АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Чабышсак моюн түк бербейт.
Чарпыша кетсек кокустан
Кокуйду башка салбасын,
Койбой кармап албасын
Койдой башты кеспесин,
Курсакты бээдей жарбасын,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарбасын.
Тыйпыл кылып талкалап
Таза кырып салбасын» -
Деп, ошонтүп эр Жолой
Каарланып чамынып,
Качарына камынып,
Боконо сөөгү болкулдап,
Боктуу ичеги солкулдап,
Чыны менен күйүнүп,
Капырдын Жолой балбаны
Акыл ийлеп, ой ойлоп,
Кайран Жолой качты эми,
Түгөнгөн тоонун урчуктан,
Дүмүрөйгөн тумшуктан,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Опол-тоодой көрүнүп,
Астындагы Торучаар
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Торучаар оозун буруптур,
Кырма темир сыр найза
Кыйкырык салып сунуптур.
Каарланып бет алып,
Качып берген Жолойго
Канкор шер айза көтөрүп,
Астындагы Торучаар
Сопол куйрук, сом туяк,
Темир туяк, жез билек
Чуу укканда бөлүнүп,
Тулпарлык сыны көрүнүп,
Ирмегенде кара жер
Кат-катынан бөлүнүп,
Чуркаганда тулпарың
Буудандык сыны көрүнүп,
Арандай ооз ачылып,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроодо чачылып,
Басып өткөн кара таш
Талкан болуп быркырап,
Жолум үйдөй дыркырап,
Жолборс Манас көк жалдын
Төбөсүндө дыркырап,
Баарыдан тулпар Торучаар
Башын жерге салыптыр,
Арбытып арыш алыптыр.
Эти кызып ээлигип,
Кайыктай кулак жапырып,
Куюндай жерди сапырып,
Койбой чуркап арыштап,
Тулпарлык сыны көрүнүп,
Булчуң эти карасаң
Жолум үйдөй көрүнүп,
Коёндой жону түзөлүп,
Арандай оозу ачылып,
Бүрүшүп кеткен туягы
Жолум үйдөй ачылып,
Тозоңун тоодой чубалтып,
Калмактардын Жолоюн
Түгөнгөн тоонун урчугу,
Түмпүйгөн тоонун тумшугу -
Айры белес тайпаңды
Айкөл Манас кабылан
Алты айланта кууду эле,
Жетим кайкаң дөбөчө
Жеткилең айкөл Манас кан
Жети айланта кууду эми.
Түз адырмак кайкаңга
Манас кетип баратат,
Адыр-күдүр чыбырда
Жолой качып баратат,
Будурмакты айланып,
Буткулга салып кубалап,
Эңкейишке киргенде
Чоң Жолойдун Ачбуудан
Эликтей колу сайылып,
Өр таяна бергенде
Канкоруңдун Торучаар
Жал-куйругу жайылып,
Будур жерге келгенде
Эр Жолойдун Ачбуудан
Букадай мойну булкулдап,
Бурулушка келгенде
Буудан экен Торучаар
Бугудай көзү жылтылдап,
Айдай сары талаанын
Атактуу Жолой кыраакы
Алкымына салды эле,
Сары изине чөп салып,
Заманасын кетирип,
Манас саргарта кууп алды эми.
Томуктай жерде тоо жок,
Томпоюп кирер коо жок,
Кытайлар Дыңша дээр экен,
Кырк күнчүлүк чөл экен.
Чып этим жерде суу жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Ошол чөлдү этектеп,
Ашып Жолой баратат.
Алапайын таба албай,
Аманат жандан түңүлүп,
Качып Жолой баратат:
«Жетсе канкор жеди», - деп,
Жерге кирген чоң Жолой
Жетик жандан түңүлдү.
Кабагы карыш тырышып,
Каарланып күпүлдөп,
Кайран Жолой канетсин
Ачбуудан менен урушуп:
«Канаттуу тулпар мал элең,
Каргыш тийди саа - деп,
Жетсе канкор оң кылбайт,
Ажал жетти маа» - деп,
Капырлардын Жолою
Жеткилең кыйын шум экен.
Чоң зыйкырчы, жадыкөй
Өзү жайчы кул экен.
Жер бөлүнүп закымдап,
Торучаары курусун,
Жолойдун Ачбууданга
Жетмек болду жакындап,
Астындагы Жолойго
Күүлөндү Манас баркылдап:
«Кызыталак Жолой кул,
Качып отур көрөйүн,
Сенин каныңды суудай төгөйүн,
Кайра тарткын эр болсоң,
Кармалашып көрөйүн!
Этеги карыш тилик ит,
Эс билбеген чирик ит!
Минтип качып отурсаң
Аңгекке кууп тыкпасам,
Азапты артык кылбасам,
Бээжинге чейин куубасам,
Каарды катуу салбасам,
Кылычтап башың албасам,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Кара калмак качпагын
Кармалашып көрөйүн.
Минтип качып отурсаң
Качканың менен койбоймун,
Каарыма кабылдың
Каргыш болуп торгоймун,
Эми жетсем оң кылбайм.
«Алыша албай өлдүм», - деп,
Армандуу болуп каласың,
Каарды катуу көрөсүң,
Катынча качып өлөсүң!
Жетчү болсом калмак саа
Кызыкты кыйын саламын,
Барбаңдаган кайырдин
Жетчү болсом өзүңө
Кылычтап башың аламын!
Кытайга тууган кыргынмын,
Кызыкты кымбат саламын,
Кыйла атамды өлтүрдүң,
Ошонун өчүн аламын!
Өзөндүү булак чоң Алтай
Ошону өрдөтө салар малым жок,
Өзүң тийип чыр кылдың,
Өлөрман кытай, коё тур,
Өлүмдөн аяр жаным жок.
Каарым келди какайдым,
Катуу тийдиң жиниме,