АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Жолой атка конгону,
Мындай балаа көрбөдүм.
Өз дүйнөнү чачалы,
Жолуң каткан балага
Жолобостон качалы.
Беттешип менде жеңеби,
Кызыталак канкорго
Теңелген үйүн көрөбү?
Канкор экен, шер экен,
Он эки мүчө тең экен,
Ушул Манас чоңойсо
Буланы бузуп албайбы,
Бузукту катуу салбайбы,
Аман турса Бээжиндин
Кандыгын тартып албайбы!
Бейпай салат куу башка
Өзүм Жолой болгону,
Жолой атка конгону,
Ачбууданды мингени,
Айкырып жоого тийгени,
Жолуккандын баарына
Жоболоңду салчу элем,
Кезиккенди талкалап,
Кейитип байлап алчу элем.
Өзүм Жолой болгону,
Бул буруттун колунан
Өлүп кала таштадым,
Эрбеңдеген эки кол
Өйдө болбой шал болду,
Челектей болгон кайран баш
Жарылып кара кан болду.
Кабыргам кетти быркырап,
Чымындай жаным чыркырап,
Омурткамдын кошмосу
Бул бурут айза сайганда
Бөлөк-бөлөк бөлүндү,
Кызыталак буруттун
Капырай кыйындык жайы көрүндү.
Көз жумулуп өлбөдүм,
Кан Жолой атка конгону
Каардуу мындай көрбөдүм.
Кайраты мыктуу, заары күч
Канчаларды кылды түз,
Кармаша турган жоо эмес
Бул буруттан күдөр үз.
Оң таптырчу уул эмес,
Оңой кылчу кул эмес,
Каарды катуу баштады,
Баатырсынган Дөңгөнү
Такыр кырып таштады.
Балбан да экен, шер да экен,
Кызыталак бул канкор
Артык балбан эр да экен,
Дүмөктү чууга баштады,
Караан кылган балбанды
Такыр кырып таштады,
Акылы айран бөлүндү,
Айбатынан жан чыгып,
Үйүң күйгөн бул бурут
Жалаңкыч сыны көрүндү.
Алпым да бар, дөөм да бар
Бет алып айза сайбады,
Каары күчтүү буруттан
Бет алган тирүү калбады.
Оңой бурут уулу эмес,
Бет алышкан мендени
Оң таптырчу кул эмес,
Узун бойлуу, кең далы,
Ары балбан, ары шер
Жолум үйдөй бөркү бар,
Жолуккандын баарысын
Жөн эле кыйратып ийчү эрки бар,
Ок өтпөгөн тону бар,
Ок жетпеген аты бар,
Ак жолборстой сүрү бар,
Ааламдын баарысын
Ала турган түрү бар,
Көк жолборстой чамынып,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Алтайда бурут туулган,
Кытай эмес кылымга
Сала турган чуулган.
Телегейи тең экен,
Ичин карап отурсак
Жер жүзүнөн кең экен,
Өлчөөсүн көрүп байкасам
Шай колдогон шер экен.
Сыягы суук Манаска
Менде азарын салабы?
Кызыталак канкорго
Бет алган тирүү калабы?»
Көбү жалган, көбү чын,
Көрүнөө кудай билбесе
Көрүп келген киши жок,
Жарымы төгүн, жарымы чын,
Жараткан өзү билбесе
Жанынан келген киши жок.
Зайыппуруш шерлерди
Жомок кылдык эрмекке,
Илгерки кеткен шерлердин
Жосунун айтып бермекке.
Калмактардын кан Жолой
Башын чайкап күйүнүп:
«Кармаса кыргын салат» - деп,
Кайран жандан түңүлүп:
«Сары жаргак шым кийген
Жакыптын уулу Манастын
Зарларлык сыны көрүнөт,
Жазганбай жоону кыйратчу
Балбандык сыны көрүнөт,
Ааламды талкандай
Салчу сыны көрүнөт,
Экөөбүз турмак Каман алп
Какайлатып Бээжинди
Алчу сыны көрүнөт.
Кырк чилтен жолдош шер экен,
Кытай турмак Кырымды
Кызыгып тийсең жинине
Кыйратып ийчү шер экен,
Адамдан мындай болобу?
Салмакташып, беттешип
Муну менен сайышкан адам оңобу?
Мындай карап отурса
Бир адам болуп табылат,
Айкырып айза сунганда
Миң киши болуп жабылат.
Беттешсек бу кан төгүлөт,
Кызыталак бул канкор
Мендеден бөлөк көрүнөт,
Оңой бурут жоо эмес,
Шай колдогон шер экен,
Кез болгонду кулатып,
Тебелеп кетер эме экен.
Кызыталак канкорду
Бул Алтайдын ичинде
Көрүмбөй тууган анткорду,
Кырк чилтен экен жолдошу,
Чилтендин бирөө сур жолборс
Асты жагын баштаптыр,
Эң астында беш адам
Белгилүү жолун чалыптыр,
Кара чаар кабылан
Капталында чамынып,
Жолун баштап алыптыр.
Алп кара куш зымырык
Азыр илип кетчүдөй,
Азыр түпкө жетчүдөй,
Асмандан арбайтып бутун салыптыр.
Көк жал Манас кабылан
Алтымыш кулач кара мар
Жыландын чоңу ажыдаар
Арт жагынан ышкырып,
Жолдош болуп калыптыр.
Капчалдай оозу ачылып
Леп тартып ийчү эмедей
Оозунан өртү чачылып,
Сойлоп жүрүп калыптыр.
Мендеден бөлөк түрү бар,
Каптал жагым Каканчын,
Улуңту Дыңша, Бакбурчун
Ушуларды талкалап,
Алчу түрү бар экен,
Чынмачынга кыргынды
Салчу түрү бар экен.
Өлбөй-житпей бул жерден
Өз дүйнөнү чачалы,
Карыкан көздөй качалы,
Кызыталак бул бурут
Чалышсак чама түк келбейт,