АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Чырм этип тынч албай

Чындап Манас урушуп,

Канкордугу билинди.

«Кан ичер көк жал экен» - деп,

Чоң атагы Манастын

Бээжиндин Эсенканынын

Даңзасына чийилди.

Кыргынды кызык баштады,

Эсенкандын элчисин,

Катуу сакчы жерчисин,

Койбой кырып таштады.

Мындай дүмөк ким билген,

Кырааның Манас барында

Кытайга салган чоң дүрбөөн.

Көргөндө болбойт эч арман,

Канкор Манас жомогу

Калмакка салган чоң жаңжал.

Өзү Алтайда туулган,

Он экиге келгенде

Ойронуң салды чуулган.

Кара калмак, манжуунун

Өзөнчөсүн өрттөдү,

Кочкуларын коройтту,

Баатырларын башкача

Койбой кырып соройтту.

Кара сууга кан куйду,

Тулаңдуу жерди тутантты,

Өзөнчөнү майлады,

Өчөшкөндү жайлады,

Белестен Манас толгонду,

«Манас келет» дегенде

Тилди билген балдары

Дым ыйлабай сооронду.

Катылган тирүү калган жок,

Каканга салды чоң дүмөк

Өлгөн менен арман жок,

Башта Манас жогунда

Кара калмак, ал манжуу

Кырк үйлүү кыргыз шордууга

Кызыкты мыктап салчу экен,

Ат менен сулуу кызынан

Жылында алым алчу экен,

Ал алымын бербесе

Билгендерин кылчу экен,

Кара калмак, манжуу журт

Койбой сабап урчу экен.

Кечээ Манас он экиге келгенде

Каарды катуу салыптыр,

Эсенкандын келгенин,

Зордук кыла бергенин

Кыргын кылды соройтуп,

Кыйласын союп торойтуп,

Кыргынды кызык баштады,

Кочку, Дөңгө чоң алпын

Койбой кырып таштады.

Каардуу катуу чыр салды,

Топурактын жонунан,

Тозоку Жолой колунан

Миң төөдө чайын бир алды,

Кесирди кенен баштады,

Кечилдерин кержейтип,

Кесирине тийгенди

Малча биттеп таштады.

Айдардуусун аймады,

Таш сайынган мыктуусун

Такыр кырып таштады.

Кан Манаска катылып,

Улугунан кан өлдү,

Канкор шерге катылып,

Кармашкандын баары өлдү.

Жору куйрук Жоон алп

Талкан болуп өлгөнү,

Балбандардын өлгөнүн

Кайчы кулак Каман алп

Жолой экөө көргөнү,

Көрүп алып эр Жолой

Каман алпка айтты кеп,

Ачбуудан оозун бурганы,

Каман алптын өзүнө

Арманын айтып турганы:

«Өзүм Жолой болгону,

Жолой атка конгону,

Кара калмак калк элем,

Каканчылуу Бээжиндин

Чоңдугу тоодой алп элем,

Кең өзөндүн карагай

Оргон Жолой мен элем,

Кез болгонду талкалап,

Соргон Жолой мен элем,

Жеке өзөнгө ээ болуп,

Конгон Жолой мен элем,

Кармашканды соо койбой,

Соргон Жолой мен элем,

Чынмачынга Каканга

Коргон Жолой мен элем,

Чоңдугум тоодой эр элем

Жолукканды жанчтаган

Жолборско чалыш эр элем,

Жолукканды мент кылган

Коргон Жолой мен элем.

Жоону бүгүн көргөнүм,

Чамам чарчап, ал кетип,

Кордукту бүгүн көргөнүм,

Атагым бар Бээжиндин

Аябаган дөөсү элем,

Беттешкенге барчу элем,

Эсенкан буйрук кылганын

Бет алып байлап алчу элем,

Чаар ат минген бурутту,

Бурут мени курутту,

Оң далымдын бети ооруйт

Ики, кокуй, катыгүн!

Баякы өпкөмдүн бир жак чети ооруйт.

Үү - деп, ийсем оозуман

Өжөк-өжөк кан кетти,

Ичим күйүп өрт болуп,

Жолоюңан жан кетти.

Ичи-тышым чок болду,

Эми жетип бир сайса

Тоодой Жолой жок болду.

Өзүм Жолой болгону,

Беттешкенди соргону,

Жети батман буудай жеп,

Дан жыттанган кул элем,

Жети миң дөө өлтүрүп,

Мен дагы кан жыттанган эр элем,

Сегиз батман буудай жеп,

Дан жыттанган уул элем,

Жеткен жерди көп сойгон

Мен дагы жин жыттанган эр элем.

Өлөргө Жолой аз калдым,

Кетериме так калдым,

Бүгүн өчөрүмө аз калдым,

Башым челек кан болду,

Бүткөн бойдун баарысы

Былкылдабай шал болду.

Жандан жаман түңүлдүм,

Буруттун Манас канкору,

Бузуку тууган анткору,

Жан коюучу жан эмес,

Бекер туулган бала эмес,

Ушул Манас чоңойсо

Каарды катуу салат бейм

Өрттөнүп өлгөн бул бурут

Капкайда кегин алат бейм,

Жолукканды жоготуп,

Курмандыкка чалат бейм,

Кагыша кетсек өлөрбүз,

Чынмачынды Каканчын

Өлбөй жүрсөк токтой тур,

Өрттөнүп кеткен буруттан

Иттей кордук көрөрбүз.

Жалындуу бузук көзү бар,

Беттешкен менде оң болбойт,

Кызыталак бурутка

Бет алган киши соо болбойт.

Бул чуулгандуу буруттун

Коюлган аты «Чоң Жинди»,

Үйүң күйгөн буруттун

Бул амалын ким билди?

Сынчы менен мен келбей,

Жакыптын уулун бир көрбөй,

Капыя калган экемин,

Баласын мурун бир көрбөй

Сокур болгон экемин.

Өзүм Жолой болгону,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.