай шер эле,
Манас менен беттешип
Жоон алп менен Каман алп
Экөө кандай эр эле?
Жакалашып тартышып,
Астындагы буудандар
Тизеден жерге батышып,
Тондун баарын тытышып,
Каршы-терши турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп,
Маңдайлашып турушуп,
Башкасынан айла жок
Чокмор менен урушуп,
Кайчы кулак Каман алп
Канкоруңа жетерде,
Көк жал Манас жетти эми,
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумганча
Кыраан Манас канкор шер
Торучаарга камчы уруп,
Токтолбостон жеткени,
Колунда болот чокморун
Сууруп алып өткөнү,
Каарланып бакырып
«Кыргыздап» ураан чакырып,
Канкор Манас шериңдин
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып сумсайып,
Каары бөлөк, заары күч
Кармашканды кылат түз.
Арсландай көз жайнап,
Арслан Манас көк жалдын
Кан ичмеси бек кармап,
Колунда болот чокморун
Далдап кармап имерип,
Жору куйрук Жоон алпын
Төбөгө салып жиберди.
Чокмор кетти быркырап,
Көк темирден туулга
Асманга учту дыркырап,
Жору куйрук Жоон алпың
Жаны чыкты чыркырап.
Кейитпей көк жал турбады,
Дүнүйө салып Жоон алп
Керигинен кулады,
Кытай кыйла, бул жалгыз
Кызыкты кымбат баштады,
Кырк жайсаң баштык Жоон алпын
Кыраан Манас кабылан
Кыргын кылып таштады.
Кызык уруш кылышып,
Кылчайбастан урушуп,
Күн мезгилин алган жок,
Күнүндө тынып калган жок.
Чыканактап уйку албай,